Көпчүлүк жаштардын чөнтөк телефонунда "Problem", "Focus", "Side To Side" деген чыгармалар жаңырып жаткан кез. Үнүн жактырып угуп, аткаруучусу ким экенин билбегендер да бар. Таанып алыңыз, ал 20 жашында миллионер болууга жетишкен америкалык ырчы – Ариана Гранде.
Толук аты-жөнү – Ариана Бутера-Гранде
Туулган жылы, күнү – 1993-жыл, 26-июнь
Туулган жери – АКШ, Флорида, Бока-Ратон шаары
Бою – 155 сантиметр
Салмагы – 45 килограмм
Учурда – Актриса, ырчы, фотомодель
Ырлары – "Sometimes", "Problem", "Let me love you", "Focus", "Step on up", "Side To Side" жана башкалар
Тартылган сериалдары – "Виктория – жеңүүчү", "Сэм жана Кэт", "Алдамчылык", "Кыйкырыктын ханышасы" жана башкалар
Үй-бүлөдө – 2 бир туугандын кенжеси, агасы бар
ЖАШТАЙЫНАН ТЕАТРДА ОЙНОГОН
Ариана Гранде – куурчактай келбети, өзгөчө тембрлүү үнү менен жаштардын сүймөнчүгүнө айланган америкалык актриса, ырчы. Атасы Эдвард Бутера ишкер, апасы Жоан Гранде үй кожойкеси болсо да балдарын искусствого жакын өстүрүшкөн. Кичинекей Ариананын тили чыгып баштаганда эле балдар театрына берип, актрисалык дареметин арттырууга көмөк көрсөтүшөт. Тилекке каршы, Ариана 8 жашка кадам таштаганда ата-энеси ажырашып кетишет. "Бул мезгил мага өтө оор болгон. Экөө бири-бирин сүйбөй жатышса, алардан жаралып алып өзүмдү кантип жакшы көрөм деп өзүмө суроо берчүмүн" деп бала кезин көп эстейт. Бул кайгыдан театрда ойногон ролдору менен алаксыйт. "Менин жашоом жаңы нерселер менен толукталды. Чыгармачылыкка аралаша баштадым, күйөрмандар да пайда болду" дейт Гранде.
АКТРИСАЛЫККА ЭМЕС, ЫРЧЫЛЫККА БАСЫМ ЖАСАЙТ14 жашка толгондо ырчы кыз музыкалык менеджерлер менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү үчүн Лос-Анжелеске келип, "мен R&B стилинде альбом жаздыргым келет" деп аларды таң калдырган. Өспүрүмдүн амбициясына баа беришкени менен, менеджерлер "бул жакшы идея. Бирок 14 жаштагы кыздын R&B-альбомун ким сатып алмак эле?" дешкен. Буга Ариана капа болсо да, шагын сындырбай "Бродвей" театрындагы (Нью-Йорктогу Бродвей көчөсүнүн атынан коюлган театр) мюзиклдарга катышып режиссёрлордун көзүнө илинип, "Виктория – жеңүүчү" сериалында ойноого мүмкүнчүлүк алат. "Тасмага тартылган жакшы. Бирок музыка дайыма биринчи орунда турчу" деген Гранде 17 жашында үн жаздыруучу компания менен биринчи келишимин түзөт. "Put your hearts up" аталышындагы дебюттук альбому жарык көрөрү менен ырчы жаштардын арасында баш айланткан атактуулукка жетет.
ЫРЧЫЛАРДЫН ҮНҮН КЫЙЫН ТУУРАЙТ
Ариана Гранде атактуу ырчылар Шакира, Бритни Спирс, Рианна, Селин Дион, Уитни Хьюстондун үндөрүн телеберүүлөрдө жазбай туураганы менен популярдуулугун арттыра алган. Музыка сынчылары Гранденин үнү такшалып калганын баамдашууда. Аз убакыт ичинде катарынан концерттик турнелерге чыгып, 3 альбом чыгарып, 20 жашында 14 миллион доллар киреше тапкан. Жаш экенине карабай ырчы кайрымдуулук акция, долбоорлордун активдүү катышуучусу.
"АМЕРИКАЛЫКТАРДЫ ЖЕК КӨРӨМ..."
Ариана бүтүндөй убактысын чыгармачылыкка, өзүн өстүрүүгө арнап, музыканы биринчи орунга койгону менен, жеке жашоосун да унутта калтырган жок. 2014-жылы америкалык рэп ырчы Биг Шон менен кыз-жигит болуп, алардын мамилеси 1 жылга араң жетет. 2015-жылы ирландиялык ырчы Найл Хоран менен мамиле түзгөн. Ошол учурда Найл Хоран менен кондитердик дүкөнгө келген Гранде текчеден таттуу токочту алып, аны жактырбай "бул эмне деген шумдук?! Мен Американы жана америкалыктарды жек көрөм..." деген видео интернетке жайылып, чуу жаратат. Ырчы бул жоругу тууралуу коомчулук алдында кечирим сураган. Бирок кезинде АКШнын президенти Барак Обаманын алдында Уитни Хьюстондун ырын аткарганга жетишкен жаш ырчыга бул окуядан кийин Ак үйдүн эшиги жабылган. Учурда Гранде америкалык рэп ырчы Мак Миллер менен кыз-жигит.
"КОЛУМДАН КЕЛСЕ БОЁНБОЙ ЭЛЕ ЖҮРМӨКМҮН"
Динара Абдыкадырова
star@super.kg