ӨМҮРБЕК БАБАНОВ КӨЗ КАРАНДЫСЫЗ ПРЕМЬЕР БОЛО АЛАБЫ?

Куралганына 1 жылга жетпей "Ата Мекен", КСДП, "Кыргызстан" жана "Өнүгүү-Прогресс" фракцияларынан турган коалиция тарады. Иса Өмүркулов КСДПнын көпчүлүктөн чыгуусун Өмүрбек Текебаев жана Бакыт Төрөбаев менен тил табыша албай калганына шылтады. Социал-демократтар эми ким менен кол кармашып референдумга барат?

КОНСТИТУЦИЯНЫ ӨЗГӨРТҮҮ ДЫМАГЫ КРИЗИСКЕ КЕПТЕДИ

"Кыргыз өлкөсүндө толук масштабдуу парламенттик кризис болуп жатат, өкмөт отставкага кетип, жаңы коалиция куралууда. Президент тарабынан Баш мыйзамга киргизиле турган өзгөртүүлөргө азыркы Конституциянын "атасы" атыккан Өмүрбек Текебаев, экс-президент Роза Отунбаева каршы чыгып жатат. Дал ушул жагдай кризистин жаралышына себеп болду",- дейт орусиялык журналист жана КМШ өлкөлөрүндөгү саясий маселелер боюнча эксперт Аркадий Дубнов. Кризиске карабастан, 26-октябрда "Референдум жөнүндө" мыйзам долбоору парламентте үчүнчү окууда талкууланып, 89 депутаттын добушу менен жактырылды.
26-октябрда президент Алмазбек Атамбаев көпчүлүк коалицияны түзүү мандатын 6-ирет КСДП фракциясына тапшырды. Фракциянын лидери Иса Өмүркулов журналисттерге берген комментарийлеринде "Ата Мекен" жана "Өнүгүү-Прогресс" менен бирикпей турганын айтып жатат. Ошондой эле коалицияга кирүүдө Баш мыйзамды өзгөртүү роль ойной турганын кыйытып, мындан улам "Бир бол" фракциясы да азчылыкта калышы толук ыктымал болууда. "Бир болчу" депутаттардын айрымдары Баш мыйзамды коргоочулардын сап башында турат. КСДПнын "Кыргызстан" жана "Республика-Ата Журт" фракцияларына таянардан башка варианты жок.

"БАБАНОВ АМБИЦИЯЛУУ ПРЕМЬЕР БОЛГОН..."

КСДП фракциясынын лидери жаңы өкмөт курамында анча деле өзгөрүү болбосун, анын башында турган Сооронбай Жээнбеков ордунда калса жакшы болмоктугун билдирди. 27-октябрь күнү "башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу" деп Икрамжан Илмиянов президенттин кеңешчиси кызматынан бошотулду. Ал Жогорку Кеңештин депутаттыгына келиши мүмкүн. Жаңы коалиция түзүлсө, өкмөттүк курам да өзгөрөт. Кызматтан кеткен министрлердин ордуна КСДПнын депутаттары дайындалса, Жогорку Кеңеште бошогон орунга тизме боюнча кийинки талапкер келет. Акыркы болуп Ирина Карамушкина депутат болуп келди. Тизмеде Карамушкина менен Илмияновдун ортосунда 5 гана талапкер бар. Анын экөө учурда мамлекеттик кызматта.
"Сооронбай Жээнбеков ордун сактап калат" деп жатышканы менен, коалиция курала элек жана ага кирчү фракциялар кандай талаптарды коюшары белгилүү эмес. Мисалы, "Республика-Ата Журттун" лидери Өмүрбек Бабанов кырдаалга жараша, КСДПнын башка варианты жоктугуна карап өкмөт башчылыкты сурашы мүмкүн. Сентябрь айында Өмүрбек Текебаев маалымат жыйынында: "Эгерде Бабановду премьер-министрликтен кетиришпегенде саясий системдеги өкмөттүн орду бүгүн башкача болмок. Бабанов амбициялуу, өз алдынча иш жүргүзгөн жана өтө мобилдүү премьер болгон",- деген. Бабановду кызматтан кетирүүдө чоң роль ойногон "Ата Мекен" болгону менен, көшөгө артында башкача окуялар болгонун Өмүрбек Текебаев мындайча айткан: "2012-жылы оппозициядагы "Ата Журт" партиясы түштүк жергесинде миңдеген адамдардын катышуусунда митинг уюштура баштаган. Ташиев Бабановдун өкмөтүн, аны менен кошо президент Атамбаевди коррупцияга күнөөлөгөн. Биз буга каршы чыга албай койдук. Төңкөрүш коркунучу пайда болду. Буга жол бербешибиз керек эле. Биз Атамбаев менен кеңештик, анан чечтик. Андан кийин Бабановдун өкмөтүн отставкага кетирдик".
26-октябрда SUPER.KG порталы "Өлкөбүз эгемендүүлүк алгандан бери кайсы премьер-министр жакшы иштеп, кандай алгылыктуу иштери менен элдин эсинде калды?" деген сурамжылоо жүргүзүп, ага катышкандардын көпчүлүгү Өмүрбек Бабанов премьер-министр болуп турганда ийгиликтүү иштерди жасаганын айтышты. Бабанов арканды алыс таштап, өкмөт башчылыкты эмес, келерки жылы боло турган президенттик шайлоого колдоо сурап же талап кылуусу мүмкүн. Азыр "эртең президент болом" деген дымагы бар адам өкмөт башчылыкка жулунбасы анык. Президенттик шайлоодо Ташиевге эмес, Атамбаевге көмөк көрсөткөн Ахматбек Келдибековдун, 2015-жылы парламенттик шайлоого катышпай өкмөттү жетектеген Темир Сариевдин кантип борттон сыртта калганы унутула элек.

Бектур Токтоноев
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 730, 28-октябрь-03-ноябрь, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан