КЫРГЫЗСТАН ИНТЕРНЕТСИЗ КАЛАБЫ?

Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаевдин айтымында, Казакстан секундасына 1 мегабитти Орусиядан 1,5 доллардан сатып алып, Кыргызстанга аны 30 доллардан сатат. Эске салсак, август айында жергиликтүү провайдерлер интернеттин кымбаттаганын кабарлаган болчу. Бул кадамын алар казакстандык интернет операторлорунун бааны көтөргөнү менен түшүндүрүшкөн. Казакстан тарап Орусиядан келген трафиктин кымбаттаганын негиз кылган. Бирок тактоо жүргүзгөндө Орусия интернетти Казакстанга мурункудай эле баада ташып жатканын билдирген. Эки тараптуу сүйлөшүүлөрдөн кийин бааны кымбаттатпоо боюнча келишимге кол коюшкан. Бирок бул маселе дале чечилбей жатат.
20-октябрда Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев "бул маселе боюнча Байланыш жана маалыматтык технологиялар комитети, Монополияга каршы жөнгө салуу агенттиги менен башка тийиштүү мамлекеттик органдар атайын комиссия түзүшү керек" деди. "Бүт дүйнөдө интернет байланышы арзандап, өнүккөн өлкөлөрдө бекер болууда. Ал эми Кыргызстанда интернеттин баасы кымбаттап, сапаты начарлап жатат. Бааны казак провайдерлери көтөрүүдө. Буга чейин биз тарап менен жолугуп, бааны арзандатабыз дешкен. Бирок бүгүнкү күнгө чейин келишим аткарылбай жатат. Кыргызстан интернетсиз калышы мүмкүн. Ушундай коркунуч бар",- деди депутат.

Бектур Токтоноев
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 729, 21-октябрь-27-октябрь, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан