Каттама камырды үй шартында өзүңүз даярдасаңыз, акчаңызды үнөмдөгөндөн сырткары андан сапаттуу, даамдуу азыктарды жасайсыз. Келиңиз, каттама камыр даярдоону үйрөнөбүз.
Керектелүүчү азыктар:
Ун – 4 стакан
Жумуртка – 1 даана
Каймак май же сары май – 100 грамм
Койдун майы – 50 грамм
Өсүмдүк майы – 3 аш кашык
Жылуу суу – 1 стакан
Татымына жараша туз
Даярдоо ыкмасы:
1. Алгач унду элеп алабыз. Элеген учурда ундун арасына аба кирип, камыр жакшы жуурулат. Эми унга жумуртка, өсүмдүк майын, туз жана жылуу суу кошуп камыр жууруйбуз.
2. Камырды 10-15 мүнөткө тыныктырып, кайра ийлейбиз. Ийленген камырды 3 субалага бөлүп, үстүн жаап дагы 10 мүнөткө тыныктырабыз. Тыныккан камыр жеңил жана бат жайылат.
3. Ар бир субаланы 1 миллиметр калыңдыкта жайып, бетине эритилген каймак май менен койдун майын сүйкөйбүз. Сүйкөлгөн май тоңо түшкөндө үстүнө жайылган экинчи камырды тегиздеп салабыз да, анын бетин да майлайбыз. Үчүнчү субала да ушундай ыкмада майланат. Табитиңизге жараша май сүйкөлгөндөн кийин үстүнө майда тууралган укроп да себелесеңиз болот.
4. Эми камырды бир четинен тыгыз ороп, 15-20 мүнөткө муздаткычка сала турабыз.
5. Белгиленген убакыттан кийин курч бычак менен салмагы 50-60 граммдан кесип, идишке тизип, бетин целлофан баштык менен бекем жаап, муздаткычтын тоңдургуч бөлүгүнө салып коёбуз.
Сактоо мөөнөтү (тоңдургучта) – 6 ай
КАТТАМА ТОКОЧ
Керектелүүчү азыктар:
Каттама камыр – 250 грамм
Малина кыямы – 100 грамм
Жумуртка – 1 даана
Даярдоо ыкмасы:
1. Каттама камырды 2-3 миллиметр калыңдыкта жайып, 7Х7 сантиметр өлчөмүндө кесебиз.
2. Кесилген камырдын ортосуна 1 чай кашык кыямды салып, четин бекитип, бетине жумуртканын сарысын сүйкөйбүз. 180 градуста ысып турган электр мешинде бышырып алабыз. Токоч муздагандан кийин бетине кумшекер упасын себелеп койсок болот. Мындан сырткары токочтун ичине быштак, шоколад, кыямдын түрлөрүн, өрүк как, мейиз колдонсоңуз да болот.
КОЛБАСА ЖАНА СЫР РУЛЕТИ
Керектелүүчү азыктар:
Каттама камыр – 250 грамм
Колбаса – 100 грамм
Сыр – 100 грамм
Жумуртка – 1 даана
Даярдоо ыкмасы:
1. Каттама камырды калыңдыгы 3-4 миллиметрдей жайып, үстүнө ичке кесилген колбасаны тизип, анан сүргүчтөн өткөрүлгөн сырды себелеп рулеттей кылып оройбуз.
2. Эми рулетти аралыгын 2,5 сантиметрден кылып кесебиз да, асты майланган табага тизебиз. Үстүнө жумуртканын сарысын сүйкөп, 180 градуста ысып турган электр мешинде бышырып алабыз.
Дамира Арстанова
kenesh@super.kg