"АТА, МЕН АКМЫН!" ЖЕ ОКУУЧУНУН ӨЗ ЖАНЫН КЫЙЫШЫНА ЭМНЕ СЕБЕП БОЛГОН?

"Ата мен Бакыт аканын акчасын 1сомун дагы алган эмесмин Бакыт аканын баласы түнкү саат 2де бакка алпарып сомду алдың деп чывык менен кийимими көтөрүп 10-15 жолу чаап анан башыма бетиме 5-6-жолу чапканда көзүм караңгылашып кеткенде өлтүрүп коёт окшойт деп мойнума алгам. Мынтыгынын мага эмне кереги бар аны алгандан кийин мен кантип көтөрүп жүрмөг элем мен берген 3900-сом. Өзүмүн акчам болчу2000-сомду туалет казып калган 1900-сомду мурда чоглуткан акчам болчу ата мени сиз ууру деп ойлобоң ал жерде мен акмын ак экеними даказайтетип берем мени Бакыт аканын үйүнөн табас бул катты бир эле сизге эмес 2-3 адамга бердим ата мен азыр апамы эле күтүп жүрөм 2-3 күндөн кийин келсе апамы бир көрсөм эле болду. өзүмүн 3900-сомумду дагы сиздин 10000-сомуңузду 100000-кылып төлөтүп берем. мени башка жактан издеп убара болбоң Бакыт аканын үйүнөн табасыз менин акыркы сөзүм мен акмын. ал жерде"

 

Бул Сузак районунда уурулукка шектелип, өз жанын кыйган 9-класстын окуучусунун акыркы каты. Окурмандарга каттын эч бир жерин оңдобой берүүнү туура көрдүк. Ал эми окуучунун өлүм алдында бул катты жазуусуна, өз өмүрүнө кол салуусуна эмне түрткү болгондугуна төмөндө жооп издеп көрдүк.


"БАЛАМДЫ САБАП, КҮНӨӨНҮ МОЮНУНА АЛДЫРЫШЫПТЫР"

2016-жылдын 23-октябрында Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Сымкат айылынын тургуну Шерзат Алимбеков өз үйүндө асынып алып, ооруканага жетпей каза тапкан.

Маркумдун атасы Талантбек Алимбеков менен байланышып, окуя кандайча болгондугун өз оозунан уктук:
– Шерзат 4 уулумдун кенжеси эле. Биз тууганыбыз ооруп Жалал-Абад шаарына кетип, үйгө малды карасын деп Шерзатты таштаганбыз. 17-октябрь күнү келсем айылдашыбыз Бакыт Токтосунов дегендин 25 жаштагы Кубаныч аттуу баласы жолугуп: "Аяш ата, мен балаңызды айылдын этегиндеги бакка алып барып аябай сабадым. Атамдын унаасынан акча алып коюптур. Моюнуна алды",- деди. Баламды милиция бөлүмүндө дегенинен барсам уулум отурат. Бети-башы, денеси көк ала. "Сени ким урду?" десем эле Кубаныч "аяш ата, мен урдум дедим го" деп калды. Көрсө, ал баламды 15-октябрь күнү сабаган экен, таң аткыча унаасына салып жүрүптүр.
16-октябрда 5-6 милиция кызматкерлери жана Кубаныч Октябрь аймактык милиция бөлүмүнө жашы жете элек уулумду алып келишип, ата-энеси же мугалиминин катышуусуз өз алдынча суракка алышкан. Жыйынтыгында уулума уурулукту моюнуна алган түшүнүк кат жаздырып алышыптыр. Уулум буга чейин айылдаштарыбыздын биринин дааратканасын казышып акысына 2 миң сом, дагы бирөөлөргө шагыл ташышып 1900 сом алып, аны уюлдук телефон сатып алам деп сактап жүргөн экен. Ошол акчаны сурак учурунда милиция кызматкерлери уулумдун чөнтөгүнөн таап алып, "уурдалган акчадан калганы" деп алып коюшуптур. "Балаңыз өзү моюнуна алды" дешкенинен уулум чын эле уурулукка барган окшойт деп ойлоп калгам. Айлам кеткенде Бакытка барып 10 миң сомун төлөп берип, алардан "доом жок" деген тосмо арыз алып келдим. Өлөрүнө 3 күн калганда уулум "ата сиз уялбаңыз, мен Бакыт байкенин акчасын уурдаган эмесмин. Аны далилдеп берем. Мен жөн жерден жаманатты болуп калдым, эгер актыгымды далилдей албасам Бакыт байкенин үйүнө барып асынып алам" деп кат жазганынан көңүлүн алып уюлдук телефон сатып берип, кайтарып 2-3 күн жанынан чыкпай жүрдүм эле (каарманым сөзүнүн ушул жерине келгенде мукактанып сөзүн андан ары улай алган жок)...

"ИНИМДИН ӨЛҮМҮНӨ АЙЫЛДАШЫБЫЗ КҮНӨӨЛҮҮ"

Талантбек Алимбековдун иниси Эркинбек буларды кошумчалап өттү:
– Шерзат арыкчырай, узун бойлуу, кызга окшоп созулган бала эле. Ата-энеси 10 жылдан бери Москвада иштеп биздин колдо чоңоюп баламдай эле болуп калган. Былтыр атам каза болгон соң агам айылга келип, жеңем Москвада иштеп жүргөн. 6-ноябрда атамдын жылдыгы болмок. Жеңем ошого келмек, 24-октябрга учакка билет алып койгон.
Инимди уруп-согуп уурулукту моюнуна алдырып коюшуптур. Анда мен шаарда элем, келсем иним сүйүнүп кетти. "Эркинбек байке, сизди күтүп жүргөм, ушул иштин акырына чыгып бериңиз, мен акмын",- дейт. Аны уккан соң мен окуяны териштирейин деп туугандар менен чогуу милиция бөлүмүнө барып, жетекчисине жолуккан элек. Бирок ал инимдин акчасын кайтарып бермек түгүл, "сабаганы тууралуу арыздансаңар балаңарды каматып жиберем" деп Бакыт Токтосуновдун сөзүн сүйлөп туруп алганынан баса бергенбиз.
Бакыт Токтосунов мурда Жалал-Абад ОИИБинин тергөө бөлүмүнүн башчысынын орун басары болуп иштеген. Бир уулу азыр Ала-Бука РИИБинде тергөөчү. Инимдин өлүмүнө 100 пайыз Кубаныч күнөөлүү. Себеби ал инибизди бактын жанына алып барып сабап, "эгер уурулукту моюнуңа албасаң бакка асып өлтүрөм. Эртең милиция кызматкерлерине барып "акчаны мен уурдагам" деп айтасың" деп коркутуптур.

Маркум тирүүсүндө туугандары анын денесиндеги ур-токмоктон калган тактарды уюлдук телефонго тартып алышкан. Акыркы жолу тартылып алынган видеодо анын: "Мен 10 миң сом уурдаган эмесмин. Бакыт акенин баласы мас абалда катуу сабады. Өлтүрүп коёбу деп моюнума алгам. Ошол учурда жанымда 3900 сом бар болчу. Анын 2 миң сомун жер казып алгам, калганын чогултуп жүргөм",- дегенин көрүүгө болот.
Апсамат Тажибаев атындагы орто мектептин директору Гүлбара Эргешовага байланышканыбызда бул окуя мектептен тышкары болгондугун, окуучуларга убагында рэкетчиликтин, суициддин алдын алуу боюнча сабактар өткөрүлүп келгендигин маалымдады.

"БАЛАМ МАРКУМДУ САБАГАН ЭМЕС!"

Андан соң Бакыт Токтосуновго байланышып, анын да оюн уктук:
– Бул боюнча милиция кызматкерлери тергеп жатат. Унаамдын бардачогунда 10 миң сомум бар эле. Каза болгон бала уулум менен үйгө келип унаада отуруп ойноп кеткен экен. Анын 1000 сомун бирөөгө бергем. 9 миң сому калган. Бир күнү карасам 3 миң сому жок. Уулумду барып "сен алдың" деп уруштум. Ал "алган жокмун" дегенинен, аялыма "сен алып керегиңе жараткан окшойсуң" десем, ал да албаптыр. Эртеси бир жакка тойго барып унаамдагы капчыгымды карасам калган 6 миң сом да жок. Эшиктин алдындагы тирдин мылтыгын да уурдап кетиптир. Ошондо милиция кызматкерлерине телефон чалдым.
Каза болгон бала уурулукту моюнуна алган. Менин уулум аны уруп-согуп моюнуна алдырган деген жалаа. Тирдин мылтыгын уурдап кетип, бирөөнүн үйүнө бекитип койгон жеринен табылды. Бул баланын мурдагы фактылары да толтура. Атасы келип ыйлап, кечирим сураганынан "акчамды төлөп бергиле" дегем. Акчамды берип тосмо арыз жаздырып кетишкен.
Баласына кат жаздырып алыптыр, аны мага окуп берди. Аны бала өзү жазганбы же башка бирөө жазганбы, аны да экспертизага берип текшертүү керек. Ага "балаңдын ушинтип "өлөм" деп жатканын билип, ошол катын окуп шолоктоп ыйлагандан көрө балаңды жакшылап кара" дедим. Мына мен айткандай болуп уулу асынып алды. Менин үстүмдөн бир жума арыз жазбай жүрүп, баласы өлгөн соң гана арыз жазып жатышат. Мен да "уурулук кылган" деп арыз жаздым. Калганын тергөө чечет да.

"БАЛАНЫ АТАСЫНЫН КӨЗҮНЧӨ СУРАККА АЛГАНБЫЗ"

Ал эми баланы суракка алган аймактык тескөөчү Санжар Маатжакыпов бардыгы мыйзам чегинде болгондугун айтат:
– Бизге Бакыт Токтосунов "унаамдан 9 миң сомумду жана тир мылтыгын уурдап кетти" деп арыз жазган. Каза болгон бала уурдаткан адамдын баласына өзү барып уурдаганын моюнуна алыптыр. 17-октябрь күнү баланы өспүрүмдөр менен иштеген кызматкердин, атасынын көзүнчө суракка алдык, бирок атасы түшүнүк катка кол коюудан баш тарткан. Бала күнөөсүн атасынын көзүнчө моюнуна алды. Ошол жерден эле атасы "мени элге уят кылдың" деп сабап баштаганынан ажыратканбыз. Баланын бети-башы биз баргыча эле сыйрылып жүргөн экен. "Эмне болду?" десек арыз ээсинин Кубаныч деген баласы сабаганын айтты. Атасына "арыз жазыңыз" десек, "биз тааныш болобуз, өзүбүзчө бүтүрүп алабыз" деп болбой койгон. Кийин өздөрү барып арыз ээсине жоголгон акчасын кайтарып беришип, ага тосмо арыз жаздырып келишкен.
Баланын чөнтөгүнөн табылган 3900 сом акчага акт түзүлүп, далил буюм катары алынган. Тирдин мылтыгын биз баргыча ээсине кайтарып берип коюшуптур. Азыр акча да, тир мылтыгы да тергөөчүдө. Баланын атасы келип "3900 сомду бергиле" дегенинен, биз "тергөөнүн токтому чыкмайынча берилбейт" деп түшүндүрүп айтканбыз. Ага "балаңызды тергөөчү чакырганда алып келип турасыз" деп өзүнө кошуп бергенбиз.

"МАРКУМ КАЗА БОЛГОНГО ЧЕЙИН САБАЛГАН"

Бул окуя боюнча Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз кызматынын жетекчиси Мыктыбек Турдубеков буларды билдирди:
– Маркумдун атасы баласын бакка алып барып ургандыгы боюнча Токтосунов Кубанычбек Бакытбековичтин үстүнөн арыз жазып, ага Кылмыш-жаза кодексинин 234-беренеси (ээнбаштык) боюнча кылмыш иши козголду. Анын маркумду өзүн өзү өлтүрүүгө жеткирүүгө тиешеси барбы же жокпу иликтөө жүрүүдө. Маркумдун денесине соттук-медициналык экспертиза жүргүзүлгөн. Жыйынтыгында денесинде каза болгонго чейин алган жаракаттары бар экендиги аныкталды. Ал эми милиция кызматкерлери жашы жете элек баланы ата-энесиз суракка алгандыгы тууралуу да териштирилүүдө.

Учурда тергөө иштери улантылууда. Эгер тергөөнүн жүрүшүндө кимдир бирөөнүн маркумду өзүн-өзү өлтүрүүсүнө жеткирүүгө тиешеси бар экендиги аныкталса, анда Кылмыш-жаза кодексинин 102-беренеси (өзүн-өзү өлтүрүүгө жеткирүү) менен кылмыш иши козголушу мүмкүн. Бул кылмыш боюнча күнөөлүү деп табылган адам мыйзам боюнча 3 жылдан 7 жылга чейин эркинен ажыратылат.

Асхат Субанбеков
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (41)
adi.sumi
2016-10-31 22:16:47
Эх жаш омурду кыйган Ошо акчасын жоноткон кишинин баласы ХХХ ХХХ Бечара жакшынакай эле бала экен эле. Журогум ооруп ыйлап турам. Аллахым жазасын берсин анткорлордун акча жоготконун да урганын да милийциясынын да. Ата энесине сабыр тилейм Кайрат берсин кудайым...
0
admin_superstan
2016-11-01 11:05:51
adi.sumi, провокациялык билдирүлөрдү калтыруудан алыс болуӊуз. Оозеки эскертүү!
0
Toktoshova
2016-10-31 23:24:18
бул иш да акчалуу анан тааныш аркылуу чечилип калбаса экен айтайын дегеним ошол кубаныч деген ээрчитип келгенде эле милициялар анализдебейби ал деген мектеп окуучусу болсо анан сабалып токмок жеп келгени билингендир эле
+3
Deniza-kyzy
2016-10-31 23:59:45
Баласы озу эле алган дагы, башкага жалаа жаап койгон окшойт. Уруп сабап мойнуна алдырткан. Уяты жок. Кудай баары бир жазалайт.
+1
Jadyrashka
2016-11-01 01:37:21
Уялбаган адамдар экен кошуналары, бир нерсең жоголсо бирөөнүн алганын билип турсаң да айткандан уялысын го киши, 10 миң азыр эч нерсе деле келбейт го.
+1
Revolyutsiya
2016-11-01 02:50:15
Бакыт Токтосунов дегенинер чыныгы а..ак.экен, ууруну алыстан издебей эле койсо болмок экен, менимче ууру оз уулу Кубаныч окшойт. Атасы жоголгон акчасын издей баштаганда жаш баланы сабап мойнуна алдырган. Ошол Бакыт Токтосунов деген кантип Жалал-Абад ОИИБинин тергөө бөлүмүнүн башчысынын орун басары болуп иштеген тушунуксуз. Же милицияда ак адамдын мойнуна кылмыш илип "результат" корсоткон "профессионалдар" иштейби?!! Карасан эч кимди козго илбей машайык сезет го оздорун!!!
+1
Revolyutsiya
2016-11-01 03:00:22
Эгер ушул окуя боюнча окумду мен чыгаруучу болсом, баланы туну сабап жок жеринен ууру атактырган Кубаныч аттуу чон муштумду 7 жылга, аймактык тескөөчү Санжар Маатжакыповду мыйзамды одоно бузганы жана жалган корсотмолору учун кызматтан четтетип, 3 жыл абакка кесмекмин... Ошондой эле мурда Жалал-Абад ОИИБинин тергөө бөлүмүнүн башчысынын орун басары болуп иштеген Бакыт Токтосуновду бардык чининен ажыратып, условный 1 жылга кесмекмин. Ошондо адилеттуулук орномок, кылмышкерлер жазаланып.
+1
Revolyutsiya
2016-11-01 03:11:06
Ушул окуя боюнча соттун окумун эл кутуп жатат. Эл адилет жазаны талап кылат.
+2
jumka0505
2016-11-01 03:33:02
Бир караса 3мин жок, дагы караса 6мин жок деп коет.Рас 3мини жоголгондон кийин мне учун кайра машинага коет акчасын ? Озунун баласынан башка машинасына ким чыгат бээсурак? Сак болбойбу ар кимден тонковой ? Питина бир адамдар окшойт тооба.Анын машинасына кундо олгон бала киргидей туалет беле ? Азыр бироонун туалетине деле уруксат сурап кирген заман. Аны озунун балан эле алган арам тамак мн баккан балан алган.Жаш оспурумго жакшы конул болбогон атасы деле уруп кайра психикасын бузуп ?!
+3
unknown666
2016-11-02 14:22:08
Кудай жазасын берсин.менда журогум сыздап жаман болуп турам,болбогон бир он мин учун ушунча жанжалдын емне керееги бар.баарына Кудай бар.
ушундай мыкаачы адамдардан Аллахым озу алыс кылсын.
0
unknown666
2016-11-02 14:23:00
оа адилеттикти талап кылабыз!!!
+1
Aida001
2016-11-02 16:05:40
Ээх кандай гана окунучтуу.Адилеттуулук болушуна ишенбейм.Азыр акча менен чечилип калган баары. Ким куноолу болсо да кудайым жазасын берсин.
+1
tram-lam
2016-11-02 23:12:11
Биздин соттордо адилет чечим деген жок, буга кепилдик бере алам! "Черныйларга" берип, Бакыт менен Кубанычынын жазасын бердириш керек, башка чара жок! Черныйларга акча чогулт десе мен да берем!
0
nurik2012sham
2016-11-04 13:18:08
ошол Кубаныч дегенди ХХХ ХХХ
+1
admin_superstan
2016-11-04 14:08:55
nurik2012sham, провокациялык билидүүлөрдү жазууга тыюу салынган. Оозеки эскертүү!
0
sherzatik
2016-11-05 01:37:30
журокту катуу оорутту!Сабаган жана куноологон адамдарга дал ушундай куйутту тилеймин.Намыс кучтуулугунон олумго барды.Сен да баланын энесиндей сыздап калышынды унутпа!!!кудай бар!
0
alikay
2016-11-05 19:56:17
Кандай акмак адамдар.жашоосу баштала элек оспурумдун олумуно себеп болуп эми кантип жашайт?
0
№ 730, 28-октябрь-03-ноябрь, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан