Максат Садырбеков, ырчы: «ТУЛПАРЛУУ БОЛУП ӨЗҮМӨ ИШЕНИМ КӨБӨЙДҮ"

Мурун машинасы бар десе, «оо, «крутой» турбайбы» деп каш серпип коёт элек. Ал нерсе азыр жаңылык деле болбой калды. Тескерисинче, "унаасы жок, жөө жүрөт" десе, "койчу!" деп таң калчу болдук. «Non-Stop» дуэтинин ырчысы Максат Садырбеков жакында гана алгачкы темир тулпарын алган. "Жарым жыл бою акча чогултуп жүрүп кыялымдагы унаамды алдым" деген ырчы мырза бизди "красавицасы" менен жакындан тааныштырды.

Үлгүсү –
Мерседес-Бенц
Модели – S 320
Кыймылдаткычынын көлөмү – 3.2 см3
Чыккан жылы – 2000-жыл
Баасы – 5000 доллар
Түсү – алтын
Эң жогорку ылдамдыгы – 240 чакырым/саат

"БАЛАЛЫК КЫЯЛ..."

– Таанышып алгыла, бул менин "красавицам", кээде тулпарымды ушинтип эркелетип коём. Мен силерге унаа менен болгон окуяларымдын баарын башынан баяндап берейин.
Кичинекей кезимден эле Мерседес-Бенцке кызыкчу экенмин. Азыр таенем эстеп айтып калат. Бала чакта машинага атамды, апамды, эжелеримди отургузуп сүрөт тарта берчү экем. "Бул эмне, мени тарткан жоксуңбу?" десе, "бул Мерседес, атамдар машинадан түшкөндө анан сизди салам деп айтчусуң" дейт таенем.
Чыгармачылыкка аралашканда унаа жок жумуштарды бүтүрүү кыйын болуп калды. Такси менен 4 жылдай жүрдүм. Күнүгө 4-5 жерге барсаң эле 500 сомго жакын акча кетет. Эсептеп көрсөм таксиге короткон акчама бир машина деле келмек экен.
Негизи, бизди жумуш учурунда дайыма менеджерибиз алып жүрөт. Ал эми жеке иштерге келгенде досторума чалып "мени алып кетчи" деп, аларга бензин куюп жүрчүмүн. Досторум деле чын дилинен макул болушчу, бирок алардын убактысын алып жатам деп ыңгайсыз боло берет элем.
Ар жолу таксиге отурганда айдоочулар "сенин унааң жокпу?" деп сурай беришчү. Ага кошумча кесиптештерибиз той-кечеден кийин унааларын айдап кетишсе да жаман болуп калат элем. Ошондо минтип жүрө берген болбойт деп жарым жыл мурун өзүмө максат койгом.

"ТРАССАНЫН ПАДЫШАСЫН ТАНДАДЫМ"

– Бала кездеги кыялым Мерседеске акыры быйыл жеттим. Кыялымды орундатуу үчүн көп нерседен баш тартууга туура келди. Акыркы кезде акча чогултуу үчүн досторум менен да көп көрүшпөй, шаан-шөкөттөн алыс жүрдүм. Унааны өзүмдүн мүчөл жылыма белек кылам деп пландап жүргөм, буюрса, Максат максатына жетти (күлүп). Эки жума бою базар, автосалондорду жакшылап карап, байкаштырып жүрүп акыры ушул унаага туш болдум. Машинада музыка укканды аябай жактырам, андыктан магнитофонунун акустикасына да маани бердим.
Көпчүлүк "биринчисин арзан эле алыш керек. Жаңы рулга отургандан кийин көп сүзөсүң, аны батыраак жасатышың керек болот" деп ойлошот экен. Менде андай ой болгон жок. Адам сүзөм десе ошондой болот. Андай жаман ойду жолотпой, дароо эле жумшак, кенен, ыңгайлуу, өзүмө татыктуу ушул унааны тандадым.
Көпчүлүк "биринчи эле S класстан баштасаң, анда жакшы кетесиң" деп калышат. Мен буюмдун сапатына маани берем. Бул тулпарымды тандаганыма бренд да роль ойноду. Мерседести трассанын падышасы дешет.

"АЙДООЧУЛУК КҮБӨЛҮГҮМ 4 ЖЫЛДАН КИЙИН ЭЭСИН ТАПТЫ"

– Биринчи жолу 6 жыл мурун рулга отургам. Көлдө Рыспек деген досум Фольксваген Пассат айдачу. Унаасы механика эле, мен бутум менен газ, тормоз, "сцеплениени" басам, ал ылдамдыкты которуп коёт. Ошентип трассада бир топко чейин айдагам. Өзүмдү аттракционго түшкөндөй сезип, укмуш жаккан эле. Кийин досторумдукун, байкелеримдикин минип жүрүп үйрөнүп алдым. Айдоочулук күбөлүгүмдү алганыма 4 жыл болсо да эми ээсин таап, керекке жарай баштады.
Машина адамга, өзгөчө эркекке ишеним берет тура. Мурун өзүм менен өзүм эле жүрө берчүмүн. Азыр апамдын, эжемдин жумуштарын бүтүрүп, үй иштерине кол кабыш кылып калдым. Кадимкидей чоңойгонумду сезип, өзүмө ишеним көбөйдү.

"ТАЗАЛЫККА МААНИ БЕРЕМ"

– Машинанын тазалыгына маани берем. Жашаган жеримдеги унаа жуучу жай менен "дайыма силерге жуудурам, арзан кылып бергиле" деп сүйлөшүп алгам. Ошол жакка 2-3 күндө бир жуудуруп турам. Машинамдын ичинде аптечка, салфетка, атыр, документтерим бар. Ашыкча нерсени жактырбайм.
Тулпарымды айдап жүргөнүмө бир айдан ашты, көп деле эрежени буза элекмин. Бир жолу билбей туура эмес жерге кирип алган экем, айып пул төлөгөнгө туура келди. Унаага бир жолкусунда эле 2000 сомго бензин куюп коём. Ошол мага бир жумага кенен жетет. Жаныңда акчаң болбосо да жумуштарыңды бүтүрүп жүрө бересиң, айтор, жыргап эле калдым.

"УНААНЫ АЛМАШТЫРСАМ ДА, ҮЛГҮНҮ АЛМАШТЫРБАЙМ"

– Бул менин тарыхым. Андыктан менин жашоомдо жалаң Мерседес болсун деп тилек кылдым. Башкалардай болуп унааны бат-баттан алмаштырганга кызыкпайм. Кийин тулпарымды алмаштырсам да, үлгүсүн өзгөртпөйм.

Гүлжамал Бөрүкулова
Алишер Алиев
star@super.kg

 Кыстарылган видео 
“Non-Stop” дуэтинин ырчысы Максат унаасы менен тааныштырат
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (15)
Amanov
2016-11-07 12:01:43
Кечке мактана берет экен 2 3ай мурда алды окшойт эле дагы эле айтып тынбады
-7
Aruu_2010
2016-11-07 12:05:15
Тулпар ак жолтой болсун!
+1
leilek_suluktu
2016-11-07 13:49:29
насип кылсын
+3
leilek_suluktu
2016-11-07 13:56:59
насип кылсында бюрсун
+1
aruuke9292
2016-11-07 15:06:57
Эми айланайын Максатик 60тан ашпагын,ГАИ тоссо качпагын!
+1
Nursultan.92-19
2016-11-07 15:14:09
тубунон Шамаль ото берсин Нурлан-Насип ырдап журо берсин!!!
+4
Kroxa
2016-11-07 23:34:44
Меники жаныраак го 2003 мен деле 3 жыл мурун 5000 долл алгам,кудайга шугур...конуп алсан жоо баскын келбей калат экен...
-3
zvezda55
2016-11-08 07:23:21
Оо кут болсун!
+1
edik.toloikon
2016-11-08 14:42:49
Макс брат мактаныштын кереги жок азыр жөнөкөй эле кыргыз Россияда 1жыл иштеп ушундай 5000$ га машина алып койтат. биз кыргыздар үчүн бул жаңылык эмес))
-6
jaina
2016-11-09 09:39:55
edik.toloikon,Россияда иштеп журуп иштеген менен оз мекенинде, ээн-эркин журуп иштеп тапкан акча башка.
+7
Krai
2016-11-08 21:08:34
Азамат Максат болгон ачык бала экенсин
Ак жолтой болсун
+5
alibekova94
2016-11-09 23:17:21
Мунозу жакты, суйлогону озун алып жургону сонун экен. Жакшы кундордо айданыз, ак жолтой машине болсун.
+4
Gulnaz.GS
2016-11-10 11:18:39
Молодец менда сендей оз кучум мн чогултуп алгым келет,ырчы болсонда менден артта калыпсын дегендер акча менен озунорду бийик сезип кеттинерби
+7
Rus-lan
2016-11-10 15:56:39
мен уялам ушинтип машинаны же башка нерсени корсотуп мактангандан.
-2
chika-chika88
2016-11-12 00:55:22
Жакшылыктарга мин максат мерсинди! Баарыбыздын тилегибиз орундала берсин сага окшоп.
+2
№ 731, 04-ноябрь-10-ноябрь, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан