ТҮШ КӨРҮҮНҮН СЫРЛАРЫ

Айрым бир убакта сонун түш көрүп жатсаң кычап бирөө ойготуп жиберет, же ойготкуч шыңгырайт. Ал эми кээде коркунучтуу түш көргөндө "бирөө ойготуп жиберсе" дейсиң. Түш жашоодо бизге биринчи эмнелерге көңүл буруу керек экендигин кабарлап турарын көбү биле бербейт.

ТҮШ ТУУРАЛУУ КЫЗЫКТАР

  • Илимий фактыларга таянсак, жаш өткөн сайын түштүн да түзүлүшү өзгөрөт.
  • Адамдардын көбү ойгонгондон 15 мүнөт өтпөй түшүнүн 75 пайызын унутуп коёт.
  • Адам төрөлгөнгө чейин түйүлдүк кезинде деле түш көрөт. Болгону ал чоңдордун түшүнөн кыйла айырмаланып турат.
  • Мырзалар түшүндө эркектерди көп түш көрсө, айымдар экөөнүн образдарын алмак-салмак көрөт.
  • Жаныбарлар дагы түш көрүшөт. Атүгүл эмоцияларды да өзү аркылуу өткөрүшкөнү окумуштуулар тарабынан далилденген.
  • Түшүбүздөгү бейтааныш адамдарды жашообузда кезиктиргенбиз. Алардын жүзүн биз унутуп калганыбыз менен, мээ өзүнүн "дискине" жаздырып алган.
  • Көп илимий ачылыштар түштөгү аяндын аркасында болгон. Анткени ошол учурда мээ маалыматтарды башкача синтездейт. Эскерте кетсек, Д.Менделеев химиялык таблицаны аяндын аркасында түзгөн.

ТҮШТӨГҮ ТҮСТӨР

Кээ бир адамдар "түстүү түш көргөм" дешсе, башкалары "ак-кара өңдөгү түштөр кирет" деп ишенимдүү айта алышат. Ар кандай өңдөгү түштөрдүн кириши адамдын мүнөзүнөн кабар берет. Изилдөөлөргө таянсак, адамдар түстүү түштөргө караганда ак-кара өңдөгүсүн көбүрөөк көрүшөрү белгилүү болгон. Төмөндөгү суроолорду өзүңүзгө көп жолу бергендирсиз. Эмесе, аларга бирге жооп издеп көрөлү.

1. ЭМНЕГЕ ТАПТАКЫР ТҮШ КӨРБӨЙМ?

Адамдар күн сайын түш көрөт. Бул нерсе бир түндө бир эмес, бир нече жолу кайталангандыктан аны киши унутуп калат. Психоаналитик Зигмунд Фрейддин айтымында, түш биздин аң-сезимибизде катылган ой-тилегибиз. Эмне үчүн кээ бир адамдар түштөрүн эстеп калат деген суроо жаралбай койбойт. Анткени ошол түштөр адамдын түпкү сезиминде катылган маалыматка окшош. Ошол үчүн киши көргөн түшүн эстеп калат.

2. ЭМНЕГЕ КҮН САЙЫН ТҮШ КӨРӨМ?

Анткени адам аны жаттап калды. Демек, таасирдүү картинаны көргөнсүз. Эгер уйку 8 саатка созулса, 90 мүнөт түш көрөбүз. Адамдын мээси компьютерден да кыйын экенин ушундан билиңиз, ал аң-сезимге таянып түшүбүздүн сюжетин түзүп чыгат. Маанайыңызга жараша ал сюжет түркүн эмоцияларга боёлот.

3. ЭМНЕГЕ КЭЭ БИРӨӨЛӨР ТҮСТҮҮ, БАШКАСЫ АК-КАРА ӨҢДӨГҮ ОБРАЗДАРДЫ КӨРҮШӨТ?

Ак-кара өңдөгү образдар өзүн-өзү таанууга жардам берет. Бул түш болуп жаткан нерселерге туура ой жүгүртүп жатканыңызды билдирет. Мындай түштү көргөн адамдардын ой чабыты кенен келип, түшүндө да ойлонуп иш кылып жаткан болушат.
Ал эми түстүү түштөр чыгармачыл инсандарга көп кирет. Мындай кишилер түш көргөндө бардык нерсени өзү аркылуу өткөрүп, атүгүл ал жакта көргөн адамдардын кийиминин түсүнө чейин жаттап калышат. Түркүн түстө түш көргөндөр образдарына таасирленип жашашат.

4. ЭМНЕ ҮЧҮН КОРКУНУЧТУУ ТҮШТӨР КИРЕТ?

Мындай түштөрдү көбүнчө куш уйку учурунда көрөбүз. Окумуштуулардын бул туурасында так далилдөөлөрү жок. Болжолдуу маалыматка таянсак, коркунучтуу түштөрдүн себептери төмөнкүлөрдүн бири болушу мүмкүн.

  • Тынчсыздануу;
  • Мээге негативдүү маалыматтын чогулушу;
  • Психологиялык жактан жабыр тартуу.

5. ЭМНЕГЕ АДАМ ТҮШҮНДӨ ЖӨӨЛҮЙТ?

Кээ бир адамдар уктап жатып сүйлөп, бирөө менен урушуп, күлүп, атүгүл көзүнөн жаш чыгып ыйлайт. Кээ бирөө оозун ачып уктагандыктан ооз көңдөйү кургап кетет. Аны нымдаш үчүн чалпылдаган үн чыгарат. Көп учурда наристелер эмчек сүтүн эмип жаткандай оозун кыбыратышат. Ал убакта түшүнө упчу же эненин сүтү кирип жаткан болот. Ал эми чоңдордо бул көрүнүш генетикалык эс-тутумдун аркасында жүрөт. Ошондо чоңдор образ аркылуу бала кезине кайтып барышат. Айрым адамдар түшүндө онтойт. Буга эки нерсе себеп болушу мүмкүн:

  • Алдыда бир жамандык болору жөнүндө эскертүү;
  • Кычкылтектин жетишпестиги же жүрөк оорулары.

Биринчи пунктка ишенесизби же ишенбейсизби өз эркиңиз. Бирок түш көрүп жатып көп онтосоңуз врачка көрүнүшүңүз зарыл.
Түшүндө көп сүйлөнгөндөр көп учурда холериктер болушат. Негизи адамдардын басымдуу бөлүгү өңүндө айткан сөздөрүн түшүндө кайталайт. Бирок бардык учурда эле мындай боло бербейт. Ал көрүп жаткан образын үн чыгарып сүрөттөп жибериши да мүмкүн. Ошондой эле буга стресс, дары-дармектер, уйкунун канбай калышы, баңгизаттарын пайдалануу себеп болушу мүмкүн.

Күндүзгү иш күнүңүз канчалык оор болсо да жакшы нерселерди ойлоп уктаңыз. Анткени тынч уйку ден соолуктун кепили болсо, позитивдүү түш эртеңки күнгө мотивация берет.

ТҮШ КӨРҮП ЖАТКАНДА ШИЛЕКЕЙДИН КӨП БӨЛҮНҮП ЧЫГЫШЫНЫН СЕБЕБИ ЭМНЕ?

Кээде адам уйкудан ойгонгондо жаздыкка шилекейи чууруп калганын байкайт. Мунун бир нече себептери болушу ыктымал.

  • Физиологиялык өзгөчөлүк: Адам таттуу уйкуга кеткенде бүт денеси, анын ичинде жаагы да бошоңдойт. Анын үстүнө бир жак тарапка кыйшайып жатуу дагы шилекейдин эркин агып чыгуусуна себепчи болот. Мындай көрүнүштөн сиз чалкалап жатуу менен гана арыла аласыз.
  • Мурундун бүтүшү: Мындай учурда дем алуу кыйындап, адам оозу менен дем алып калат. Бул нерсе өз кезегинде шилекейдин талаптагыдан көп бөлүнүп чыгуусуна алып келет.
  • Ооз көңдөйүндөгү инфекция: Тиштеги көйгөйлөр да шилекейди көп бөлүп чыгарат. Андыктан тиш доктурга бир барып койсоңуз ашыкча болбойт.
  • Ашказан, ичеги оорулары: Мындай оорулар ашказандагы кычкылдыкты көбөйтүп жиберет. Анын аркасында уктап жатып шилекей чууруп агат.
  • Нерв системинин бузулушу: Бул көрүнүш дары-дармектерди көп пайдалануудан жана уйкунун толук канбай калышынан улам болот. Мындай учурда ак халатчандын текшерүүсүнөн өтүп коюу ашыкча болбойт.
  • Баңгизаттарды пайдалануу: Бул зыяндуу адат да ашыкча шилекейдин бөлүнүп чыгышын шарттайт.

Жазгүл Кенжеева
kenesh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (52)
Nukeww
2016-10-17 20:33:26
түшүндо канаты жок учуп журсо,кантип чечмелейт..ким билееет??
+2
okean
2017-03-14 17:43:10
Nukeww,Учса жакшы болот,коп нерселерге жетишет экенс буйруса анан куноосу аз адамдар да учат
0
liitle_princess95
2016-10-17 23:04:38
Мен да түстүү түш көрөм дайыма. Эстеп да калам ким кандай түстө кийнгенин
+1
leilekstan_1987
2016-10-17 23:29:16
Мен тушумдо только согуном. Аялым чаап ойготот согунбой жатын деп.))))
0
ainura220888
2016-10-18 01:07:07
Мен онтойм кайненам бирде олуп атат окшойт деп аябай коркуптур)))) озум билем кырылдап онтогонуму бирок ойгоно албай кыйналам. Тушту ар турдуу кором.
+2
Aiboy0993
2016-10-18 04:28:53
Сонун экен макала
0
Aiboy0993
2016-10-18 04:31:01
Ээх тушко эмне гана кирбейт тушундогу тушту корсон бир жерден коргондой болосун бирок таппай каласын
+4
Aina77
2016-10-18 11:54:34
Мен тушумо дайыма отмушумду коро берем артка кайрып алгыс балалыгым.
0
airus879015
2016-10-18 12:06:47
Тушундо учуп качып журсо эмне болот буну кандай жооруса болот. Мен тушумдо коп учамын.
+1
Nukeww
2016-10-18 14:21:56
airus879015,мен дагы качып канатсыз эле учуп журомун тушумдо. кантип жооруганды билбейм
0
ozgeldi
2016-10-18 19:17:30
Nukeww,кытайдын кинолорун азыраак корун..коруп жатып мен да учсам деп катту ойлонуп койгонсуз.рл
+2
Nukeww
2016-10-18 19:27:13
ozgeldi,ахахах анткен деле эмес болчумун вроде
+1
Komrad
2016-10-21 18:55:22
Nukeww, менимче жүрөктүн жакшы иштеши, баары жайында болгону болуш керек. Жаш кезде көп уччумун. азыр кээде учуп калам.
+1
luntishka
2016-10-18 14:56:24
Кзык экен
-1
Birimdik5555
2016-10-18 19:18:23
Оозун ачып уктагандан кантип кутулам,тамагым кургап калат
0
Arslan12
2016-10-18 19:27:08
Мен коп секс туш кором.
-1
Nukeww
2016-10-19 02:02:20
Arslan12,астагфирАллах..
-1
aianaaiana
2016-10-19 04:01:47
Көзү ачык уктагандар жөнүндө да маалымат бергилечи мен досум сүйлөшүп отургам сүйлөй бериптирмин карасам көзү ачык суроо берип күтүп жаткам жообун карасам коңурук тартып жөнөдү бирок көзү ачык
0
elmurat.kg
2016-10-19 18:20:13
кана эде тушторумду суротко тарта алсам, Анда суйгон Кызым менен тушкон суротторум кооп болотле эхх
+1
AF0189
2016-10-19 22:40:26
Тушундо тиши тушуп калса эмне болот admin_media маалымат берип койосуздарбы
0
jama9210
2016-10-20 02:29:42
AF0189,тушунуздо тишиниз тушуп калса жакындарыныз кырсыкташы мумкун. Мен бир жолу тушумдо тишим тушуп калган эле эртеси апама айтсам койчу ага конул бурба деген коп отпой аталаш инимден айрылгам
0
nazira1989
2016-10-22 23:45:08
jama9210,мен да ушундай болдум,тушумдо устунку жаактагы тиштерим тушуп калыптыр...Атамдан айрылып калдым...((((((Тушко деле маани бериш керек экен,конул болбой койгон элем...((((
0
Santana
2016-11-29 14:43:16
jama9210,тушту жакшыга жоруйт.туш кандай жоруса ошондой болот дешет го..
0
paula.90
2016-10-22 23:56:14
AF0189,түштүн мойну кылдай каяка бурсаң ошол жака кетет экен, ошон үчүн дайым жакшы жака буруп койсоңуз жакшы болот, мисалы тиш түшсө жамандыктар үшуну менен түшүп кетсин деп, Чубак Ажыдан уккандан бери ошентип которуп коем.
+1
Aida001
2016-10-19 23:37:52
Кызыктуу маалымматтар бар экен.Чынында кимдир бироону же бирдемени коп ойлосон да тушуно кирет.Менде ушундай абал коп кездешет.
+1
№ 728, 14-октябрь-20-октябрь, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан