Өткөн аптанын жума күнү ырчы Жеңишбек Айтиевдин тун уулу 12 жаштагы Туратбек Акпаралиев киши колдуу болуп каза тапты. Кылмышка шектүү деп кармалган 22 жаштагы Нуржигит аттуу жаран Жеңишбек мырзанын кошунасынын баласы.
– Саламатсызбы, Жеңишбек мырза? Уулуңуз Туратбектин арты кайрылуу болсун. Жалпы жамаатыбыз терең кайгыруу менен көңүл айтат. Кайрат кылыңыз.
– Рахмат.
– Жараткан ар бир пендесине ар кандай сыноо жиберет эмеспи. Бүгүнкү күндө сиздин башыңызга абдан оор сыноо түшүп турган убак.
– Тун уулум Туратбек 2004-жылы Ош шаарында төрөлгөн. Төрөлгөн күнү да бүгүнкүдөй эсимде, Орозо айынын алгачкы күнү болчу. Агамдын "атын Рамазан коёлу" дегенине болбой, өзүм Туратбек деген ысым ыйгаргам. Бир аз чоңойгондо бала бакчага барды, андан соң Ош шаарындагы ВЛКСМ атындагы орто мектептин босогосун аттады. Окуусу да, Кудайга шүгүр, жакшы болчу. Быйыл жайкы каникулда "балам, эми сен чоңойдуң, дин жактан да сабаттуу болушуң керек. Каникулда айылга барбай эле медреседе оку" десем макул болуп, жайлай ал жакта окуган. Куран окуп, азан айтып, бир топ сүрөөлөрдү жаттап, окуусун жакшы аяктады. "Азан айтканда, куран окуганда кыраатын да абдан сонун келиштирет" деп устаттары мактап калышчу. Балам өзү да ыраазы болуп "ата, мени медресеге ырас эле жибериптирсиз, көп нерсени үйрөндүм" деп калчу. Эч кимге зыяны жок абдан элпек, жайдары, көздөрү күлүп турган, өзүнө тың, көңүлү назик бала эле. Бир зөөкүр минтип баламдын жапжаш өмүрүн кыйып салды.
– Бул каргашалуу окуя тууралуу айтып берүү сизге канчалык оор экенин билип турабыз, ошентсе да чындыкты өзүңүздүн оозуңуздан уксак.
– Мен окуя болгондон бир күн мурун айылга кеткен элем. Ошол жакта жүрсөм "балаңыз бирөөлөр менен мушташып кетиптир" деп чалып калышты. Келип эле баламдын сөөгүн кучактап калдым.
Жума намазды калтырбаган балам сабагынан келип, дааратын алып, мечитке чыгып бараткан жеринен бычактап салыптыр. Анан да баласы киши өлтүрүп жатса энеси кыйкырып карап тура бериптир. Эч ким жок ээн талаа болсо бир жөн, жардамга бирөөлөрдү чакырбайбы, же өзү эле барып баласын кучактап калса Туратбегим качып кетет эле го, шамдагай эле бала болчу. Анан баары бүткөндө "Тез жардам" чакырыптыр. Бул жагынан бир болсо, экинчи жагынан адам өлтүрүүдөн кайра тартпаган баланы тарбиялап өстүргөнү үчүн энесине наалат. Экөө тең бул дүйнөдө да, тиги дүйнөдө да жазасын алат деп ишенем.
– Кылмышка шектүү деп кармалган адам "мага уу бергени келаткан, ошол себептен бычактадым" десе, анын жакындары "балабыздын акыл-эси жайында эмес" дешүүдө...
– Муну адам эмес, малга айтсаң да ишенбесе керек. 6-класстын окуучусуна ким уу берип коюптур? Алардын кошуналардын бири менен да катыштыгы жок, менин балам тургай үйүнө бир конок келгенин көргөн эмесмин. "Акыл-эси жайында эмес" дешип алар баласынын жазасын жеңилдетүүнүн камын көрүп жатышат дээр элем. Буга чейин ал Орусияда иштеп жүрүптүр, ал жакка деле кем акылдарды киргизбесе керек. Психикалык жактан жабыр тартат деген калп кагазды эми минтип кылган иши үчүн жооп берер мезгилде жаздырып алыша турган болсо ошол кагазды жазып жаткан врачтарга "өзүңөрдүн балдарыңарды бир эстеп койгулачы" демекмин. Бул сөздү тергөө иштеринин акыйкаттуу жүрүшүнө кымындай болсо да тоскоол көрсөткүсү келгендердин баарына айтам. Ар ким кылган иши үчүн жооп бериши керек. Мыйзамдуу өлкөбүздө мыйзам иштейт, соттор акыйкаттуу жаза чегерет деп ишенем. Бирөөнүн өмүрүн алган адам өмүрү өткөнчө түрмөдө отурушу керек.
– Сиздин билишиңизче себеби эмне болду?
– Балам сентябрь айында жакшы эле окуп жүрдү. Октябрдын башында үйдөн күн алыс акча жоголо баштады. Башында өзүмдөн күмөн санадым, балким, туура эмес санап алдым го деп. Анан кайталана бергенинен балам менен сүйлөшүүгө туура келди. Алгач "алган жокмун" деди. "Калп айтып жаткан болсоң Кудайды эсте, мага чыныңды айт" десем, "ата, алдым" деп калды. Эмнеге коротконун сураганымда "гамбургер алып жедим, телефонума бирдик салдым, досторума да бир нерсе алып бердим" деп койду. Бала бир күндө 1000 сомго тамак жей албайт да. Анан кошуналардын балдары менен ойноп эле жүргөн уулум акыркы күндөрү үйдөн таптакыр чыкпай калган. Апасына "айылга эле барып окуюнчу" деп да айтыптыр. Азыр ойлосом мен акчаны башка жерге бекитип калганымда, балам тигиге акча бере албай, ал болсо катуураак коркута баштаган окшойт. Окуя болгондон бир күн мурун үйдө жүргөн карындаштарымдын бирине "мен коркуп жатам, менин жаныма жатыңыз" деп эжесин жанына алып жаткан экен.
– Балаңыз менен сырдашып сүйлөшчү белеңиз?
– Экөөбүз жакында эле дос болгонбуз. "Сен эми чоң бала болдуң, экөөбүз дос болуп сырдашып туралы, инилериңди сен тарбиялашың керек" деп келишкенбиз. Мен да жумушума байланыштуу сапарларда көп жүрөм, Ошко келгенимде тойлорго, концерттерге барганда жаныма ээрчитип алчумун. Жайдары бала эле, телефондон менин ырларымды коюп оозун кыбыратып фонограмма ырдап жаткан видеолору бар.
Өспүрүм балдардын арасында "эркек болсоң айтып барба" деген жаман сөз бар. Учурдан пайдаланып бардык ата-энелерге "уулуңузбу, кызыңызбы күн сайын сүйлөшүңүз, сырдашыңыз, баарын сизге айтып тургандай ишенимине кириңиз. Мындай тагдырга туш болгондордун акыркысы менин балам болсун. Биз жубайым экөөбүздөй эч ким боздоп калбасын" (ыйлап),- деп айтар элем. Биз анын бул дүйнөгө жаралышына жөн гана себепкерлербиз, берген да Кудай, алган да Кудай. Тиги дүйнөдө Кудайыма бир периште керек болгон экен, алып кетти. Кыргыз элимден суранам, колуңуздардан келсе Туратбегиме арнап куран окуп, калган 5 балама дуба кылып коюңуздар.