Бишкекте 3-ноябрда Шанхай Кызматташтык Уюмуна мүчө өлкөлөрдүн өкмөт башчыларынын САММИТИ өтөт. Ага байланыштуу Бишкек шаарында 30-октябрдан 8-ноябрга чейин коопсуздук чаралары күчөтүлөт.
21-августта жоголду деп ИЗДЕЛИП жаткан 15 жаштагы Айпери Сүймөнкул кызы Казакстандан табылды.
Кыргыз мамлекети кайрымдуулук боюнча дүйнөлүк рейтингде 140 өлкөнүн арасынан 34-орунду ээледи. Жыйынтыкты британиялык CAF КАЙРЫМДУУЛУК фонду жарыялады.
Тергөө учурунда же үй камагында кармалган ДЕПУТАТТАРГА айлык берүүнү токтото турууга Жогорку Кеңеш макул болду.
БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекованын айтымында, жергиликтүү кеңештердин шайлоосу менен РЕФЕРЕНДУМДУ өткөрүүгө 135 миллион сомго чейин каражат сарпталат.
Өлкөдөгү дээрлик бардык КОЛОНИЯЛАР оңдоого муктаж. Бул тууралуу Жазаларды аткаруу кызматынын башчысы Таалайбек Жапаров айтты.
Ош шаарында 26-октябрда КЫРГЫЗ-ӨЗБЕК өкмөт өкүлдөрүнүн жолугушуусу болуп өттү. Жыйынтыгында эки тараптуу маданий-гуманитардык жана билим берүү кызматташтыгы боюнча меморандумга кол коюлду.
Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин билдиришинче, 7-ноябрь – Улуу Октябрь Социалисттик революциясы күнү болгондуктан, ЭС АЛУУ КҮНҮ деп жарыяланды.
ЭЛЬВИРА САРИЕВА өз ыктыяры менен Билим берүү жана илим министрлигинин башчылыгынан кетүү боюнча арыз жазды. Президент бул боюнча жарлыкка 27-октябрда кол койду.
Бишкектин базарларынан жалпысынан 108 ID КАРД, 2 айдоочулук күбөлүк жана 2 пенсиялык күбөлүк табылганын Бишкек ШИИББи билдирди. Аталган документтер Мамлекеттик каттоо кызматына өткөрүлүп берилди.
Жогорку Кеңештин депутаттары мурдагы президент КУРМАНБЕК БАКИЕВДИН жана 2010-жылдагы Июнь окуясына себепчи болгон КАДЫРЖАН БАТЫРОВДУН мүлктөрүн улутташтыруу боюнча депутаттык комиссия түзүштү. Буга себеп 100дөн ашуун мүлктүн 47си гана улутташтырылганы болгон.
Бүткүл дүйнөлүк экономикалык форумдун изилдөөсүнө караганда, ГЕНДЕРДИК ТЕҢДИК боюнча Кыргызстан 81-орунда. Изилдөөгө 144 өлкө катышкан.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.