ӨЛҮМҮШТӨРДҮ ЧАГЫЛДЫРГАН "СИМУЛЯНТТАР" ТАСМАСЫ

"Симулянттар" фильми жаңы тасмалардан берейин деген ою, көрөрмандын аң-сезимин өзгөртө ала турган идеясы менен айырмаланат",- дейт аталган тасманын продюсери Эрнест Уметалиев. Тасма учурда борбордогу кинотеатрларда көрсөтүлүүдө. Эмнеси менен көрөрманды өзүнө тартат, тасма таржымалына кененирээк токтолуп өтөлү.

Режиссёру
– Нурлан Мирзаматов
Сценарийин жазгандар – Жоомарт Максатбеков, Чыңгыз Элбек уулу
Продюсери – Эрнест Уметалиев, Тимурлан Тилеков
Оператору – Рысбек Бокоев
Жанры – Комедия
Узактыгы – 1 саат 30 мүнөт
Башкы каармандар – Адилет Оморов, Эркин Нурбаев, Чолпонай, Сайкал Садыбакасова, Аско, Назира Жетигенова жана башкалар

ТАСМА ТУУРАЛУУ

Чолпонай менен Бегиштин аткаруусундагы "Чыгыш жомогу" деген ыр "ЖинМэн" тасмасына саундтрек катары ырчылардын уруксаты жок эле колдонулган. Ырчылар тасманын режиссёру менен бул жорукту талкуулап, жыйынтыгы чогуу иштешүү менен аяктаган.

"Симулянт" деген сөз кыргызча "өлүмүш" дегенди билдирет. Учурда өлүмүш болуп кандай кырдаал болбосун өзүнө пайда издегендер көп деп эсептешет кино тартуучулар.

"Тасмадагы окуялардан ар бир көрүүчү өзүнүн тагдырынын жок дегенде бир үзүмүн көрө алат жана өзгөрсөм деген ойго келет",-
дейт продюсер.

Фильмди тартууга жалпысынан жарым жыл кетип, съёмка Бишкектин тегерегинде болгон.

Тасмада кыргыздын өнөкөт оорусуна айланган трайбализм маселеси да козголот.

Социалдык тармакка дайыма сулуу сүрөт, кооз жашоосун жүктөгөндөрдүн чыныгы тагдыры да баяндалат.

Кудайга эмес, көзү ачыктарга да учурда ишеним күч экени көрсөтүлөт.

"СЦЕНАРИЙИ ТУРМУШТАН АЛЫНГАН"

Тасманын продюсери Эрнест Уметалиев менен кино тууралуу азыноолак баарлаштык.

– Бул фильмди тартууга эмне түрткү болду?
– Кинонун сценарийи турмуштан алынды. Эл арасындагы трайбализмди, шоу-бизнес чөйрөсүндө жүргөндөрдүн чыныгы турмушун чагылдырдык. Ошондой эле жигити таштап кетти дегиче кыздардын дароо көзү ачыктарга чуркаганын көрүп туруп адамдардын аң-сезимин өзгөрткүбүз келди. Мындай терс жолго баргандар тасманы көрүп жаман ойлорунан арылса дейбиз.

– Актёрлор кастинг менен кабыл алындыбы?
– Кастингге бир жума бөлгөнбүз. Бир жумада биз ойлогондой каармандар табылбай, эки жума бою кастинг жүргүздүк. 700 адамдын ичинен 4 адам тандалды. Калганы профессионал актёрлор.

– Рахмат маегиңе, ишиңе ийгилик!

Съёмка учурунда. Актёрлор жана тартуучу топ.


Сүйүн Кулматова
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (4)
Amanov
2016-11-07 11:45:55
Чолпонай менен Асконун аткаруусундагы Чыгыш жомогу десеңер Бегиштин эмес
+2
admin_superstan
2016-11-08 10:16:49
Amanov, саламатсызбы! "Чыгыш жомогу" ыры Чолпонай менен Бегиштин аткаруусунда да бар. Төмөндөгү шилтеме менен кирип, ырды уксаӊыз болот: http://www.super.kg/media/audio/157771/
0
Meerman
2016-11-08 02:27:23
bul kinonu internetten korsok bolobu?
0
Zulina
2016-11-10 22:27:14
Аталышы эле укмуш экен
+1
№ 731, 04-ноябрь-10-ноябрь, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан