Жакында эле интернет булактарына жайылган кичинекей балдардын бири-бирин канжалата урушуп жаткан видеосу чуу жаратты. Анда мушташып жаткан балдардын айланасындагылар ажыратуунун ордуна кайраштырып жатышканын көрүүгө болот. Ал эми Грозный шаарында болгон эрежесиз уруш боюнча 12 жашка чейинки балдардын беттеши спорт коомчулугун экиге бөлгөнгө чейин барды.
ЧУУЛГАНДУУ ВИДЕО ӨЗГӨНДӨ ТАРТЫЛГАН
Интернетке тараган видеодон эки кичинекей бала канга боёлгончо мушташып жатканын көрүүгө болот. Бул окуя чоңдордун коштоосунда, атүгүл алардын "ур, сок!" деген сөздөрү менен улантканы көңүл айнытат. Алар эки бала ыйлап жатканына карабай арачалап коюшкан эмес. Бул видео Өзгөндө тартылгандыгы бир нече күндөн кийин билинди. Ош облусунун Ички иштер башкармалыгы билдиргендей мушташкан балдардын аталары кармалып, суракка алынган. "Видеодо 2009-жылы жана 2010-жылы туулган эки кичинекей баланын чыдамкайлуулугун текшерүү максатында мушташтырып, аны видеого түшүрүшкөндүгүн айтышкан. Учурда окуянын күбөлөрү суракка алынышууда", - дейт Ош облусунун Ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Жеңиш Ашырбаев.
КООМЧУЛУКТУ ЭКИГЕ БӨЛГӨН ГРОЗНЫЙДАГЫ МЕЛДЕШ 9-октябрь күнү Орусиянын Грозный шаарында эрежесиз уруш боюнча Гран-при «Ахмат» мелдеши болуп өттү. Бул мелдештин башка мелдештерден эч кандай айырмасы деле болмок эмес. Эгер Чечен Республикасынын башчысы Рамзан Кадыровдун балдары октагонго чыкпаса... Сегиз бурчтукта 10 жаштагы Ахмад атаандашын нокаутка учуратты. Ошондой эле 12 жашка чейинкилер арасында Эли жана Адам Кадыровдор атаандаштарын упайлар эсебинде жеңишкен. Мындай жашы жете элек балдардын эрежесиз урушка чыгышы канчалык деңгээлде туура деген суроо туулат. Беттештерди залдагы көрүүчүлөр кол чабуу менен коштошсо, Орусиянын федералдык спорт каналы түз эфирден көрсөттү.
Буга дароо Орусиянын бириккен ММА уюмунун президенти Фёдор Емельяненко үн катты: "Чоңдордун кол чабуусу астында жашы жете элек балдар бири-бирин нокаутка учуратып жатты. Аларды бул жашында мелдешке чыгуусун кой, көрүүсүнө тыюу салынат. Сегиз бурчтукта 10 жаштагы балдар профессионал спортчулардын эрежеси менен беттешкени туура эмес!" Буга Рамзан Кадыров бул беттештер көргөзмө мелдеш болгондугун белгилеп, ырайымсыздыкка жол берилген эместигин билдирди.
Бул арада спорт коомчулугу эки тарапка бөлүнүп, бири Фёдор Емельяненкону, экинчилери Рамзан Кадыровду колдоп жатышкан чагы. "Орус императорун" катуу сындаган спортчу Абдулкерим Эдиловду UFC мушкери Никита Крылов беттешке чакырууга чейин барды. Чырдын ырбашы ушуга чейин жетти.
"ММАГА 16 ЖАШТАН БАШТАП ЧЫГЫШАТ"Ал эми өлкөбүздө эрежесиз урушка канча жаштан тарта чыгарын Кыргызстандын ММА жана панкратион федерациясынын президенти Улукбек Өмүрзаков айтып берди:
– ММА уруш түрүндө жобо боюнча 16 жаштан баштап чыкса болот. 16дан 18 жашка чейинки спортчулар башына шлем кийип чыгышат. Чоңдор арасындагы мелдешке катышкан 21 жашка чыга элек спортчулар да шлем кийүүсү абзел. Грозныйда өткөн мелдеш боюнча жеке пикирим, мындай жаш балдардын октагонго чыгуусу туура эмес деп ойлойм. Жок дегенде спорттук шаймандарды кийип чыгуусу керек эле. "Жаш-күч" спорт клубунун президенти Айбек Мусаев "канчалык жаш кезинен спорт мелдештерине катышса, ошончолук эрте жетилет" деп белгилейт.
– 10 жаштагы жеткинчек балдардын спорттук мелдештерге катышып жаткандарын көрүп эле жүрөбүз. Бул жашында алардын күч түзүмдөрү анчейин өөрчүй элек болот. Андыктан эч кандай оор сокку узатуу деген мүмкүн эмес. Албетте, бул көчөдөгү уруштардан айырмаланат, ортодо калыстын жана дарыгерлердин болушу зарыл. Көчөдө деле урушуп жүрүшкөндөрүн көрүп келебиз, анын ордуна рингге чыкканы оң. Ал эми кикбоксинг боюнча Дүйнө чемпиону Уланбек Касымбеков ар бир спорттук уюм кандай мелдеш өткөрүшсө, өздөрү билерин айтат.
– Грозный шаарындагы беттешти Рамзан Кадыров өзүнүн балдарына уюштуруп жатпайбы, андыктан эмне кыларын өзү билет. Балким, ушундай жагдай менен ММАны өнүктүрүү аракетин көрүп жаткандыр. Бирок балдардын коопсуздугу биринчи орунда болуусу керек.
Жаш балдарды спортко кызыктыруу туура, бирок бардыгы чеги менен болгону оң. Жаңы жетилип келе жаткан спортчулардын психологиясынан тарта ден-соолугуна чейин ата-энесинин көзөмөлүндө болуусу керек.
Адилет Керимбек уулу
sport@super.kg