Алмамбет Шыкмаматов акыркы кезде мамлекеттик телеканалдардын жылдызына айланып кетти. Себеби аны жана анын партиялаштарын болуп көрбөгөндөй каралоо жүргүзүлүүдө. Айтылып жаткан сөздөрдүн чын-бышыгын билүү үчүн Алмамбет агайдын өзүнө бардык. Эч буйдалбай, ачык-айкын, буркан-шаркан түшкөн эмоция менен жооп берип агынан жарылды.
– Алмамбет Насырканович, коалиция урады. Буга эмне себеп болду?
– Коалиция кайсы убакта урайт? Өкмөт жакшы иштей албаса, өкмөттүн иши коалицияны канааттандырбаса жана коалициянын ичиндеги фракциялардын маанилүү маселелерде пикири келишпесе. Мына бүгүнкү күндө биз Конституция боюнча пикир келишпестиктерден коалициянын ураганына күбө болуп жатабыз. Биз, "Ата Мекен" фракциясы, Конституцияны азыр өзгөртүүгө караманча каршыбыз. Конституцияга азыр сунушталып жаткандай өзгөртүү кирсе, бир партиянын диктатурасы орнойт, парламентаризмден артка чегинип, түшүнүксүз, коркунучтуу гибриддик саясий систем орноп калат деп жатабыз. Мына өзгөртүүлөргө ылайык президент жана премьер-министр күчтөнөт. Ошол эле маалда элдин өкүлү, элдин атынан шайланып келген парламент алсырап калат. Парламент көз каранды болсо, сын айта албаса, "чөнтөк" болсо, куурчак болсо андай парламенттин барынан жогу. Ал көлөкө сымал декорация гана болуп калат. Андай парламенттерди көрбөдүк беле! Ал "Ак жол", ал "Алга, Кыргызстан". Ошолор көрүп турса көрмөксөн, билип турса да билмексен болуп, башын кумга катып, бийликтин туура эмес иштерине пикир айта алышкан эмес. Анткени алардын укугу аз болчу. Азыркы саясий системде болсо парламент күчтүү. Ал өкмөттү отставкага кетире алат. Бир нече өкмөттү отставкага кетирген. Ошондуктан өкмөт азыр парламентке келип отчёт берет. Парламент аркылуу эл өкмөттүн отчётун угат. Парламентке отчёт берүүнү элге отчёт берүү деп түшүнсөк болот. Парламент күчтүү болсо, эл күчтүү болот деген сөз. Анткени элдин атынан келген парламент аткаруу бийлигин көзөмөлдөй алат. Мына ушул балансты бузуп албайлы деп жатабыз.
– Бийликчил маалымат каражаттарынын айтымында, "Альфа Телекомдун (Мегаком)" 7 пайыз акциясына ээ экенсиз. Башкача айтканда, 23 миллион доллардан ашуун акчага ээлик кылат экенсиз. Ушул чынбы?
– Күндүр-түндүр КТРКдан "Текебаев, Шыкмаматов, Салянованын "Мегакомдо" акциясы бар" деп сайрап жатышат. Бул эми эң жумшак сөз менен айтканда, дөөпөрөстүктүн дөөпөрөстүгү. 2010-жылдан бери "Мегакомдон" түшкөн акчанын бардыгын мамлекет, өкмөт көзөмөлдөп келе жатат. Муну эч ким тана албайт. Муну тастыктаган документтер бар. Эгер алганыбыз чын болсо эбак кармап барып камап, атып салышмак. Далилдеп туруп ошентсе туура да болмок. Ал акцияларды алыш үчүн көк мээ болуш керек, чыккынчы болуш керек.
Экинчиден, акцияны эч кимге бербейт. Берсе ушу Атамбаевдин тегерегиндегилерге берет, аларга сунуш кылат. Анткени сот, прокуратура, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети алардын колунда. Муну мисал катары логикага салып айтып жатам. Шыкмаматовго, Саляновага сот баш ийбейт, УКМК баш ийбейт, ажо баш ийбейт, Максим бере турган болсо булардын колунан эч нерсе келбейт экен деп ойлонот да. Эл да логикага салып мындай болушу мүмкүн эместигин түшүнүп турат. Бирок элди кемсинткендей, буларга айтса ишене берет дегенсип элди шылдыңдап жаткан бул Фарид Ниязов деп билем. Акыл-эси ордунда болгон киши жаман көргөн оппонентине да мындай кылбайт. Оюна койсоң эртең "булар эшектин этин жейт", бүрсүгүнү "ЦРУнун шпиону" деп айтышабы? Булардын айласы кетип калды. Калп айтууну мамлекеттик деңгээлге чыгарып салышты.
– Айласы кеткен бийликтин кейпи кандай болот?
– Мына, Медет Садыркуловду Бакиевдин режими айласы кетип калганда өлтүрүп салды. Акаев бийликтен кууларына аз калганда "менин үй-бүлөм башкарууга кийлигишпейт" деп ушул КТРКдан күнүгө калп айтчу.
А чындыкты эл билчү. Тарых кайталанып жатат. Бүгүн мен бийликтин акылга сыйбаган иштерге барганына таң калып жатам. Мына коалиция эмнеге урап жатат десе, Иса Өмүркулов оозу-мурду кыйшайбай "анткени акаевчилер Конституцияны өзгөртүүгө каршы" дейт. Эгерде акаевчилер десек, эң биринчи акаевчи дал ушул Иса Өмүркулов. Акаевдин жанында жүрүп темир жолду башкарбады беле? Менин жеке пикиримде, бул элди шылдыңдоо. Элден уялыш керек эле да. "Кокуй, кой, эл кантип ушуга ишенсин" демек. Бирөө "эй, Фарид, элди келесоо ойлоп жатасыңбы, ишенбейт, буга ким ишенет?" деп айтышы керек эле да?
Бул деген баягы Өмүрбек Чиркешович кабылган "матрёшка-гейт" сыяктуу. Болгону башка формасы. "Матрёшка-гейтке" да эл ишенген эмес. "Мегакомго" биздин байланышыбыз бар дегенге да эл ишенбейт. Дагы бир жолу кайталайм, 2010-жылдан тарта "Мегакомдун" бардык каражаты мамлекетке түшүп турган. "51 пайыз менчиктештирилгенге чейин акча кайда түшүп турган?" деген суроо жаралышы мүмкүн. Акча мамлекеттеги эсепке түшүп турган да, кийин толугу менен мамлекетке өткөн.
– "Бул Фарид Ниязовдун пас интригасы, "матрёшка-гейттин" экинчи сериясы" деп айтып жатасыз, ал адамдын сиздерге жеке таарынычы барбы?
– Жеке таарынычтар жок. Бул жерде баягы бардык жолдор Римге алып барат дегендей, бардык ыплас иштерге Фаридди түртүп жатышат. "Болбой баратса качып кетесиң" деп жатышабы деген ой келет. Азыр "кыштан кантип чыгабыз, тышкы карызды кантип төлөйбүз, мигранттардын маселесин кантип чечебиз, элдин жашоосун кантип оңдойбуз?" деп толгон-токой маанилүү көйгөйлөрдү чечүүнү ойлонбой, булар чогулуп алып "Текебаевди кантип жок кылабыз, кантип жаманатты кылабыз?" деп отурушат.
– Конституцияны өзгөртүүгө каршы чыккандар – өлкөгө каршы чыккандар" деп президент Алмазбек Атамбаев билдирди. Бул боюнча эмне дейсиз?
– Мына, окумуштууларды чакырып, парламенттен сыртта калган саясатчыларды чакырып, анан майда-чүйдөсүнө чейин талкуулап, кызыл чеке болуп талашып, шашпай бардык каталарды карап чыгып, анын баарын элге КТРК аркылуу ачык көрсөтсөк болбойт беле?! Ошондо 20-30 жыл иштей турган идеалдуу Конституцияны кабыл албайт белек, телегейибиз тегиз болбойт беле?! Ажонун мартабасы көтөрүлүп, тарыхта аты калбайт беле?! Конституцияны өзгөртүүгө каршы чыккандар эл душмандары деген президент айтчу сөзбү?! Ушул туура ой жүгүртүүбү? Бул деген "менин айтканымды кылгыла, кылбасаңар эл душманысыңар" деген сөз.
Илгери мыкты падышалар тегерегимдеги вазирлер алдап жаткан жокпу деп дербиштин кийимин кийип, эл аралап жашоо-шарттын чыныгы абалын билчү экен. Бизде ажону туурап калгандары ой айтып жатышат. Эл душманысыңар десе Оштун мэри "ажону сындагандарды Кудай урсун" дейт, фракция башчысы "акаевчисиң" деп чыкты. Күнөөлөй турган жөнүңөр болсо, аргумент-факты менен сүйлөгүлө! "Сен жиндисиң, сен душмансың" деген аргумент эмес. "Камап салам, өлтүрүп салам" деген аргумент эмес. Мен камаганынан да, өлтүргөнүнөн да коркпойм. Анткени менин берген антым бар! Балдарым бар! Алар ушул мамлекетте жашайт! Анан камап койбосо экен деп кантип абийирим менен соодалашам? Кантип өзүмдү күзгүдөн карайм? Кантип адалсынам? Элдин бетин кантип карайм?
Негизи коркоктор баары бир жерге үйүлүп алышат. Анан ойлошот болуш керек, "биз коркуп жатабыз, демек, булар деле коркот болуш керек" деп. Биз коркпойбуз. Себеби бизди камаса, бизди өлтүрсө булардын накта жүзү ачылат. Өзүбүздүн камалуубуз менен, өлтүрсө өзүбүздүн өлүмүбүз менен булардын жүзүн ачабыз. Канжыгага башты байлайт деген ушул. Коркуп жүрсөк авторитардуу режим орнойт, баары кошоматчы болот. Бирок кыргызда эч убакта андай болгон эмес. Жок дей турган адамдар сөзсүз чыгат. Бизди өлтүрсө ордубузга келчү башкалар чыгат. Андыктан чындык үчүн акырына чейин турабыз. Чындык деген эмне? Бул Конституцияга тийбе, алмаштырсаң мыйзамдуу алмаштыр, мамлекеттик деңгээлде калп айтпа дегендик.
– Сиздин оюңузча, Баш мыйзамды өзгөртүүнүн максаты эмне?
– Конституцияны өзгөртүүнүн бир эле максаты бар. Калган максаттары жөн элди жоошутуш үчүн алдап айтылган максаттар. Негизги максат – КСДП жана президенттин тегерегиндегилердин бийликте калуусу. "Кетем, президент болбойм деди" деп жатышпайбы. Бул авторитаризмдин бөлөк формасы. Бийликтен тыш туруп алып өзүнүн шоопурлары, катчысы, партиясы менен башкарып жүрө берет. Бийликтен кетпештин эле амалы. Бул нерсе алардын азыркы максаты гана. Билесиңерби, Акаевдин да, Бакиевдин да ушундай максаттары бар болчу. Бул максаттар ишке ашпайт. Муну бөркүмдөй эле көрөм. Анткени Манастын арбагы колдогон калдайган калың эл бар. Эл жол бербейт.
– Алмамбет Насырканович, жарнаманы адам 15 жолу көргөндөн кийин ишене баштайт дешет. 15 жолу кошоматчы басылмалар менен жамандата берүүнүн акыры сиздерге залалын тийгизбейби?
– Ынанымдуу болуш үчүн булар илимий жолдорду колдонуп жатышат. Сен айткандай, жарнамалык принциптер менен иштеп жатышат. Кайра-кайра айтышат. Сандарды бадырайта жазып факты катары көрсөтүүгө далалат жасашууда. Маселен, бир буюмду да кайра-кайра көрсөтө берип элди көндүрүшөт. Бирок бир нерсени эске алуу керек. Буюм сүйлөбөйт. Ал чындыкты айта албайт! Биз чындыкты айтып чыгабыз! Мына силерге окшогон көз карандысыз маалымат каражаттары аркылуу элге жеткиребиз. Анан чындык ачылган соң алардын абийири ачылат, бизде иммунитет пайда болот. Эл жүрөгү менен да ойлонот. Жүрөк мээден жакшы ойлоно аларын унутпайлычы. Болбосо эртеден кечке КТРКны калп айттырган Акаев жетпейт беле мүдөөсүнө! Бакиев жетпейт беле?! Эми ошол сабак болбой жатпайбы! Далилдери жок! Көрсөтүшпөйбү?! Куру сөз! КТРК адилеттүү, ар тараптуу болсо эмнеге "Дастан" заводу боюнча былыктарды көрсөтпөйт. "Дастан" заводунун Максим Бакиевге өтүп кеткен жерине президент Алмазбек Атамбаев там салып жатканын биз факты менен, документтер менен көрсөттүк. "Бүлүнгөндөн бүлүк алба" дейт кыргызда. Бүлүнгөн Максим алып баар таппаган жерге эмнеге там салат? Эмне алат аны? Ишенген кожом сууга акты болуп жатпайбы!
Мирлан Өмүралиев
politika@super.kg