АРМИЯНЫН КУРАЛЫ БИЗНЕСКЕ АЙЛАНЫП КЕТКЕНБИ?

Ички иштер министрлигинин 10-башкармалыгынын бөлүм башчысы аскер бөлүктөн курал сатууга шектелип кармалды. Мындай маалыматты ички иштер министринин орун басары Данияр Абдыкадыров билдирди. Маалыматта кылмышка айыпталып Чек ара кызматынын кызматкерлери, эс алуудагы ардагерлери жана милиция кызматкери кармалганы, алар учурда камакта экени айтылат. Кылмыш ишин болсо аскер прокуратурасы тергеп жатат. Эскерте кетсек, курал сатуу боюнча бул алгачкы кылмыш эмес. Буга чейин да "3 даана АКС-74 үлгүсүндөгү автоматты кампадан саткан" деген шек менен чек ара прапорщиги кармалган. Ал кылмыш иши учурда аскер прокуратурасы тараптан иликтенип бүтө элек. Чек ара кызматынын кампасынан 26 автомат, 14 тапанча жана 13 миңдей ок уурдалганы маалым болду. Мындай кылмыш боюнча Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабынын башчысы Раимберди Дүйшөнбиевге сөгүш жарыялануу менен чектелген. Коргоо кеңешинин катчысы Темир Жумакадыровдун маалыматына караганда, Кыргызстанда курал-жарактарды мыйзамсыз сатуу боюнча жазаны күчөтүү сунушталып жатат. "Бул сунуш акыркы учурдагы курал-жарак уурдалган фактылар катталганына байланыштуу" деп билдирет катчы. Аталган кылмыш боюнча да депутаттар тийиштүү жетекчилерди иштен кетирүү демилгесин көтөрүп жатышат. Бирок азыркыга чейин жетиштүү баа бериле элек.

Бектур Токтоноев
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 730, 28-октябрь-03-ноябрь, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан