«СИҢДИМДИ САБАП КЕТКЕНДЕРГЕ КАНДАЙ ЖАЗА КОЛДОНУЛАТ?»

Окурман, сиз укуктук жактан коргоого муктажсызбы? Анда биздин «Юристтин кеңеши» рубрикабыз кызматыңызда. Сиздин тынчыңызды алган суроолорго тажрыйбалуу мыкты адистер жооп беришет. Кат жазыңыз, кеңеш сураңыз! Байланыш телефону: 32-33-26

– Мындан бир нече ай мурун кечке жуук сиңдимди уйгур улутундагы эки кыз сабап жана жанындагы
6 миң сомун тоноп кетишиптир. Натыйжада сиңдимдин мээси чайкалып, денесинен да бир топ жаракат алган. Ал кыздар, көрсө, тоноочулук менен алектенишет экен. Сиңдим он сегизге чыга элек болгондуктан, анын атынан мен арыз жазган элем. Бирок бул иштен эч кандай натыйжа чыккан жок. Менин оюмча, тиги кыздар тергөөчүгө пара берип коюшкан окшойт. Мен тергөөчүгө барсам, “кайда барып арыздансаң да эч нерсе чыгара албайсың” деп бөлмөсүнөн чыгарып салды. Андан кийин прокуратурага да кайрылдым. Эч кандай жыйынтык болгон жок. Сиңдимдин жанындагы 6 миң сомун, дарылануу­га кеткен акчаны кантип кайтарып аларыбызды билбей жатабыз. Кеңеш берүүңүздү өтүнөм. Нуркыз, Бишкек шаары.

– Жабырлануучу арыз менен райондук, облустук сотко кайрылуусу керек. Эгерде ал жактан адилеттикти таппаса же болбосо соттун жыйынтыгына алымсынбаса, анда ал жактан алган жоопторду тиркеп, рес­публикалык деңгээлдеги Жогорку Сотко же Укук коргоо органдарына кайрылуусу кажет. Сурооңузга караганда сиз райондук деңгээлдеги тергөөчүнүн жыйынтыгы менен эле чектелип калган окшойсуз. Эми болгон далилдерди келтирип, облустук прокуратурага кайрылыңыз.


«БУКАЧАРЫБЫЗДЫ КАЙТАРЫП БЕРБЕЙ ЖАТЫШАТ»

– Менин 16 жаштагы уулум Эсенбек биздин уруксатыбыз жок эле 17 жаштагы айылдашыбыз Бектурга букачарды сатып жибериптир. Биз букачарды кайра бергиле деп барсак, Бектурдун ата-энеси бербей жатышат. Бул талаш мыйзам чегинде кандайча чечилиши мүмкүн? Амантур, Кочкор району.

– Амантур, сиз жанды­гы­ңызды кайра өзүңүзгө алганга толук укугуңуз бар. Бул тууралуу сотко кайры­лышыңыз керек. Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексинин 190-191-беренелери боюнча 18 жашка чыга элек өспүрүмдөр сатуу жана сатып алуу келишимин түзгөнгө укугу жок. Эгерде сатуу зарылчылыгы келип чыкса, ата-энесинин, эгер ата-энеси жок болсо кам көрүүчүсүнүн (опекун) макулдугу менен гана сата алышат. Ошондуктан сотко кайрылып, жандыгыңызды кайтарып алсаңыз болот.


КАРЫЗЫМ ҮЧҮН КАМАЛЫП...

– Мен мындан алты ай мурун жакын таанышымдан 80 миң сом карыз алгам. Аларга үч айлык мөөнөт менен төлөп берем деп тил кат жазып бергем. Бирок ал акчаны мөөнөтүндө төлөй албай калдым. Азыр да кайтарып бере турган абалда эмесмин. Бирок карыз алган акчамды танган жокмун. Мага акча берген адам күтө туруңуз дегениме болбой арыз жазып, сотко берип салыптыр. Милиция чакырып, “алдамчылык боюнча иш козгойбуз” деп жатышат. Менин үстүмдөн кылмыш ишин козгоого мүмкүнбү? Жапар, Сокулук району.

– Бул жагдайда сиздин үстүңүздөн кылмыш ишин козгоо мүмкүн эмес. Сизге карыз берген адам карызды өндүрүп алуу максатында гана сотко арыз жазууга укугу бар. Бирок алдамчылык кылды деген жалаа жапканга акысы жок. Сот ага акчаны өндүрүп берүү боюнча гана чечим чыгарып берет. Мисалы, акчаңыз жок болсо үй-жайыңызды, кыймылсыз мүлкүңүздү конфискация кылышы мүмкүн. Бирок сизге кылмыш ишин ача албайт.


«ЭКИНЧИ БАЛАМА КАНТИП АЛИМЕНТ АЛАМ?»

– Жолдошум Мурат экөөбүз жарандык никеде 10 жыл жашадык. Ортобузда эки бала бар. Биринчи балабызга туулганы тууралуу күбөлүк алганбыз. Ал эми экинчи балама күбөлүк ала электе эле жолдошум экөөбүз ажырашып кеттик. Эми балдарыма кантип алимент кестирип алсам болот? Наргиза, Бишкек шаары.

– Жубайлардын расмий никеде болгону же болбогону алимент алууда көп деле роль ойнобойт. Бирок ата катары ал алимент төлөөгө тийиш. Кыргыз Республикасынын Үй-бүлө кодексинин 85-беренесинин талабы боюнча ата-эне балдарын 18 жашка чыкканга чейин материалдык жактан камсыз кылып, багууга тийиш. Сиздин жагдайыңызда биринчи балаңызга алимент алууга тоскоолдук жок. Ал эми экинчи баланын атасы да ал экендигин сот аркылуу далилдешиңиз керек. Атасы экени далилденгенден кийин күйөөңүз экинчи балаңызга да алимент төлөөгө милдеттүү.


Сиздердин су­роо­ңуздарга Жогор­ку Соттун судьясы (1990-1994-жж.),
Башкы прокурордун орун басары (1994-1999-жж.) болуп иштеген,
учурда “Статут” юридикалык компаниясынын президенти,
профессор НАЗАРКУЛ БОПОЕВ жооп берди.
Дареги: Турусбеков көч. 86 Байланыш тел: (0543) 94-05-90

Нуржамал Жийдебаева
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 385, 19-25-март, 2010-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан