SUPER.KG порталындагы "Күнсереп" рубрикасында күн ичинде болуп өткөн коомдук жана саясий окуяларга саресеп салынууда. Биз окурмандарды мына ошол рубрикада жарыяланган макалалардын урунттуу учурлары менен тааныштырабыз.
20-октябрь:
АТАМБАЕВ БИЙЛИКТИ СЫНДАГАН ЖУРНАЛИСТТЕРДИН ТАГДЫРЫН ЭСТЕТТИБишкектин Арча-Бешик конушунда жаңы спорт комплекси ачылды. Ага катышкан президент Алмазбек Атамбаев комплексти курууга демөөрчүлүк кылган орусиялык «Газпром» компаниясын абдан мактап, башкармалык төрагасы Алексей Миллердин төшүнө "Данакер" медалын такты. Орусиянын айрым министрликтери Кыргыз мамлекетин ара жолго таштап кеткенин, «Газпром» андайга барбаганын жетишкендик катары атады президент. Кыргыз президентинин таарынычы Орусиянын Энергетика министрлигине багытталды деп божомолдоого болот. Анткени Атамбаевдин Жогорку Нарын ГЭСтер каскады жана Камбар-Ата 1 ГЭСин куруу планы Орусия өкмөтүнүн айынан үзгүлтүккө кабылган. Энергетикалык көз карандысыздыкты оозунан түшүрбөгөн президент үчүн аталган ГЭСтердин курулушунун токтоп калышы катуу сокку болгон. Анткени элге берилген маанилүү убада аткарылбай калды. 2013-жылдын декабрында президент Камбар-Ата 1
ГЭСинин куруларына ишенерин айтып, элди да ишенүүгө чакырган. "Бул долбоорду аягына чыгарабыз. Камбар-Ата ГЭСин Орусия эми колдобойт дегенди тактоонун кереги деле жок. Бул ушак бойдон калат",- деген эле. Ал сөз ушак эмес, чындык болуп чыкты. 2015-жылдын декабрында Атамбаев Орусия кризистин айынан ГЭС кура албай калганын, андыктан башка инвестор издөө керектигин айтууга аргасыз болгон.
Бир ок менен бир нече коён атууну көздөдү көрүнөт, президент бүгүн журналисттерге нааразычылыгын айтты. Сөзүнөн улам капачылыгы бийликти сындаган журналисттерге жана ММКларга багытталганын баамдоого болот. Айрым журналисттердин аты-жөнүн атап, аларга Бакиевдин тушунда журналисттерге уюштурулган кол салууларды, зомбулуктарды, буюртма өлтүрүүлөрдү эскертти. "Айрым журналисттер Бакиевдин тушунда азыркыдан жакшы эле деп кыйкырып жатышат. Павлюкту кантип 6-кабаттан тирүү таштап жибергени эсиңердеби? Ар дайым эстеп жүрүү керек: ким тарыхты тапанча менен атса, келечек аны замбирек менен атат",- деди президент. Атамбаевдин бул сөзү "бийликке сын айтканды токтоткула, болбосо Бакиевдин тушундагыдай болот" деген сигналбы?..
21-октябрь:
"КЫРГЫЗСТАН" КСДП МЕНЕН "АТА МЕКЕНДИН" БИЙЛИКТЕН КЕТИШИН КААЛАЙБЫ?Кыргызстан» фракциясынын депутаттарынын басымдуу бөлүгү ишкерлер. Журналисттер менен пикир алышууда Канат Исаев байлардын бийликке келүүсүнөн трагедия жаратпоого чакырды. Айтымында, кыргызстандыктар "бай чиновниктер сөзсүз ууру же коррупционер" деген түшүнүктөн арылып, өзүн бага албаган адамдын мамлекетке жардам бериши кыйын экенин билиши керек. Фракция лидери 1917-жылы өз эмгеги менен байлыкка жеткен адамдардын кулакка тартылганын мисал келтирип, элди социализм идеологиясын унутууга чакырды. Саясат таануу илиминин аныктамасы боюнча социалисттик идеяны социал-демократтар менен социалисттер карманышат. Мындан улам Жогорку Кеңештеги башкаруучу коалициянын төрагасы Канат Исаев КСДП (социал-демократтар) менен "Ата Мекен" (социалисттер) фракцияларын коалициядан чыгарууну көздөп жатабы деген ой жаралат. Швециялык саясатчы Харс Енсендин билдирүүсү өлкөбүздөгү кырдаалды накта сүрөттөөдө. Ал төмөнкүнү айткан: "Окумуштуулар, инженерлер, дарыгерлер жана интеллигенциянын өкүлдөрү өлкөдөн кетишкенде ишкерлер бийликке келишет, көчөдөгү шылуундар саясатчы болушат, спортчулар, артисттер, базардагы соодагерлер парламенттин депутаттары болушат"...
24-октябрь:
КОАЛИЦИЯ УРАДЫ. БАБАНОВДО ҮМҮТ ЖАРАЛДЫ
КСДПК фракциясы бүгүн коалициялык көпчүлүктөн чыгып, өкмөттү отставкага кетирип, өнөктөштөрү «Ата Мекен» менен «Өнүгүү-Прогресс» фракцияларын оппозицияга айдады. КСДПга мындай кадам жасоону Өмүрбек Текебаев өзү сунуш кылган. Үстүбүздөгү жылдын сентябрь айында Жогорку Кеңеште Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана парламент регламенти боюнча комитет башчысын шайлоо маселесинде коалициялык көпчүлүктүн ичинде пикир келишпестиктер жаралып, КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркулов "коалициялык көпчүлүктө бири-бирибизди түшүнбөй жатабыз, бул эки фракция коалициядан чыксын" деп чыккан эле. Өмүрбек Текебаев коалициялык макулдашууда президенттин Конституцияны өзгөртүү демилгесин колдоо керек деген пункт жоктугун, «Ата Мекен» макулдашууну аткарып жатканын, иштеше албаса, коалициядан КСДП өзү чыгышы керектигин айткан. КСДП бул сунуштун үстүнөн иштеп, Өмүрбек Бабанов башында турган «Республика-Ата Журт» тарабынан колдоо табууга 1 айча убакыт кетирди. Коалициядан чыгуу чечимин түшүндүрүүдө КСДП «Ата Мекен» жана «Өнүгүү-Прогресс» фракцияларын мародёрчулукка, Акаев-Бакиев кызыкчылыктарын коргоого айыптады. Демек, бүгүндөн баштап мамлекеттик жана бийликчил маалымат булактарынан жогорудагы эки фракциянын дарегине дал ушундай каралоо, айыптоолор күчөйт деп күтсө болот.
Иса Өмүркулов: «Аты аталган эки фракция «Кумтөр» боюнча кылмыштардын эскирүү мөөнөтүн алып салууга каршы»,- деп көпчүлүктүн назарын негизги маселеден башка жакка бурууга аракет жасады. «Ата Мекенди» минтип айыптоо мүмкүн эмес. Анткени «мамлекеттин кызыкчылыктарына каршы чыккынчылык кылуу», «кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» жана «коррупция» боюнча кылмыштардын эскирүү мөөнөтүн алып салуу, мындай оор кылмыштарды кечирбөө демилгесин дал ушул «Ата Мекен» фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев көтөрүп чыккан. Дал ушул фракциянын өкүлү Аида Салянова башкы прокурор кезинде "2003-жылы «Кумтөр» боюнча мамлекеттин кызыкчылыгына каршы келе турган келишимге кол коюшкан" деп мурунку министр, мамлекеттик мекемелердин жетекчилеринин үстүнөн кылмыш иши козголгон. Тилекке каршы, бул адамдар соттордун жардамы менен «кылмыш мөөнөтү эскирди» деп кутулуп кетишти. Айыпталгандардын катарында ошол кездеги каржы министри Болот Абилдаев да бар болчу. Бул адам учурда «Газпром» компаниясынын Кыргыз Республикасындагы филиалынын жетекчиси. Аталган ишкана президент Алмазбек Атамбаевдин, бийликтин өткөрүп жаткан аш-той, иш-чараларына өзгөчө марттык менен демөөрчүлүк кылып келет.
Өмүркулов президент тарабынан коалицияны куроо мандаты бериле электе кийинки коалицияда кимдер болуп, кимдер болбошу тууралуу сөз кыла баштады. Өмүрбек Текебаев менен Бакыт Төрөбаевди сүрүп чыгып, коалицияга Өмүрбек Бабановду кошчу болсо, КСДП Түндүк-Түштүк балансын бузат. Учурда кийинки коалиция КСДП (38 мандат), «Кыргызстан» (18 мандат) жана «Республика-Ата Журт» (28 мандат) фракцияларынан куралары айтылып жатат. Көрүнүп тургандай, Иса Өмүркулов, Канатбек Исаев жана Өмүрбек Бабанов дагы өлкөбүздүн түндүк аймагынын өкүлдөрү...
25-октябрь:
БАБАНОВДУН БААСЫ ӨСТҮБабановдун баасы кымбаттап жатат. Бизнесмен-саясатчы түзүлүп турган кырдаалды жөн кетирбесин коалиция түзүүчүгө койгон ультиматуму менен билдирди. Шарт мындай: «Республика-Ата Журттун» программасын коалиция жактырса, анда көпчүлүккө кирүү боюнча сүйлөшүүгө барат, жактырбаса, анда коалицияга кошулбайт. Абал казинодогу ва-банктай. Же коалиция түзүүчү фракция Бабановдун каалаганын аткарууга макул болот, же коалиция курай албайт. КСДП «Ата Мекен» жана «Өнүгүү-Прогресс» менен иштеше албай калдык, алар мародёр экен, алар Акаев менен Бакиевдин тапшырмаларын аткарып жатышыптыр» деген маанидеги түшүндүрмөсү менен кечээ коалициядан чыкты. Демек, жогорудагы эки фракция КСДП курай турган кийинки коалицияга кошулбайт. «Бир бол» Баш мыйзамды өзгөртүү үчүн референдум өткөрүү тууралуу мыйзам долбооруна демилгечи катары кол койбой койгон. Анын үстүнө өткөн аптада президент Алмазбек Атамбаев бакиевчилер «Бир болго» топтолуп алышканын айткан. Демек, КСДПнын «Кыргызстан» фракциясынан башка парламентте ишеним арта алган өнөктөшү калган жок. Бул эки фракцияда 56 гана мандат бар. Ал сан коалицияны куроого жетпейт. Ушундай кырдаал Бабановдун баасын өстүрүп жатат. «Республика-Ата Журттун» лидери коалицияга кошулуу үчүн эмне сурашы мүмкүн? Премьер-министрликти же президенттик шайлоодо бийликтен колдоону...
Дагы бир жол бар. Өмүрбек Текебаев Жогорку Кеңештин депутаттарына болгон кайрылуусунда «президентти катыштырбай туруп коалиция курап, өкмөттү түзүүгө парламенттин укугу бар» деген. Эгерде КСДП «Республика-Ата Журтту» коалицияга киргизе албаса, анда «Ата Мекен», «Өнүгүү-Прогресс», «Республика-Ата Журт» жана «Бир бол» фракциялары биригип коалиция курай алышат. Теориялык жактан алганда бул мүмкүн...
26-октябрь:
"АТА, МЕН АКМЫН..." ОКУУЧУНУН АКЫРКЫ КАТЫ ЭЛДИ ЫЙЛАТТЫ
Сузак районунда 9-класстын окуучусу Шерзат Алимбековдун өлүмү иликтенүүдө. Аталган окуучу мындан 3 күн мурун асынып алган эле. Ал айылдашынын 10 миң сомун уурдоого шектелип кармалып, милицияда суракка алынган. Окуучу өлөр алдында кат жазып калтырып кеткен. Катта уурулук кылбаганын, акчасын жоготкон адам түнкү саат 2де ээн жерде катуу сабагандыктан кылмышты моюнга алууга аргасыз болгонун айткан.
Бүгүн маркумдун жакындары бул окуяга милицияны жана баланы сабады делген айыл тургунун айыптоодо. Алардын билдиришинче, акча жоголгондон кийин Шерзат Алимбековду милицияга жалгыз алып барып, доогер тараптын көзүнчө суракка алышкан. Сабалган бала кылмышты аргасыз моюнга алган болушу толук мүмкүн. Эмне үчүн жашы жете элек баланы атасы же жакындарын катыштырбай туруп суракка алышкан? Мыйзам боюнча, жашы жете элек баланы ата-энесинин катышуусусуз укук коргоо органдары суракка алууга болбойт. Баланын психикасы жабыркабашы үчүн бул окуяга атүгүл психолог да аралашуусу керек эле. Ошондо, мүмкүн, бала өзүн өлтүрүү менен актыгын далилдөөгө аргасыз болмок эмес. Окуя боюнча кылмыш иши ачылып, иликтөө башталды. Баланын каты көпчүлүктүн жүрөгүн оорутту. Мүмкүн, укук коргоо органдарынан акыйкаттык таппасына көзү жеткендир.
Кыргыз Республикасы Бириккен Улуттар Уюмунун кыйноолорго каршы конвенциясына 1997-жылдан бери мүчө. Конституциянын 22-беренесинде "эч ким кыйноолорго, башка адамгерчиликсиз, мыкаачылык же кадыр-баркты басмырлаган мамилеге же жазалоого туш болушу мүмкүн эмес" деп жазылган. Буга карабай кыйноо фактылары уланууда. Кыргыз Республикасында кыйноолордун 85 пайызы кылмышты моюнга алдыртуу максатында жасалат. Кыйноолордун алдын алуу боюнча улуттук борбордун маалыматына таянсак, 2015-жылы мындай фактылар боюнча 200дөн ашык кайрылуу түшсө, 2016-жылдын 5 айында 77 арыз түшкөн. Бул расмий сандар гана...