Жол кырсыгынан каза болгон жигиттин энеси: "БАЛАМ ТЫНЧ ЖАТСЫН, АКЫЙКАТ ӨКҮМ ЧЫГАРГЫЛАЧЫ"

Кеңсебизге "жалгыз уулумдан айрылганым аз келгенсип, көрүнгөн эшикти каккылап чындык издеп жүрөм" деген эне кайрылды. Анын айтымында, ушул жылдын июнь айында уулун автоунаа сүзүп кетип каза болгон. "Уулумду сүзүп кеткен айдоочуну үй камагына чыгарган сотко нааразымын" деген Мария Рахманбердиева окуяны баяндап берди.

"16 КҮНДӨН КИЙИН БАЛАМДЫ КӨМҮП САЛЫШЫПТЫР"

– Уулум Урмат Дыйканов 1990-жылы туулган. Үйдө жалгыз эркек болчу. Атасы 2006-жылы каза болуп калган. Балам Дайыр Асанов атындагы аскердик лицейди бүтүрүп, андан соң Улуттук гвардияда кызмат өтөгөн. Тоо-кен институтунда сырттан окуп, Кемин районундагы Орловка шаарчасындагы «Алтын кен» ишканасында иштеп жаткан. Жумуш боюнча ар кайсы облустарга тажрыйба топтогонго барып келчү. 1-июнь күнү уулум мага "Таласка тажрыйба алмашууга кетип жатам" деп телефон чалып айткан. Уулум менен акыркы сүйлөшкөнүм ошол болуптур. Ал Таласка 15 күндүк тажрыйба топтогонго барып келип, кайра эле жумушуна чыкмак. Бирок арадан 20 күн өтүп, уулумдан дайын жок болуп, сиңдимдин баласы экөө чогуу иштегендиктен андан сурай баштадым. Ал болсо "Урмат жердин астында болсо же тоонун башына чыгып кетсе, кайдан телефон тартмак эле? Сарсанаа болбоңузчу" деп койгон. Аны угуп мен деле бейкапар жүрө бердим.
Таластан келген соң жумушка чыкмак. Уулумдун кесиптештери сиңдимдин баласына телефон чалып, "Урмат 2 күндөн бери жумушка чыга элек" дешиптир. Анан биз Урматты издей баштадык, милицияга да кайрылдык. Эртеси Канттын милиция кызматкерлери "ооруканада жаткан бирөөнүн кийимдери балаңыздыкына окшоп жатат" дешти. Мен ошондо ооруканага барып көрөйүн десем, "эс-учун билбей жатат" деп коюшкан. Көрсө, туугандарыма уулум өлүп калгандыгын андан мурун эле айтышыптыр. Уулумду Таласка жетпей эле машина сүзүп кетип, ал каза болгон экен. Баламдын жанында эч кандай документ жок болгондуктан, 16 күн өткөндөн кийин Канттын өлүкканасы бир көрүстөнгө көмүп салыптыр. Ал жерден акча берип жатып араң сөөктү каздырып алып, өзүбүздүн айылга алып келип кайра жерге бердик.

"КЫРСЫК БОЛГОН ЖЕРДЕН АЙДООЧУ КАЧЫП КЕТКЕН"

– Укканыма караганда, Эрлан Турсунбаев деген айдоочу Тойота Камри үлгүсүндөгү автоунаасы менен уулумду сүзүп алган. Артынан келе жаткан эки унаанын айдоочулары сүзүп алганын көрүп токтошкон. Бирок сүзгөн айдоочу ал жерден качып кеткен. Балким, сүзүп кеткен адам качып кетпей, ооруканага убагында жеткирсе, балам аман калмак беле?..
Андан 2 күндөн кийин, 4-июнда баламды сүзүп кеткен деген шек менен Эрлан Турсунбаев Караколдон кармалган.

"ЭКСПЕРТИЗАЛАР ТУУРА ЭМЕС ЧЫГАРЫЛЫП ЖАТАТ"

– Уулумду сүзгөн машинага экспертиза жасалган. Бирок эксперттер туура эмес жыйынтыктарды чыгарып жатышат. Эксперт Михаил Сябро "кырсыкты болтурбай коюуга мүмкүнчүлүк жок болгон" деп жатат. Анын сөзүнө караганда 76 метрден эч нерсе көрүнбөй калат экен. Ал эми экспертизанын жобосунда 76 метрден көрүнүш керек деп жазылат. Анан кандай эле буларга көрүнбөй калат?! Күбөлөрдүн айтканына караганда, ал айдоочу катуу ылдамдыкта алардан ашып өтүп, сүзүп жатпайбы?! Анан машинанын астындагы ийилип кеткен жери, подкрыльниги жөнүндө сөз болбой жатат. Экспертизанын баары акчанын күчү менен жасалганы билинип эле турат. Ошондой эле машинанын астында Урматтын чачы териси менен жана ак футболкасынын жиптери илинип калган. Аларды да күлкү келтирерлик нерсеге шылтап жыйынтык чыгарып коюшту.
Кылмышка шектүүнү сот үй камагына чыгаргандан кийин токтомду убагында бербей, "которо албай жатабыз" деген шылтоо менен кечиктиришти. Соттун төрайымы Тентиева сот отуруму болуп жатса тергөөчүгө "ушул чечимди өзүң эле чыгарып койбойсуңбу" дептир. Эгер тергөөчүнүн укугу болсо эмне үчүн сотко кайрылат эле? Тентиева соттук отурумда "10 күн ичинде арыздансаңар болот" деген. Бирок токтомдо "5 күн" деп жазылып турат.
Ал эми баламды сүзүп кеткен айдоочуга 2-3 жолу жолуктум. Ар биринде ар башканы айтып жатат. Биринде "сүзгөн жокмун" дейт, дагы биринде "мен өлүктү көрүп токтогом" дейт. Угушумча, сүзгөн айдоочунун да жүргүнчүлөрү болгон экен. Эгер күнөөлүү эмес болсо ошолорду чакырып, күнөөсүз экенин далилдебейби?! Ак болсо артынан келип токтогон эки күбөнү деле бетине кармамак да.
10-октябрда тергөөчү уулумду сүзүп кеткен айдоочуну камакка алууну суранып жаткан. 12-октябрда сот отуруму болгондо тергөөчү аны үй камагына чыгарууну суранып калыптыр, ага да кысым болгон окшойт. Эрлан Турсунбаевдин бир туугандарын "погончондор" деп угуп жатабыз. Балким, ошолор кылмышты жаап салууга аракет кылып жатышкандыр. Суранарым, мага акыйкат өкүм чыгарып беришсин, күнөөлүүлөр жазасын алсын, балам да тынчыраак жатсын.

"МИЛИЦИЯНЫ ЧАКЫРЫП, КЕТИП КАЛГАМ"

Окуяга күбө болгондордун бирине байланышып, андан төмөндөгүдөй жооп алдык:
– Бишкек-Торугарт жолунда түндө кетип баратып, кырсык болгон жерден токтодум. Ал жерде 2 машина токтоп турган экен. Арттагы машинанын рулунда аял, ал эми алдыдагыда болсо жаш жигит экен. Жерде унаа сүзүп кеткен жигит жана дөңгөлөктүн үстүндөгү пластмасса (подкрыльник) жатыптыр. Карасак жигиттин машинасыныкы болуп чыкты. Ал болсо "мен сүзгөн жокмун" деди. Бирок коркуп калганы билинип турду. Ал эми тигил аял аябай коркуп калгандыктан, мен жанына барганда гана өзүнө келип, берки айдоочу жигитке "менден ашып өтүп барып сен сүзбөдүңбү" деди. "Милицияга билдирдиңерби?" десем, "жок" дешти. Анан мен милицияга телефон чалып чакырып, унаамдагы жүргүнчүлөр шаштыргандан улам кетип калгам.

"ТЕРГӨӨ ЖҮРҮП ЖАТАТ"

Чүй ОИИББинин маалымат кызматкери Назира Имангазиева төмөнкүлөрдү билдирди:
– 2016-жылдын 2-июнунда түнкү саат 3 жарым чамасында Бишкек-Торугарт унаа жолунун 45-чакырымында жол кырсыгы катталган. Анын күнөөкөрү окуя болгон жерден из жашырып кеткен. Натыйжада жол кырсыгынан улам жабырлануучу каза тапкан. Бул фактынын негизинде Ысык-Ата
РИИБинин тергөө тобу окуя болгон жерге барып, тиешелүү иштерди аткарышкан. 2016-жылдын 4-июнунда бул кылмышка шектүү катары Тойота Камри унаасынын айдоочусу 28 жаштагы Э.Т. аттуу Түп районунун Токтоян айылынын тургуну кармалып, анын унаасы Кант шаарындагы айып аянтчасына токтотулган. Бул факты боюнча тиешелүү экспертизалар дайындалып, жыйынтыгында түшүп калган подкрыльник аталган унаага тиешелүү экендиги аныкталган. Бирок айдоочу сүзгөнүн танып жатат. 2016-жылдын 28-июнунда бул факты боюнча Ысык-Ата РИИБинин тергөө бөлүмү тарабынан Кылмыш жана жаза кодексинин 281-беренесинин (транспорт каражаттарынын кыймыл жана пайдалануу коопсуздугунун эрежелерин бузуу) негизинде кылмыш иши козголгон. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.
Урмат Дыйкановду сүзүп кеткен деп шектелип, учурда үй камагында отурган Эрлан Турсунбаевге байланышсак, ал "мен күнөөлүү эмесмин. Азырынча башка эч нерсе айта албайм" деп жооп берди.

Айсалкын Качкынбекова
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (7)
Stervamyn
2016-10-31 10:39:40
Акча баарын чечип калган азыр!канча деген адамдар акча учун олуп жатышат,канча деген куноолуу адамдар акчанын кучу менен жазасыз калып жатышат.Бирок баарына Кудай бар,убагы келгенде силер кандай сыздатсанар бироону,Кудай да ошентип сыздатып коет.Жашоо бумеранг...
+9
ss90
2016-10-31 10:47:43
Бияктан жазадан качканыбыз м.н кыяматта адилеттуу соттун алдына барабыз...
+8
Asman...
2016-10-31 10:55:30
Бул дуйнодо жазаланбасан да, наркы дуйнодо созсуз жазанды аласын. Акыйкат чечим чыгарбаган соттор да сени менен кошо жазаланат. Сенден алып жеген арам акчалары аш болбойт,таш болот. Беш кундук жарык дуйно деп акыретинерди тозок кылып жатасынар. Улуу урматтуу сот соройлор.
+7
Nendi15
2016-10-31 12:24:25
Эң өкүнүчтүүсү он гүлүнүн бир гүлү ачыла элек жаштардын мезгилсиз дүйнөдөн кайтканы болуп жатат.Бүгүнкү чыгарылышта үч жапжаш балдардын өлүмү жазылыптыр өтө таасирлүү аянычтуу.....Жашоо берүүчү да алуучу да бир жараткан Аллах аны танбайбыз бирок ошол бизге берилген өмүрдү башка бирөөлөр аркылуу кыскарып калышы өкүнүчтүү....бул дүйнөдө табышмак болуп жазасыз калышсын бирок акыретте кантип актанышат....
+6
maks94.kb
2016-10-31 17:43:22
Айдоочу деле маркум жигити сузуп олтуром дебесе керек эле
Маңдайга жазылган тагдыр да бирөөнүн олумуно себепкер болуп калды да эжеге Сабыр берсин жалгыз уулун жоготуп кан жутуп журот да азыр эх жашоо бироонун олумуно биро себепкер болуп калды да баарыбыз кандуу жоодо журобуз акырын жетчу жерибизге Аман Эсен жетип алайлчы эх жашоо
-2
adi.sumi
2016-10-31 22:34:36
Ашып айдаса бироо медаль бере тургансып айдагандар ушундай кырсыка кабылышат. Тем более туну карангыда Алла тооба менен жоо жургондо зорго журосунорбу каерде арык каерде жар чыгып калат деп авгонго балаа барбы дейм да туну 3 жарымдааа уууф. 3 жаш омурду алган трагедиялуу баяндар журокту тушурдуго. Бала жалгыз не кылып журду экен жоо ошол жерде тун жарымда
+3
unknown666
2016-11-02 14:42:00
баарынын жазасын берсин Аллахым. бул жерде танганы менен ертен баары бир Аллахтын алдында жооп берет мыкаачылар.
0
№ 730, 28-октябрь-03-ноябрь, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан