БЫРЫШЫ ЖОК БЕТКЕ БЫЧАКСЫЗ ЭЭ БОЛ

Аялзаты табиятынан эмоционалдуу келип, мимикаларга жакын болот эмеспи. Бат эле кабагын чытып же ыкшып күлгөндө бет тарамыштары түйүлүп, биз каалабаган бырыштар пайда боло баштайт. Андайда айымдар жаш курагын жашыруу үчүн эмнени гана кылбайт, чиркин. Кымбат бет майлар, косметолог, айла кеткенде айымдардын жүзү хирургдун бычагына келип такалат. Ал эми төмөндөгү көнүгүүлөр бет түзүлүшүн оңдоп, майда бырыштарды кетирет.

БЕТИҢИЗГЕ КҮНҮНӨ 5 МҮНӨТ ГАНА УБАКЫТ БӨЛӨСҮЗ

Бул көнүгүүлөрдү баштоодон мурун макияжды жакшылап тазалап алуу зарыл. Андан соң бетке нымдандыруучу бет май сүйкөңүз. Бет көнүгүүлөрүн отурган, турган, жаткан калыбыңызда деле жасай берсеңиз болот. Башкысы турган турушуңуз сизге ыңгайлуу болушу шарт. Жакшысы маңдайыңызда күзгү болсун. Анткени өзүңүзгө туура жасап жаткандай сезилгени менен, туура эмес жасап алышыңыз мүмкүн. Жыйынтыгында бырыштардан арылбай эле ордуна жаңылары пайда боло баштайт. Ошондуктан көнүгүүнү дыкат, туура жасоо абзел. Ар бир көнүгүүнүн узактыгы 10 секунд жана 3 жолудан жасоо кажет. Күнүнө 5 мүнөт убакыт бөлүп жаштыгыңызды узакка сактап калыңыз.


Бетке арналган көнүгүүлөрдү жасоодон мурун бетти төмөнкү ыкмалар менен даярдап алабыз. Көзүбүз менен оозубузду бирдей убакта ачабыз. Оозду ачканда ээк жана жаак булчуңдарына кан жүгүрүп, алар кийинки көнүгүүлөргө даяр болот. Ал эми көздү ачканда чеке булчуңдары иштей баштайт.

 
Алаканыбызды бири-бирине сүрүштүрүп жылытып алабыз. Эми ысык алакандарды жүзүбүзгө жарым миллиметр жетпегидей такайбыз. Бул бетибизге жылуу энергия тартуулайт. Алгачкы көнүгүү кашка, чекеге жана кулак булчуңдарына арналат. Кулак булчуңдары – жаштык булчуңдары деп аталат. Анткени биз кулакты кыймылга келтирип, аны өйдө-ылдый көтөргөндө бет тартылат.


Алакандарды кайчылаштырып, чекеге коёбуз. Эми кашыбызды жана кулагыбызды болушунча өйдө көтөрөбүз. Кимдир бирөө чачыбыздан тарткандай. 10го чейин санагыча ушул калыбыңызда турасыз. Бул көнүгүүдө чеке булчуңдары жана баштын арткы бөлүгү чыңалышы керек.


Кийинки көнүгүү көз булчуңдары үчүн. Бир нерсеге таң калгандай көзүбүздү чоң ачабыз. Бул жерде бир эскертүү: көзүбүздү ачканда каштарыбыз өйдө көтөрүлбөшү зарыл. Антпесе чекеде бырыш пайда болот. Ооруксунуу жаралышы мүмкүн. Эч нерсе эмес, бул болгону көнбөгөндүкү.


Эми беттин борбордук бөлүгүнө жеттик. Оозубузду болушунча чоң ачабыз. Эриндерибизди оозубуздун ички бетине тартабыз. Бул жерде маанилүүсү мурундун тегерегинде бырыш жаралбашы керек. 10 секунд кармаган соң коё беребиз. Коё бергенде жаак сөөктөр, эрин булчуңдары ысып чыгыш керек.


Кийинки кезек эриндерде. Аларды обу жок кыздар селфиге түшкөндөй түйрүйтөбүз да, ээгибизди өйдө көтөрөбүз. Анткени бул учурда моюн булчуңдары да чыңалып чыгат. Мында эрин, моюн, бет териси тартыла баштайт. Бул көнүгүүдөгү ашыкча чыңалууну алып салуу үчүн демибизди сыртка үйлөп чыгарып салабыз.


Эми жүзүбүздүн эң алдыңкы бөлүгүнө кезек келди. Бул көнүгүү менен биз жаактын ылдыйкы булчуңдарына жана экинчи ээкке күч келтиребиз. Андыктан экинчи ээгинен кутула албай жүргөндөр үчүн эң сонун чечим. Оозубузду ачып, ээгибизди өйдө көтөрөбүз. Бул жерде маанилүүсү үстүнкү эриндер чыңалбашы керек. Ылдыйкы жаагыңыз өзүнчө бөлүнүп калгандай сезим жаралса, демек, туура жасап жатасыз.

Жазгүл Кенжеева
Алишер Алиев
kenesh@super.kg

 Кыстарылган видео 
Беттеги бырыштардын алдын алуу
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (13)
Dadil
2016-10-24 11:01:56
Башка кызды чыгарса болмок
-4
Deniza88
2016-10-24 11:14:18
Назира жакшы ырдайт экен, мурда байкабапмын.
-1
aibi8984
2016-10-24 14:37:46
bul konugunu men kundo jasaim ech kandai jardam jok
+1
asko55
2016-10-24 21:42:34
Супер инфого чыгам деп бетке 10 үн шпаклёвкадан тартыптырго. Бетти жакшылап тазалаш керек дедиби адашпасам, демек боёнбогон кызды чыгарыш керек эле. Көзүн көрүп эле коркуп кеттим.
+11
Ais07
2016-10-28 11:24:59
asko55, туура!
0
Forevergulmairam
2016-10-26 08:43:12
Назира эжени болушунча кыйнапсыңар го
+1
nurizaa
2016-10-28 21:42:01
Косметолог суйлогондобайкасанар бетине бир да тырыш тушурбой суйлоптур озу айткандай мимикасы жок)))уйронуш керек экен. Рахмат!
+1
aseras
2016-10-29 11:17:19
Кийинки кезек эриндерде. Аларды обу жок кыздар селфиге түшкөндөй түйрүйтөбүз да, ээгибизди өйдө көтөрөбүз
Ушуну жайлаптир)))))
0
aseras
2016-10-29 11:17:46
Кийинки кезек эриндерде. Аларды обу жок кыздар селфиге түшкөндөй түйрүйтөбүз да, ээгибизди өйдө көтөрөбүз
Ушуну жайлаптир)))))
0
Kuyoo_bala
2016-10-30 21:08:14
Болбогон конугуу.....ХХХ ХХХ
0
admin_superstan
2016-10-31 10:01:31
Kuyoo_bala, сайттын же гезиттин ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-комментарий жана талкуу иретинде жазылган билдирүүлөр gazeta@super.kg же portal@super.kg электрондук даректерине жазылып жөнөтүлүшү керек.
0
Bek94
2016-11-07 01:40:22
ХХХ ХХХ го чиркин
0
admin_superstan
2016-11-07 10:29:14
Bek94, маанисиз, темадан алыс билдирүүлөрдү калтыруудан алыс болуӊуз. Оозеки эскертүү!
0
№ 729, 21-октябрь-27-октябрь, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан