АШКАНА ЖАСАЛГАСЫ
Ашкана – даамдуу тамактарды даярдоочу, үй-бүлө мүчөлөрүн бириктирген бөлмө. Туура тандалган дизайн очогуңузга жылуулук, сүйүү жана береке тартуулайт. Андыктан биринчи кезекте бөлмөнүн жасалгасына, буюмдардын туура жайгашуусуна көңүл буруңуз. Ашкананын дубалын кандай материал менен жасалгалоо керек? Бул тууралуу уста Мукан Момбеков кеңеш берет.
Ашкананын дубалын жасоодо аны эки зонага бөлүп алабыз: тамак бышыруучу жана тамактануучу. Тамак бышырган аймак бат кирдегендиктен дубалдын бетин каптоо талап кылынат. Ал үчүн төмөндөгүдөй материалдар керектелет:
КЕРАМИКАЛЫК ПЛИТКА

МОЗАИКА

Нымдуулукка туруштук берет;
- Темирдей катуу болот.
Клей үчүн ашыкча чыгым коротулат;
- Баасы кымбат;
- Дубалга чаптоодо көп убакыт сарпталат жана иш оор болот.
АЙНЕК ЖАНА КҮЗГҮ

Химиялык активдүү каражаттардан таасирленбейт;
- Жасалга үчүн тандоодо мүмкүнчүлүк кенен;
- Экологиялык жактан таза материалдардын катарына кирет.
Жарака кетүү коркунучу бар;
- Тыкыр көзөмөлгө муктаж, дайыма тактарды тазалап туруу керек;
- Баасы жагынан мозаикадан да кымбат.
МЕТАЛЛ

Арзан;
- Жылуулукту кармап турат;
- Жасоо оңой жана жеңил.
Сырткы соккуларга туруштук бербейт жана так калат.
СКИНАЛИ

Ашкана дизайнын жасоодогу заманбап каражаттардын бири. Скинали дубалдын ачык калган жерин нымдан, ысыктан, ар кандай чачырандыдан, булганычтан коргоо үчүн иштелип чыккан.
АЙНЕКТЕН ЖАСАЛГАН СКИНАЛИ
Ысык менен нымдуулукка туруштук берет;
- Май жана башка тактар оңой сүртүлөт;
- 5 жылга чейин кызмат кылат;
- Эки катмардан турат;
- Андагы сүрөттөр өчүп калбайт.
Баасы кымбат, сапаттуу, айнек арзан болбойт;
- Колдун издери калып калат, ошондуктан дыкаттыкты талап кылат;
- Туура эмес тандалган сүрөт көздү чарчатат.
КЕРАМИКАЛЫК ПЛИТКАДАН ЖАСАЛГАН СКИНАЛИ
Нымдуулукту жана кирлерди сиңирбейт;
- 15-20 жыл кызмат кылат;
- Май жана башка тактар оңой сүртүлөт.
Плитка менен жасалгалоо жеңил иш эмес;
- Дубал тегиз эмес болсо дубалды түздөө талап кылынат;
- Сапаты төмөн плитка болсо сүрүлүп, өңү өчө баштайт;
- Плиткалардын ашташкан жерине суу тийсе, плиткалар клейинен ажырап кетет.
Тамактануучу зонанын дубалын жасоо:
ПЛАСТИКА ПАНЕЛДЕРИ
Аз дат басат;
- Дубалдын жарымына чейин пластикалык панель орнотуп, өйдө жагын сырдап же дубал кагаз чаптасаңыз болот;
- Жылуулукту кармап турат;
- Баасы арзан.
Металл же катуу нерселер менен урсаңыз тешилип калат.
СУУ ЭМУЛЬСИЯ БОЁГУ

Сапаты жогору, баасы арзан;
- Ден соолукка зыяндуу химиялык кошулмалары жок;
- Каалаган мезгилде башка түскө боёп алса болот.
Бат кир болот;
- Нымдуулукка туруксуз.
ДУБАЛ КАГАЗ
Абанын бууланышына туруштук бере албагандыктан тез эле алмаштырууга туура келет. Ошентсе да учурда нымдуулукка туруктуу дубал кагаздар бар.
ЖУУЛА ТУРГАН ДУБАЛ КАГАЗЫ

Сыртынан плёнка менен капталган;
- Сүрүп тазалаганга оңой;
- Нымдуулукка туруштук берет.
Көп жууй бергенде плёнканын сыйрылышына алып келет.
ГИПСОКАРТОН
Нымдуулукка, температурага, күндүн нуруна туруштук берет; Бөлмөдөгү абаны бир калыпта кармайт;
- Кошумча текчелерди да жасап алса болот.
Кесилген, кошулган жерлерине шпатлёвка тартуу керек;
- Убакыт өткөн сайын нымдуулукту тарта баштайт;
- Көгөрүп кетиши мүмкүн;
- Өрткө туруксуз.
Ашкананын полу үчүн кандай материалдарды колдонсо болот?
ЛИНОЛЕУМ

Баасы арзан жана 10 жылга чейин кызмат кылат;
- Нымдуулукту өткөрбөй, жылуулукту кармап турат;
- Үй шартында өзүңүз эле салып койсоңуз болот.
Бычак же учтуу буюмдар түшүп кетсе тешилип калат;
- Буюмдарды жылдырууда этият болууну талап кылат.
ЖЫГАЧ ПОЛДОР

Жылуулукту узак убакыт кармап турат.
Нымдуулукту сүйбөйт;
- Дайыма тыкыр көзөмөлдү талап кылат.
ЛАМИНАТ

Баасы арзан;
- Буюмдарды жылдырууда кыйынчылыктар жаралбайт;
- Адис чакыруунун кажети жок, өзүңүз эле төшөп койсоңуз болот.
Нымдуулукка туруштук бере албайт;
- Бат чийилип, сүрүлгөндүктөн дайыма майлоочу каражаттарды колдонууну талап кылат.
КЕРАМИКАЛЫК ПЛИТКА

Баасы өтө кымбат эмес;
- Электр тогун, сууну өткөрбөйт;
- 50 жылга чейин сапатын жоготпойт;
- Өрткө туруштук берет.
Кесип жатканда сынып кетүү коркунучу бар;
- Суукту тартат.
Бактыгүл Момбекова
kenesh@super.kg
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (3)
Жакшы кенеш экен рахмат супер инфо,эшик рамдарды да айта кетсенер алдын ала рахмат