Ырчы Кайрат Примбердиев Орусиянын "Голос" теледолбооруна катышып жатканы жалпыбызга маалым. Долбоордун 2-туруна өтүү этабында Кайрат атаандашы Владислав Венгли менен дуэт ырдаган. Тилекке каршы, ырчы мырзага устаттык кылган Леонид Агутин Владислав Венглини тандап, мекендешибиз долбоордон четтей турган болгондо ага үмүттү Дима Билан берип, өз командасына кабыл алды. Ырчы бул тууралуу: "Леонид Агутин мени тандабай, каршылашымды тандаганда башында капа болгом. Бирок интернетте комментарийлерди окусам, баары эле менин таламымды талашып жатышат. Анан кайра Агутинге ыраазы болуп калдым, ал мени өз командасынан кетирүү менен элдин көңүлүн мага бурдуруп койду. Андыктан "Голос" теледолбооруна катышуумду Дима Билан менен уланта берем",- дейт.