Жакында эле төкмө акын Элмирбек Иманалиев "Эл артисти" наамын, Гүлбү Ороскул кызы Ардак грамотасын президенттин колунан алып кубанып жатышкан. Жакшылыктын артынан жакшылык болуп, бул эки инсан 17-октябрда Бишкектеги ресторандардын биринде тун кызы, "Супер сулуу-2013" сынагындагы "Сымбаттуу сулуу" наамынын ээси Айзуураны турмушка узатышты. Кыргыз элинин маданият чөйрөсүнүн каймактары чогулган бул тойдун сценарийин режиссёр Сагын Ниязалиева түзгөн.
Тойду манас айтуу, арча түтөтүү менен баштап, минтип жеңелердин аркан тосуусу менен күйөө баланы тосуп алышты.
Умай эне сунган актан тилектерин айтып эки жаш ооз тийишти.
Бул эки таланттуу инсанды бүгүнкү күнү бириктирген, албетте, кыздары болду. Айзуураны тапкан ата-энесин чогуу көргөнүбүзгө жүрөк жылып, биз да кубандык.
Гүлсүн Мамашова, Роза Аманова, Гүлнур Сатылганова, Сыймык Бейшекеев, Осмонбек Артыкбаев, Бөдөш Мамырова, айтор, белгилүү инсандардын баары тойдун сыйлуу коногу болушту. Ага далил катары Топчубек Тургуналиев минтип ортодо бийлегенин айта кетсек болот.
Тойдун жүрүшүндө кыз-жигиттен сармерден уюштурулган соң балдызы Сезим чыгып жездеси Мирзаттын кулагын чоюп, жездесинин капчыгын жакшы эле жукартты көрүнөт.
Камдуу жүргөн Гүлбү айым кызын биротоло себи менен узатты.
Бүгүн Айзуура ата-энесине минтип болушунча эркеледи.
Айзуура кайнатасы Асан мырза жана кайненеси Каным айым менен. "Айзуураны келин эмес, кызыбыздай көрүп, көлдүн ак куусу кылып алабыз" деп келинине сөйкө салышты.
Тойдун соңуна жетип калганда ата-эне батасын беришти. Кыргыздын салты менен турмушка узап жаткан кыздын чачын өрүп, апасы даярдаган шөкүлөнү кийгизишти.
Өкүл ата, өкүл апалык милдет чыгармачыл үйбүлө Ишен Календаров менен Гүлзат Байзаковага ыйгарылган. Гүлзат айым коноктордун баарын ыйлатып "Кызыма" деген ырды ырдап Айзуураны көлдүктөргө келин кылып узатты.
БЛИЦ-МАЕК– Элмирбек агай, той кут болсун! Кызыңызды узатып ичиңиз ачышып жатса керек?
– Албетте, ичим туз куйгандай ачышканы менен, кызым мен билген, эл тааныган адамга турмушка чыгып жатканына кубанып турам. Мурун көрүп-билбеген эле бирөө алып кетсе ичим катуураак ачышмак экен. Жана Садык Шер айткандай, калемпирге шекерди аралаштырып жегендей эле болуп турам. Мирзатты тааныйм, билем, тарбия көргөн, мыкты жигит. Экөөнүн келечеги кең, бактылуу болот деп балдарыма ишенем.
– Гүлбү эже, кыргыздын салтын чагылдырган өзгөчө тойго канча убакыт даярдандыңыз?
– Негизи кыздарым төрөлгөндөн баштап эле кооз буюм көрсөм кыздарыма деп чогулта берчүмүн. Сеп даярдай баштаганда сандыкты ачсак баары эле даяр экен. Апам "сен кичүү кызың Сезимдин да себин даярдап салгансың го" деп күлөт. Ошентип таенеси төшөктөргө пахта салып, көктөп берди. Кызыма деп чогулткан кийимдер да бир сандык болуптур, аны да сандыгы менен берип жатам. Ал эми тойдун даярдыгына кызын узаткан улуу эжекелерден кеңеш сурап 1 айдан бери даярданып келем. Кемчиликсиз той болбойт дейт го, 200 конок чакырганбыз, 70тей киши ашыкча келип кичине шашып калдык. Ал эми өкүл апа кылып баарыбыз кеңешип Гүлзат Байзакова эжени тандадык. Анткени ал Айзуураны кичинесинен бери жакшы билет, Мирзаттын жердеши. Эки жашка бирдей карап, экөөнү тең түшүнүп, колдоп кете алат деп ишендик.
– Мирзат, белгилүү инсандардын күйөө баласы болуу жоопкерчиликтүү бекен?
– Ооба, жакшы эле жоопкерчиликти сезип жатам, анткени ал адамдарга татыктуу күйөө бала болушум керек да. Негизи мен Айзуура менен сүйлөшө баштаганда атактуу адамдардын кызы экенин билген эмесмин. Бир айдан кийин досумдан угуп аябай таң калгам. Анткени Айзуура белгилүү адамдардын кызымын деп бой көтөрбөйт, жөнөкөй, акылдуу кыз. Ошондуктан жактыруу сезими дал ушул сапаты үчүн мурункудан да күчөп, буюрса, минтип үйлөнүү тойго жетип отурат.
– Айзуура, турмуш жолуна узап жатасың, толкунданып жатсаң керек?
– Аябай толкунданып жатам, өзүм бул жерде турганым менен, оюм башка жакта жүрөт. Эң негизгиси кыялымдагы мырзаны тапканыма сүйүнүп турам. Мирзат байкенин мүнөзү жөнөкөй, адамгерчиликтүү, атама абдан окшош.
Замира Рахманбердиева
Алишер Алиев
star@super.kg