Учурда социалдык тармакта атактуулардын фейк баракчалары көбөйүп, бул нерсе жылдыздарды тынчсыздандырууда. Алардын бири – Эльдияр Кененсаров. Ал Инстаграмдагы баракчасына: "В контакте социалдык тармагында Эльдияр Кененсаров деген ат менен жүргөн колдонуучу фейк! Аталган социалдык тармактын администрациясына 3 жолу кайрылуу жиберип, бул жалган баракчаны жаптыра албай жатабыз. Ал бул баракчаны кандай максатта ачканы белгисиз. Сураныч, фейкти жаптырууга жардам бериңиздер",- деп жазып чыкты.
"Азия MIX" КВН командасынын оюнчусу Ситора Фармонова да ушундай жагдайга кабылганын билдирди. Ырчынын атынан бирөө Фейсбукта баракча ачып, колдонуучулардан кайрымдуулукка деп акча чогултуп жүргөн.
Кызыгы, аталган псевдобаракчаларда отурган фейктердин окурмандары жогоруда аты аталган белгилүүлөрдүн окурмандарынан көбүрөөк экени таң калтырат.