Ата-эненин туура берген тарбиясы баланын ийгилик жаратууда пайдубалы болуп берет эмеспи. "Большие люди" долбоорундагы Айка, модель, телеалпаруучу Айжамал Осмоновага атасы кызым шаарда ак кол болуп калбасын деп малина, карагат тердирип саттырчу экен. Эмгекчил болуп өскөн модель 1-курстан баштап эле ата-энесинен акча сурабай, өзүн-өзү каржылап калганын айтат.
Туулган жылы, күнү – 1992-жыл, 2-февраль
Туулган жери – Балыкчы шаары
Билими – Кыргыз-Орус Славян университетинин журналистика бөлүмүн бүтүргөн
Бою – 168 сантиметр
Салмагы – 50 килограмм
Параметри – 86-60-90
Билген тилдери – орус, англис, немис тилдеринде эркин сүйлөйт.
– Модель кичинекей кезинде кандай кыз эле?
– Кичинекейимде тың, катылгандын катыгын берген кыз элем. Балдар тийишсе тиштеп, уруп салчумун. Модель болуп иштеп эле эми созолонуп, назик болуп калдым. Үйдө эжем анан инимдин ортосунда болгонум үчүн аябай эрке өстүм. Баспайм деп ыйласам 3-класска чейин атам жонуна көтөрүп мектепке алып барчу. – Сулуулар сынагына мектепте окуп жүргөндө эле катышчу белең?
– Жок, ал кезде журналист, телеалпаруучу болом деп гезиттердин бирине макала жазып жүрчүмүн. 1-курс кезимде сулуулар сынагына катыша баштадым. Албетте, көп кыйынчылыктарды басып өтүп ушул деңгээлге жеттим десем болот.
– Кесибиңдин арты менен чет өлкөлөргө көп чыксаң керек?
– Ооба, "Интернет сулуусу-2013" сынагын жеңип, АКШга барып келгем. Кытайга 2 жолу сулуулар сынагына катышып, 1 жолу фотосессия, моделдик съёмкага тартылгам. "Туризм сулуусу" сынагына катышып Малайзияны көрдүм. Андан кийин Дубайга, Түштүк Кореяга барып келдим. Түштүк Кореяда "Орто Азиянын эң мыкты модели" деген сыйлыкка татыктуу болгом. Жакында Түркияда өткөн "Жер шарынын ханбийкеси-2016" сулуулар сынагында "Азиянын ханбийкеси" деп табылдым. Андан сырткары "Келишимдүү сулуу" деген да титул алдым. Ошондой эле алдыңкы 7 сулуунун катарына киргеним мени кубандырат.
Эл аралык сынактын уюштуруучусу – армениялык Ашот Хачатрян мени жаш кыздар арасында өтчү сулуулар сынагынын директору кылып шайлады. Эми Кыргызстандан, Казакстандан, деги эле Орто Азиядан кичинекей сулууларды сынакка даярдап жөнөтүп турам.
– Учурда социалдык тармактарда сулуу кыздар арасында it-girl деген түшүнүк бар. Сен да кээде алардын "техникасын" колдонуп коёсуңбу?
– Алар телефондогу ар кандай программаларды пайдаланып сүрөттөрүн кооздоп баракчасына жүктөшөт. Сулуу сүрөт ар бир адамды кызыктырат эмеспи, алар ошондой жол менен окурмандарын көбөйтүшөт. Албетте, окурмандары көп кыздын бир нерсени жарнамалаганга мүмкүнчүлүгү өсөт. А мен алардын катарына кирбейм.
– "Азия MIX" командасынын оюнчусу Руслан Максимов менен кыз-жигит экениңерди билебиз. Кантип таанышып калдыңар эле?
– Экөөбүз "Большие люди" долбооруна тартылып жатканда таанышканбыз. Руслан кызыктуу адам, аны менен ар кандай темада сүйлөшүп ырахат аласың. Жакшы көрөрүн көп жылдан бери айтып келген. Ал мага жардам берип жүргөндүктөн ошол адам менен бактылуу болорумду сезип, 5 жылдык достугубуз сүйүүгө айланганына бир жарым жыл болду.
– Көбүнчө бири-бириңерден алыс жүрөсүңөр, түшүнбөстүктөр жаралбайбы?
– Ооба, ал гастроль, мен сынак деп көп алыстап жүрүп калабыз. Бирок жеке жашоого да убакыт табыш керек деп ойлойм. Ар бир айымдын жашоосундагы негизги максат – үй-бүлө куруу. Менин оюмча, үй-бүлө кургандан кийин карьера 2-планда калышы керек. Кудай буюрса, той болор күн да алыс эместир.
Замира Рахманбердиева
star@super.kg