"АЛАЙ" – ЧЕМПИОН!
Футбол боюнча өлкөбүздүн чемпиондугу – Топ-Лига жыйынтыкталды. Чемпион болчу команда акыркы турдук оюндарда гана чечилди. Ош шаарында "Алай" "Абдыш-Атаны" 2:0 эсебинде жеңип, упайларын "Дордойго" жеткирген жок. Бишкектик команда "Алганы" 3:1 эсебинде утканы менен, 2-орунга гана татыды. Ал эми коло медалды "Алганын" оюнчулары тагынды. Оштун "Алайы" ушуну менен экинчи жылы катары менен, ал эми өз тарыхында 3-жолу өлкө чемпиону болуп отурат.
БАЛБАНДАР ОЛЖОЛУУ КАЙТЫШТЫ
Кыргыз балбандары Түркиянын Чорум шаарындагы студенттер арасындагы Дүйнөлүк чемпиондукка ийгиликтүү катышып келишти. Жалпы 9 спортчунун арасынан 5 спортчу медалдарды тагынышты. Алсак, грек-рим күрөшү боюнча Каныбек Жолчубеков (59 килограмм) менен Эсен Асанов (75 килограмм) алтын медалга жетишсе, аялдар күрөшүндө коло байгеге Мадина Надирова (48 килограмм), эркин күрөш боюнча Улугбек Жолдошбеков (57 килограмм) жана Эламан Догдурбек уулу (70 килограмм) ээ болушту.
ДЗЮДОЧУЛАРДЫН ГЕРМАНИЯДАГЫ ИЙГИЛИГИ
Кыргызстандык дзюдочулар Отар Бестаев менен Юрий Краковецкий Германиядагы клубдар арасындагы чемпиондукту жеңишти. Бул мелдешке жалпы 11 команданын татами чеберлери катышкан. Отар менен Юрий "Гамбург" клубунун атынан чыгып, жарым финалда атаандаштарын 10:4 эсебинде утушса, финалдык беттеште «Гросхадерн» клубун утуп алышты. Жыйынтыгында кыргыз спортчулары Бундеслиганын алтын медалдарына ээ болушту.
Адилет Керимбек уулу
sport@super.kg