КОШУЛМАЛАРДЫ ТОҢДУРУУНУН СЫРЛАРЫ
БОРЩ ҮЧҮН КОШУЛМА
Керектелүүчү азыктар:
Сабиз – 1 килограмм
Пияз – 1 килограмм
Кызылча – 1 килограмм
Болгар калемпири – 10 даана
Помидор – 1 килограмм
Укроп, петрушка – 1 боо
Өсүмдүк майы – 1 стакан
Татымына жараша туз
Даярдоо ыкмасы:
1. Сабиз менен кызылчаны аарчып, жууп, ири тиштүү сүргүчтөн өткөрөбүз. Помидорду болсо эт туурагычтан өткөрөбүз. Болгар калемпири менен пиязды ичке туурайбыз.
2. Эми ысып турган майга алгач пиязды, андан соң жашылчаларды 10 мүнөттөй кууруйбуз. Бул туурамжыбыз муздагандан кийин бир тамакка ылайыктап бөлүп, желим идиштерге же целлофан баштыктарга салып тоңдуруп койсоңуз болот.
Эске алыңыз, эгер бул туурамжыга кызылча кошпой жасасаңыз, башка тамактарга да колдоно аласыз.
ЛАГМАН ҮЧҮН КОШУЛМА
Керектелүүчү азыктар:
Помидор – 3 килограмм
Пияз – 500 грамм
Сабиз – 1 килограмм
Пекин капустасы – 1 даана
Болгар калемпири – 1 килограмм
Жандоо – 2 боо
Сельдерей – 1 боо
Укроп – 1 боо
Сарымсак – 3 баш
Өсүмдүк майы – 150 грамм
Татымына жараша туз
Даярдоо ыкмасы:
1. Жашылчалардын баарын жууп, тазалап алабыз. Сабиз, болгар калемпирин, пекин капустасын төрт чарчы, жандоо менен сельдерейди узундугун 1,52 сантиметрден, пиязды жарым шакекче, сарымсакты ичке пластинка түрүндө туурайбыз.
2. Помидорлорду эт туурагычтан өткөрүп, 15 мүнөт кайнатабыз.
3. Башка мискейге майды куюп алгач пиязды, андан соң сабизди, артынан болгар калемпирин, жандоо, пекин капустасын салып 10 мүнөттөй кууруйбуз.
4. Куурулган жашылчалардын үстүнө помидор ширесин куюп, сельдерей, укроп, сарымсакты кошуп, татымына жараша туз салып 5 мүнөттөй кайнатабыз. Жашылчалар киртилдеп турушу керек.
5. Кошулма муздагандан кийин атайын контейнерлерге же целлофан баштыктарга салып тоңдуруп сактасаңыз болот.
ФАРШТАЛГАН БОЛГАР КАЛЕМПИРИ ЖАНА КАПУСТА
Керектелүүчү азыктар:
Болгар калемпири – 20 даана
Койдун же уйдун этинен фарш – 500 грамм
Ак күрүч – 200 грамм
Пияз – 2 баш
Жумуртка – 2 даана
Укроп – бир боо
Ашкөк (кинза) – бир боо
Татымына жараша туз, мурч, лавр жалбырагы
Даярдоо ыкмасы:
1. Пиязды майда төрт чарчы түрүндө туурап, фарштын үстүнө салабыз.
2. Ашкөктү, укропту майда туурап, күрүчтүн таш-күрмөгүн тазалап, муздак сууга таза жууйбуз да, буларды да фаршка кошобуз.
3. Эми татымына жараша туз, мурч салып, үстүнө эки жумуртканы чагып, колду таза жууп алып жакшылап мыжыгып аралаштыруу кажет.
4. Калемпирди жууп, сабагын акырын кесип, уруктарын тазалайбыз да, көп ныктабай ичин туурамжы менен толтурабыз.
5. Туурамжы толтурулган болгар калемпирлерин тактайга тизип тоңдуруп алабыз да, кийин целлофан баштыктарга бөлүп салып коёбуз.
6. Ал эми капуста жалбырактарын фарштоо үчүн алгач аны 5 мүнөт кайнак сууга салып жумшартып алуу кажет. Жумшартылган капустанын жалбырактарын ажыратып, ар бирине фарштан салып тыгыз оройбуз. Оролгон капустаны тактайга тизип, тоңдуруп целлофан баштыктарга салып коёбуз.
Дамира Арстанова
kenesh@super.kg