Америкалык ырчы Сиара жакында эне болорун ачыктады. Көптөн бери ырчы айымдын өзүн алып жүргөнү, кийген кийимдери күйөрмандарынын бүйүрүн кызытып, кош бойлуу окшойт деген ойго жетелеп жүргөн. Жакында гана Сиаранын жолдошу Рассел Уилсон көпчүлүктүн суроосуна жооп кылып, кош бойлуу жубайы менен түшкөн сүрөтүн инстаграмга жүктөгөн. Ага кошумча эле ырчы айым 31 жашын белгилеп жаткан күнү "Кудай берген эң башкы белегим тууралуу сиздер менен бөлүшүп жатканыма кубанычтамын. Бул туулган күнүм өзгөчө болду. Жакындарымдан, досторумдан көптөгөн жагымдуу сөздөрдү уктум",- деп билдирүү калтырган. Айта кетсек, Сиара менен футболчу Рассел Уилсон ушул жылы жайында үйлөнүшкөн. Сиаранын мурунку жигити рэп ырчысы Фьючер Захир Уилбернден эки жашар уулу бар.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (3)
Kumarchik
2016-10-31 09:35:09
ушуга окшогон ХХХ ХХХ ХХХ
+1
admin_superstan
2016-10-31 10:02:57
Kumarchik, сайттын же гезиттин ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-комментарий жана талкуу иретинде жазылган билдирүүлөр, сын-пикирлер gazeta@super.kg же portal@super.kg электрондук даректерине жазылып жөнөтүлүшү керек.
0
zinza.girl
2016-10-31 16:38:55
бактылуу болушсун ушу айым жагат да
0
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.