(Башталышы өткөн сандарда)
– Эрлан, ойгонсоң! Эрлан,- Айдайдын жагымдуу үнүн жигит жазбай тааныды. Уйкусу дароо ачылды. Кыз анын керебетинин жанында көздөрүн бажырайтып отурган экен.
– Айдай! Айдайым, берекем!- Эрлан кызды бооруна кысты. Аны сагынып калган экен, саамайынан шуу жыттап, дүйнөсү тегиз боло түштү.
– Сенин ата-энең да келди,- жигит эми гана жалооруй карап турган ата-энесин байкады. Апасы ыйлап жиберейин деп турат.
– Мен эмнеге бул жактамын?- Эрлан атасын тиктеди.
– Баары жакшы болот, Эрлан! Бир айдын ичинде чыгарып кетебиз!
– Мен калбайм бул жерде!- жигит ордунан ачуулуу турду да, кетүүгө камынып баштады.
– Балам...- Ракыя ыйлап жиберди. – Баары жакшы болот. Болгону бир ай чыдап кой.
– Мен оорулуу эмесмин. Баары жайында...
– Баары жайында болсо эмнеге Айдай менен сүйлөшүп жатасың?
– Эмнеге сүйлөшпөшүм керек?! Бир адамды жакшы көргөн эмне оорубу?
– Жок. Бирок жок эле бирөө менен сүйлөшүп, жашоодо жок кишини жакшы көрө берген – бул оору.
– Кандайча жашоодо жок? Турат го Айдай маңдайыңарда!
– Мен бармын!- кыз үн катты.
– Биз сага жамандык каалабайбыз. Бир ай чыда! Дарыгерлерди ук! Анан баары жакшы болот! Биз сага башка кийимдерди алып келдик. Которунуп ал.
Эрлан шалдайып отуруп калды. "Эмнеге булар Айдайды угушпайт, көрүшпөйт. Атайын жасап жатышабы?" бул суроолорго ал жооп таба албай койду.
– Демек, Айдай жаныңда экен да. Мен экөөңөр менен сүйлөшсөм болобу?- сырттан Рита Мадиевна кирип келди. Ал эшиктин ары жагынан тыңшап турган окшойт.
– Сиздер чыгып турсаңыздар,- Ракыя менен Эркин ээрчишип чыгып кетишти.
– Айдай жаныңдабы?- Рита Мадиевна суроолуу тиктеди.
– Эмнеге анткорлонуп жатасыз?
– Мен аны көрө алган жокмун.
– Эмнеге?
– Мына ушуга жооп издешибиз керек. Эмнеге ал жалгыз сага эле көрүнөт, бизге көрүнбөйт?
– ...
– Балким, аны жөн гана ойлоп таап алгандырсың?
– Ойлоп таап?! Кыялданган кызга ашык болуппу?..
– Ии.
– Мен анчалык жинди эмесмин!
– Мейли, Айдай жашоодо бар дейли. Эгер ал чыныгы жашоодо бар болсо анын фамилиясы ким?
– Садырова.
– Кайсы жакта жашайт?
– Азыр Бишкекте.
– Үйүнүн дареги?
– Билбейм. Үйүнө барган эмесмин.
– Түшүнүктүү. Азыр Айдай жаныңдабы?
– Ооба.
– Андан үйүнүн дарегин сурачы?
– Мен билбейм,- кыз жылмайып койду.
– Билбейт экен. Анын Бишкекке келгенине аз эле болду.
– Ал мурда кайда жашачу эле?
– Австралияда, Сиднейде,- кыз ошол эле жылмайган калыбында жооп узатты.
– Сиднейде.
– Оо, Сиднейдеби? Ал азыр кайсы жерде отурат?
– Мына жанымда,- Эрлан колдорун керебеттин кырына койду. А Рита Мадиевна ордунан турду да Эрлан көрсөткөн жерге барып отурду.
– Көрдүңбү, Айдай жок!
– Ал сиз бул жерге отурайын деп жатканда эле ордунан туруп, тигинде отуруп калбадыбы,- Эрлан коңшу керебетти көрсөттү.
– Мейли! Айдай экөөңөр кандайча таанышкансыңар? Айтып бере аласыңбы?
– Сизге анын эмне кереги бар?
– Жөн гана кызык!
– Кызык деңизчи?! Аны менин жашоомдон алып салгыңыз келип жатканын мен сиздин биринчи сурооңуздан эле түшүнгөм. Мээмди тазалап салайын дейсиз го...
– Туура таптың!
– Эмнеге антип жатасыз?
– Анткени бул оору. Шизофрения деп аталат. Сенде жаңыдан башталып жатат.
– Аа, шизофрения тууралуу мен да жакшы билем. Маселен, экономика жаатында "Нобель" сыйлыгына ээ болгон окумуштуу Жон Нэш шизофрения менен жабыркаган. Булгаков, Достоевский, Гоголь деле шизофрения менен ооруган деп жүрүшпөйбү. Баса, Эйнштейнди унутуп калыпмын. Ал дагы "шизик" болчу.
– Сенде да бар.
– Мен да гений болушум мүмкүнбү?
– Балким. Бирок, менимче, бул дарт башталып келе жатканда дарылап коюу сага эле жакшы болмок.
– Мен "шизик" эмесмин!
– Кайдан билесиң?
– Гений эмесмин да анткени. Генийлер "шизик" болушат. Тамаша. Шизофренияда акыл-эс, мээ жабыркайт. А менде баары жайында.
– Айдайчы? Айдай деген таптакыр жок эле киши мээңде эмей анан кайда? Сен аны өзүң ойлоп таап алгансың да...
– Жок-жок, Айдай мээмде эмес, ал бул жерде,- Эрлан жүрөк тушун көрсөттү.
Рита Мадиевна айласыз жылмайды.
– Сен бардыгын болгонун болгондой айтып берсең жакшы болмок. Мен бул жерден да, анан бул жерден да аны жок кылууга жардам берем,- дарыгер Эрландын жүрөгүн, анан башын көрсөттү.
– Ал жок болуп кетсе мен бактысыз болуп калам. Анын жоголушун мен каалабайм.
– Эрлан, жашоодо жок эле адам менен сүйлөшүүнүн эмне кереги бар? Өзүң чыкыйган, келбеттүү жигит экенсиң. Сага чыныгы жашоодо деле ашык болгондор чыкмак...
– А мага Айдай керек!
– Бирок Айдай жок да!
– Балким, силер үчүн жок! А мен үчүн бар! Мен аны жакшы көрөм!
(Уландысы кийинки санда)