"Өкүл ата, өкүл апанын башкы максаты – жаш жубайларга өздөрүнүн көрөгөчтүгүн үйрөтүп, келечегине багыт берүү" дешет этнографтар. Акыркы кезде "баланчанын 20, түкүнчөнүн 15 өкүл баласы бар экен" деген кептерди кулагыңыз чалса керек. Ушунча түгөйдүн жеке жашоосуна кийлигишип, туура жол көрсөткөнгө мүмкүнбү? Атактуулардын арасында бери дегенде 3, ары дегенде 12 өкүл баласы барлары бар. Алар моюнуна жүктөлгөн милдетин кандай аткарып жатышат? Төмөнкү макаладан окуп билиңиз.
Бердигул Темирбаев, Кыргызстан эл аралык университетинин доценти, этнограф: "ЖАШТАР ДАРАЖАСЫНА КАРАП ӨКҮЛ АТА ШАЙЛАП ЖАТЫШАТ"– Жаңы баш кошкон жубайларга өкүл ата, өкүл апа дайындоо 19-кылымдан бери келе жаткан кыргыздын каада-салты. Мурда теги жакшы, эл арасында кадыр-барктуу, нарк-насилдүү адамдарды коюшкан. Алар жаштарга колунан келген тартуусун кылып, мал энчилешчү. Өкүл ата, өкүл апаны жубайларга өздөрүнүн турмуштагы көрөгөчтүгүнө үйрөтүшсүн, келечегине багыт беришсин деген максатта дайындашкан. Учурда жаштар материалдык байлыгына, бийлигине, даражасына карап "кызмат береби же акча береби?" деп шайлап жатышат. Алардын арасында бойдокторду коюп алгандары да бар. Илгери күйөө тараптан кызга эле шайланса, азыркылар кайдан алынганын билбейм, кыз да, бала тарап да өзүнчө өкүл ата, өкүл апа коюп жатышат, бул албетте туура эмес.
Гүлзат Байзакова, ырчы: "ӨКҮЛ БАЛДАРЫМДЫН БААРЫ БУТУНА ТУРГАН"
– 12 өкүл балалуу болдук. Алардын акыркысы Гүлбү Ороскул кызы менен Элмирбек Иманалиевдин кызы Айзуура менен жолдошу Мирзат Муканов. Өкүл балдарыбыздын көпчүлүгү чыгармачыл адамдар. Той болгондо келип кызмат кылып турушат. Алар чакырганда мен барып турам. Азыркы жаштар кыйын эмеспи, баары тең бутуна туруп, жашоодо өзүнүн жолун табышкандар. Бизден жардам сурагыдай абалда эмес. Ушуга чейин өкүл балдарыбыз урушуп кетип биз аралашкан учур болгон эмес, болбой эле койсун. Жалаң жакшылыктардын үстүндө карым-катнашта жүрөбүз.
Алтынай Нарбаева, ырчы: "ӨКҮЛ БАЛДАРЫМДЫН САНЫ 7ГЕ ЖЕТТИ"
– Биздин өкүл балдарыбыздын саны 7ге жетип калды. Баары туугандарыбыз, жолдошум менен чогуу иштегендер. Алар балдарыңдай эле болуп калышат экен. Жакшылыктарга келип кол-кабыш кылып, оорун колдон, жеңилин жерден алып турушат. Ар дайым "апам келди" деп сыйлашат. Алардын алдында жоопкерчилик чоң. Көйгөй жаралганда чогулуп чечебиз. Акыл-насаат айтып, кеңешимди берем. "Өкүл атам министр, заводдун директору" дегендерди көп угам. Балдарга материалдык колдоо көрсөткөнгө бул да жакшы болсо керек деп ичимден ойлоп калам. Жолдошум экөөбүз да өкүл балдарыбызга "бул жагын биз берели, бул жагын биз көтөрөлү" деп жардам берип турабыз.
Урмат Усенов, ырчы: "ӨКҮЛ АТА БОЛУП БЕРИҢИЗЧИ ДЕГЕНДЕР КӨП"
– Менин 3 өкүл балам бар. Билишимче, өкүл атанын башкы милдети – жаштарга көпүрө болуу. Жубайлардын ата-энеси кийлигише албаган маселелерди чече турган өкүлдөр. Алардын материалдык же моралдык абалына эмес, жеке жашоосуна кийлигише турган маанилүү адамдар. Эң биринчи кезекте кыз тарапка колдоо көрсөтчү кишилер. Буларды эмне себептен айтып жатам? Себеби мен өзүмдүн өкүл атамдан көргөн сабакты өкүл балдарыма көрсөтөм. Өкүл атам мага дос, байке, бир тууган катары мамиле кылат. Ата-энеме айта албаган маселени өкүл атам менен кеңешип, чечип алам. Өкүл бала менен ата эл көзүнө эмес, чындап бири-биринен жашыра турган сыры жок мамиледе болуш керек деп ойлойм. Мен дагы өкүл балдарыма колумдан келишинче ошондой мамиле жасайм. "Өкүл ата болуп бериңизчи" деген кайрылуулар, Кудайга шүгүр, көп болгон. Бирок мен буга чейин мамиле курган адамдарга гана өкүл ата болгонго аракет жасайм. Анткени тааныбаган адам менен кийин жылдызың келишип, үлгүлүү өкүл ата болуп кетериң күмөн. 20-30 өкүл балдары болгондорду угуп жүрөм. Бирок бул реалдуу эмес, бул сөз үчүн гана деп ойлойм.
Рахман Разыков, куудул: "КАНЧА ӨКҮЛ БАЛАМ БАР ЭКЕНИН БИЛБЕЙМ"
– Мен көбүнчө "заочный" өкүл атамын. Канча өкүл балам бар экенин так санын билбейм, 6-7 болсо керек. Орусияга барсам бир бала "сиз менин өкүл атамсыз" дейт. Көрсө, ал мени өкүл ата кылып дайындаса, тоюна бара албай калсам "заочный" өкүл ата кылып дайындап коюптур. Анын баласы 5 жашка чыгып калыптыр. Өкүл ата дегенге өтө олуттуу карагандар бар. Алар өкүл балдарын чогултуп чай беришкенине күбө болуп калам. Мен андайга маани бербеген жоопкерчиликсиз өкүл атамын. Ал тургай өзүмдүн неберелерим төрөлгөндө бир көрөм, анан басып жүргөндө бир көрөм. Кийин барсам эле "чоң ата", "таята" деп калышат. 12 неберем бар, кимиси кайсы баламдыкы, кызымдыкы экенин айырмалай албай, аттарынан адашам. Анан өкүл балдарыма качан убакыт табам (күлүп). Сапар Сакабаев деген өкүл балам бар. Ал менден 5 эле жаш кичүү. Жубайы экөө чоң ата, чоң эне болуп калышты. Чыгармачыл адам болгондуктан жакын катышып жүрөбүз. 2-3 өкүл балаң болсо жетиштүү, көп болсо көңүл бурууга жетишпей каласың.
Динара Абдыкадырова
star@super.kg