Кылычбек Султанов: «2009-ЖЫЛЫ ПРЕЗИДЕНТТИК ШАЙЛООДО АТАМБАЕВДИ КОЛДОГОНУМ ҮЧҮН БИЙЛИКТИН КЫСЫМЫНА, КУУГУНТУКТООСУНА ДУУШАР БОЛГОМ»

– Агай, биринчи суроом, сизди "Супер-Инфону" Текебаевге сатып жиберди дешет, ушул чынбы?
– Мындан 12 жыл мурун гезиттин чыгымдарын жабуудан кыйналып, Атамбаевге өнөктөш болуу сунушу менен кайрылууну чечкем. Анткени ал киши менен 17-18 жыл мурун таанышып, жылуу пикирде калган элем. Бирок ошол кезде сунушумду ага жеткирүүгө мүмкүнчүлүк болгон жок. Көп өтпөй компаниямды өз алдымча бутка тургузуп алдым. Ошондон кийин гезитти бирөөгө сатуу же бөлүшүү тууралуу ой дагы жаралган эмес. Саясат менен алек болуп, депутаттыкка ат салышып жүрдүм. Ошентип мамлекеттик кызматка келгенге чейин эле компанияны жубайыма өткөрүп бергем.

– Элчиликти Текебаев үчүн таштап кеткениңизге өкүнбөйсүзбү?
– Элчилик кызматты Текебаев үчүн эмес, кыргыз элинин, анын ичинде өзүмдүн балдарымдын келечеги үчүн таштадым. Жасаган эмгегиң үзүрлүү болсо, албетте, кубанасың. Эки жылга жетпеген убакыт ичинде үзүрлүү эмгектендим. Дагы да элибиздин пайдасы үчүн аткаруучу көп пландарым бар эле. Бирок мамлекетибиздин туура эмес жакка бурула баштаганын токтотуп калууга салым кошуу – мен үчүн орчундуураак. Баш мыйзам боюнча президент менен пикирим төп келбей калганын ачык айтууну туура көрдүм. Ал эми президент анын пикирин туура эмес дегендерди кызматтан алуу укугунан пайдаланды. Кыскасы, өзүмдүн тагдырыма эмес, мамлекеттин тагдырына өкүнөм.

– Андан кийин бийлик тараптан кысым болбодубу?
– Азыркы ыргакта кете берсе, келечекте сөзсүз кысым болушу мүмкүн. Өлкөбүздө диктатуранын карааны көрүнө баштады. 2009-жылкы президенттик шайлоого чейин жана шайлоо маалында бийликтин кысымын үй-бүлөм менен чогуу сезгем. Ал кезде Атамбаевдин талапкерлигин колдогонум үчүн кысым болгон. Күбөлөр бар.

– Сөз эркиндигине да чектөө киргизилип, айрым өлкөлөрдөгүдөй абал бизге да келиши мүмкүнбү? Деги эле учурдагы сөз эркиндигине кандай баа бересиз?
– Сөз эркиндигин ким бийликке келсе эле өздөрүнүн менчиги катары көрүшөт экен. Ар башка мамлекет, ар башка эл өзүнүн тарыхына, маданиятына, мүнөзүнө жараша эркиндикке, анын ичинде сөз эркиндигине ар башкача мамиле кылышат. Биздеги сөз эркиндиги – бул кыргыз элибиздин менчиги, элибизге тиешелүү табигый нерсе. Бул – аба, суу сыяктуу эле элибиздин кылымдан кылымга жашоосу үчүн Кудайдын берген табияты. Аны бууп коюу, чектөө – элибиз үчүн өлүмгө тете. Ошондуктан сөз эркиндигисиз же кыргыз жоголот, же чектегиси келген бийлик жоголот.

– Мындан аркы кадамдарыңыз кандай болот, эмне пландарыңыз бар?
– Өлкөбүздүн келечеги мени кооптондурат. Мамлекетибиз, мекенибиз жалгыз. Ошондуктан кыргыз элинин келечегине кайдигер эмес мекендештерим менен урпактарыбыздын жаркын жашоосу үчүн колдон келген аракетимди кылам.

– Конституциянын өзгөртүлүшүнө каршы болуп жатасыздар, бирок түп нусканын табылбай жатканына карабай референдум өткөрүлмөй болду. Ушинтип эле жеңилгенге аргасыз болосуздарбы?
– Азыркы саясий процесстер бирөө жеңип, бирөө жеңиле турган нерсе эмес. Жеңилсе – жалпы эл жеңилет, жеңсе – жалпы эл жеңет. Анткени каршы тарап да, колдогон тарап да бир элбиз. Эч бир аракет текке кетпейт. Конституциянын өзгөртүлүшүнө каршылык көрсөтүүбүз бүгүн өз максатына жетпей калышы толук мүмкүн. Бирок тарых алдында чындык баары бир жеңет.

Гүлмайрам Турусбекова
"МАЙДАН.kg" 26.10.2016
(Текст Кылычбек Султановдун Фейсбуктагы баракчасынан алынды)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 730, 28-октябрь-03-ноябрь, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан