Бишкек шаары 25-октябрдан 29-октябрга дейре бильярддын борборуна айланды. Кий чеберлери арасындагы дүйнөлүк мелдешти өлкөбүз үчүнчү жолу тосуп алды. Ондон ашык мамлекеттин элүүдөй спортчулары катышып, кызыктуу беттеш тартуулашты.
КЫРГЫЗСТАНДЫН АТЫНАН 22 СПОРТЧУ КАТЫШТЫ
Алгачкы ирет "динамикалык пирамида" боюнча Дүйнөлүк чемпиондук 2012-жылы Бишкекте, 2 жылдан соң дагы бир мелдеш Чолпон-Ата шаарында өткөн. Өлкөбүздө бильярдга болгон кызыгуу артып, кий чебери болом деген жаш спортчулардын саны арбын. Быйылкы чемпиондук Бишкек шаарынын Арча-Бешик конушундагы жаңыдан салынган спорттук залда өткөрүлдү. Кыргызстандын бильярд боюнча башкы машыктыруучусу Каныбек Дүйшөбаев бул мелдешке жалпы 22 спортчубуз катышууга укук алганын билдирди. "Үй ээси болгондуктан негизги курамдагы 6 спортчудан тышкары кошумча ондон ашуун спортчубуз катыша алат. Башкы курамды Дүйнө чемпиондору Каныбек Сагынбаев жана Дастан Лепшаков, 2016-жылдын өлкө чемпиону Ызатбек Раатбеков баштаган кий чеберлери түзөт".
ЧЕМПИОНДУН ЖОЛУ БОЛГОН ЖОК
"Динамикалык пирамида" боюнча учурдагы Дүйнө чемпиону Дастан Лепшаков алгачкы беттешинде казак спортчусу Даурен Уренбаевди 7:3 эсеби менен жеңип алды. Чүчүкулактын жыйынтыгы менен 2-турда Дастанга 2 жолу Дүйнө чемпиону болгон украин спортчусу Ярослав Тарновецкий кез келди. Бул оюнда ар бир шар үчүн беттеш жүрүп, эки спортчу бири-биринен кем калышкан жок. Жеңүүчүнүн акыркы партияда гана аныкталышы буга далил. Тилекке каршы, жаш спортчубуз акыркы партияда жеңилип калды. Эсеп 6:7, жеңиш Тарновецкийдин пайдасында.
Айтылуу кий чебери Каныбек Сагынбаев жолун ийгиликтүү баштап, атаандаштарын удаасы менен жеңип кийинки баскычка чыга берди. Ошондой эле жарым чейрек финалга Каныбектен тышкары Канат Сыдыков менен Даниел Ажибек уулу гана чыга алышты.
"ДҮЙНӨ ЧЕМПИОНДОРУН УТКАНЫМА КАНААТТАНДЫМ"
Кийинки баскычта Каныбек Дастанды утуп алган Тарновецкийден "өч алууга" мүмкүнчүлүк алды. Күйөрмандардын сүрөөсү менен Сагынбаев атаандашын 7:4 эсебинде утуп алды. Ал эми Канат Сыдыков Леонид Швыряевге 7:1 эсебинде, Даниел Ильдар Вахитовго 7:1 эсебинде жеңилди. Чейрек финалда Каныбек Сагынбаев орусиялык Ильдар Вахитов менен кез келип, чаалыгып калганбы, айтор, акыркы эки партияны алдырып жиберди. Эсеп 7:5. Залдагы күйөрмандар да ыза болушту. Спортчубуз 5-орун алганына канааттанганын билдирди. "Бишкек бильярд борборуна айланды. Дүйнөлүк мелдешти жогорку деңгээлде өткөрө алгандыгыбыз кубантат. Оюндун ортосунда өзүм бошоңдук кылып койгондуктан атаандашым жеңип кетти. Мелдеште Дүйнө чемпиондору Ярослав Тарновецкий менен Алибек Омаровду утканыма канааттандым. Ал эми калган жаш спортчуларыбызга бул чемпиондук чоң тажрыйба болуп берет деп ишенем",-деди Каныбек Сагынбаев.
ЛЕОНИД ШВЫРЯЕВ – ДҮЙНӨ ЧЕМПИОНУ!
Калыстар күйөрмандарды тынчтыкка чакыра баштады. Телефондорду өчүрүп коюуну суранышты. Алдыда финалдык беттеш. Анда орусиялык спортчулар Леонид Швыряев менен Сергей Тузов жолукту. Ар бир партияда мыктылыгыңды далилдөө үчүн өзүңдү кармап, атаандашка сыр бербей ойноо керек. Дал ушундай таризде Леонид оюнду жүргүздү. Бир саат 45 мүнөткө жетпей Швыряев 6 партияны утуп алды. Бул учурда атаандашы партияны мындай кой, жалпы 8 гана шарды лузага киргизе алды. Сергей Тузовдун жарым финалдагы 5 сааттык оюнунан кийин чарчап калганы көзгө урунду. Оюндун 9-партиясы бул чемпиондуктун акыркысы болду. Эсеп 7:2, Леонид Швыряев "динамикалык пирамида" боюнча Дүйнө чемпиону!
Ошентип меймандос кыргыз өлкөсүнөн колодон тарта алтын медалга чейин орус спортчулары тагынышты. Өз көзү менен дүйнөнүн мыкты кий чеберлеринин жогорку деңгээлдеги оюнун көргөн күйөрмандар байге ээлерине кол чаап, сыртка карай бет алышты...
Адилет Керимбек уулу
sport@super.kg