Концерттин аталышы – "Жаңы альбомдун бет ачары шоу-концерт Аваз Акимов"
Концерттин датасы – 26-октябрь
Өткөн жери – Кожомкул атындагы Спорт Ордосу
Башталышы – 19:30 (21 мүнөт кечигип башталды)
Көрүүчүлөр – Залдын 80 пайызы
Алып баруучу – Нурсултан Майназаров
Билет баасы – 250-500 сом
Мыкты номер – Аваз менен Нурлан Насиптин аткаруусундагы "Атаман" ыры жана Аваздын аккордеондун коштоосунда аткарган жандуу ырлары
Концерттин башталар убактысы билетке эмнегедир жазылбаптыр. Атайын кылышканбы же унутуп коюшканбы, айтор, афишаларын издөөгө туура келди.
Сахнанын дал ортосуна чоң экран коюлуп, туш тарабын түстүү жарык берүүчү лампалар менен кооздошуптур. Жарык берилгенге чейин карап отуруп "сахнанын декорациясына көңүл бөлүнгөнбү деги?" деген суроого чөмүлдүм. Саат туптуура 19:51ди какканда экранга Аваздын бала кезиндеги кыяк менен ырдап жаткан видеосун коюшту. "Аа, бали, баланын таланты бар" дедим ичимден. Концертти "Drum Show" тобунун барабанчы кыздары ачып беришти. Артынан эле сахнага жалпы карындаштарына ыр арнап, күндүн күнөөкөрү Аваз Акимов чыкты. "Бура сүйлөгөн күлгөнгө жакшы. Куудулдар айтмакчы, бүгүн эми жакшы эс алып кетиңиздер, үйдөгү көйгөйлөрдү, насыяларды унуталы",- деген Аваз көпчүлүктүн көйгөйүн унуттурбай эле, кайра эсине салды көрүнөт.
Көп узабай кеченин коноктору чыга башташты, алардын алгачкысы Анжелика Бекболиева болду. "Бүгүн ар бир коногубуз менен оюн ойнойбуз" деген алпаруучу залда отурган ырчы Нурмат Садыровду чыгарып алып, "ким атактууларды бала кезиндеги сүрөтүнөн тааныйт?" деп Анжелика экөөнү жарышка койду. Нурлан Насип, жаш ырчы Айдана Дека, Данияр Эрматов, Дайыр Исмадияров жана башка коноктор да өз таланттарын тартуулап жатышты.
Аваздын чыгармачылыктагы атасы Сыймык Бейшекеев акыркы чыгармаларынын бирин аткарып берди. Ал арада концерттин башталганына бир топ болуп кетти көрүнөт, көрүүчүлөргө антракт берилбегендиктен жаштардын көпчүлүгү сыртты көздөй агылып жатышты. Аттуу-баштуу кыргыздын чыгаан таланттарынын бири ырдап жатканда чыдап эле турушса эмне!
Аваздын аккордеон менен жандуу ырдаганы залда отурган көрүүчүлөрдү жандандыра түштү. "Айганышты", "Эркинайды" көрүүчүлөр өздөрү суранып жатып ырдатып, кошо ырдап кол чаап чер жазышты.
Концерттин жандуу ырлар бөлүгү аяктаган соң алпаруучу Авазды да күйөрмандарынын бири менен оюнга чыгуусун суранып алып калды. Гүлдесте берүү үчүн сахнага чыккан бийкеч Аваздын каршылашы болду. "Кап, оюндун алдынан алпаруучу Нурсултан Майназаров менен Аваз бир макулдашып алышса болмок экен" деп койдум. Анткени оюнду жеңсе кызга Аваздын костюму белекке берилерин Нурсултан айтканда ырчы бир аз кызаңдап алды. Оозуна салгандай эле күйөрман кыз жеңүүчү деп табылып, күтүлбөгөн "концерт" ошондо башталбадыбы. Костюмун чечип колуна бекем кармап алып алпаруучунун кулагына шыбырап, "бербейм бул костюмду" дегенсиди. Бул тумар туткан костюму окшойт депмин ичимден. Алпаруучу Нурсултан мырзанын да шаштысы кетип калганда"ушул костюмду элге ыргытайынчы, ырымдап койдум эле" деп чыкты Авазыбыз. Алпаруучу да "жестокийсиң го" деген бойдон кала берди. Акыры бир күйөрманына бермек экен, анда эмнеге минтти? Кыздын шагын аябай сындырып койду го эл алдында. Аны да жөн ыргытпай "машина сатсак да кемчилигин айтып сатат эмеспизби, костюмдун жеңинде бир аз жыртыгы бар" деп жатпайбы. Туптуура 3 саат 20 мүнөткө созулган кубанычы, сүйүнүчү, чарчоосу, таң калуусу, ыраазычылыгы, нааразычылыгы бар бул концертти Аваздын "Кыргызстан" деген чыгармасы жыйынтыктады.
Толик сынчы