ЖЕЙМИ ФОКС КЭТИ ХОЛМСТУ ТАШТАДЫБЫ?

Голливуд жылдызы Кэти Холмс актёр Жейми Фокс менен 3 жылдан бери сүйүү романын куруп келген. Жакында алар кол үзүшүп эки жолго түшкөнүн чет элдик маалымат булактары жазып чыгышты. Маалыматка караганда, Холмс ортодогу мамилени, ага турмушка чыккысы келгенин жашырчу эмес, бирок Фокс буга каршы болгон. "Жейминин бул жоругу Кэтини капа кылды. Бирок ал сүйүктүүсү кайтып келет деген үмүттө жүрөт. Себеби Жейми бир нече жолу ушундай кылган",- дейт актрисанын курбусу.
Эске салсак, Кэти Холмс актёр Том Круздун мурунку жубайы. Алар 2006-жылы баш кошуп, 2012-жылы ажырашып кетишкен. Ортодо Сури аттуу кызы бар.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 730, 28-октябрь-03-ноябрь, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан