Жакындан бери угармандардын купулуна толуп, мукам үнү менен сүймөнчүлүккө татый баштаган “21 кылым” радиосунун жаш ди-джейи Канат Кадыров менен тааныштырабыз.
Кадыров Канат 1987-жылы 2-сентябрда Нарын шаарында төрөлүп-өскөн. Учурда БГУнун журналистика бөлүмүндө 2-курста окуйт. Ди-джейлик өнөрдөн башка, ырчылыкты колго алып, “Кечир мени”, “Айтчы ачык сырыңды”, “Ардагым” аттуу ырлары менен да сахнага чыгып келүүдө.
– Канат, алгач сөздү “21-кылым” радиосуна, дегеле радиого кантип келип калганың тууралуу баштасаң?
– Жакшы болот. Мен 9-классымдан баштап Нарындагы «Алмаз-Нарын» радиосунда ди-джей болуп иштеп калгам. Буга кичине кезимден радиодо алпаруучу болгум келгени себепкер болгон. Аталган радиого кастинг аркылуу ди-джейлерди тандап жатышыптыр деп барып, үнүм жагып калып иштеп калгам. Кийин шаарга окууга тапшырганы келгенде “21-кылым” радиосунун продюсери Тынчтыкбек Кожобековго келип ди-джей болгум келээрин, өзүм мурда радиодо иштегенимди айттым. Тынчтык байкеге жактым окшойт, мени сынап көрүп, иштөөнү сунуш кылган.
– Эфирде туура эмес сүйлөп алып, ыңгайсыз абалда калган учурларың болобу?
– Ой, андай учурлар көп эле кездешет. Бир жолу «Музыкалык белек» берүүсүндө кыздын атын эфирден тааныштырып туруп, кайра “Саламатсызбы, сулуу кыз. Атыңыз ким болот?» деп алып кызыктай абалда калгам. Кээде туура эмес ыр коюп алган, угармандардын аттарын туура эмес айтып алган учурларым да болгон.– Угарман кыздарың телефон чалып, тийишкенде кандай мамиле жасайсың?
– Алардын баарына жылуу мамиле жасайм. Жумушка телефон чалып алышып:“Канат, сиздин үнүңүз жагып калды. Сизди сүйүп калдым” дешет. “Мени көрбөй туруп кантип сүйүп каласыз? Дос бололу” деп акырын эле айтам. Мындай тааныш кыздарым көп. Кээси кеңеш сураганы чалышат.
– Сенин үнүңдү жакындан бери “Миң кыял FM” радиосунан да угуп калдык. Демек, сен эки радиодо иштеп жатасыңбы?
– Учурда “Миң кыял FM” радиосунун да жетекчиси Тынчтыкбек байке. Бул радиого ди-джей керек болгондуктан ал жакта да иштеп жатам. Бирок, эки радионун кайсынысында биротоло иштеп калаарымды убакыт өзү көрсөтөөр.
– Канат, сенин ырдаарыңды да угармандарың билсе керек. Буга ким түрткү болгон?
– Негизи, көп эле тааныштарым үнүң жакшы деп айтып калышат. Ошондуктанбы, айтор, ырдасам кандай болот деп ойлончу элем. Анан Акбар Сүйүнбаев байкенин сунушу жана жакшы тааныштардын кеңеши боюнча төрт айдан бери сахнага ырдап чыгып келем.
– Үйбүлөң тууралуу айта кетсең.
– Жети бир туугандын эң кичүүсүмүн. Атам Нарын мамлекеттик университетинде мугалим. Апам болсо бала бакчада тарбиячы. Апам менин берүүлөрүмдү калтырбай угат. Туура эмес сүйлөп алганым болсо берүү бүткөндөн кийин эскертип турат.
– Канат,жүрөгүңдүн ээси барбы?
– 6-класста Эленура деген кызды жактырып калгам. Азыр ойлонуп көрсөм ал балалык сүйүү экен. Учурда жүрөгүм бош.
Маектешкен Бактыгүл Абдыкадырова