Өткөн аптада Жогорку Кеңеш, өкмөт, президенттик аппарат, Боршайком, айтор, Конституция болушу мүмкүн болгон жердин баарынан издешип, бирок анын түп нускасы табылган эмес. Бул аптада президенттик аппарат Баш мыйзамдын оригиналы табылбай жатканына жана башка дагы окуяларга Текебаевди айыптаган маалымат таратты.
Ал эми "Ата Мекен" фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев президент Алмазбек Атамбаев 2010-жылдагы оор кырдаалды, жоопкерчиликти дагы эле түшүнбөгөнүн айтты. "Атамбаев дагы 1 жыл мамлекетти башкарат. Ошол кезде биздин жаныбызда жүрдү, өткөөл мезгилдин өзгөчөлүгүн, кыйынчылыгын, эң башкысы, биз сунуштаган жол картасын түшүнүшү керек эле да. Бүгүн Атамбаев түшүнбөйт экен. Ошентип эл алдында өзүн да, өлкөнү да уят кылып жатат",- дейт депутат. Андан ары Баш мыйзамдын түп нускасы тууралуу Өмүрбек Текебаев мындай жооп берди: "2010-жылы Бакиев качкандан кийин 14 адамдан турган Убактылуу өкмөт өзүнө тарыхый жоопкерчиликти алды. Мен Кыргызстандын саясий системин реформалоо багытына жоопкер болуп, Конституция кабыл алдык. 19-майда Убактылуу өкмөт мүчөлөрү талашып отуруп бир жыйынтыкка келдик. Ошол кабыл алынган декретти Роза Исаковна элге жарыялады. Ошол күндөрү мыйзамдуу бийлик болгон эмес, Убактылуу өкмөт да мыйзамсыз эле. Кол коюу боюнча жалгыз төраганын укугу бар болчу. Роза Исаковна төрага катары декретке гана кол койду. Өткөөл мезгилдин президенти болуп жарыяланбай туруп, кабыл алынган Конституцияга Отунбаева да кол коё алмак эмес. Убактылуу өкмөт мүчөлөрүндө да андай укук жок болчу. БШК 1-июль күнү өзүнүн жыйынын өткөрүп, "Референдум өттү, эл сунушталган Конституцияны колдоду" деп жарыялагандан баштап Баш мыйзам күчүнө кирген".
Бектур Токтоноев
politika@super.kg