Адил Турдукулов: "АТАМБАЕВДИН МАКСАТЫ АКАЕВ, БАКИЕВДИКИНЕН АЙЫРМАЛАНБАЙТ"

Адил Турдукулов бийликтин кемчилигин тайманбай түз айтып, далилдер менен ачыктаган жаш муундун билимдүү өкүлү. Дүйнө таанымы кенен, алгылыктуу ой жүгүртө алган жаш активист гезитибизге маек берип, кыргыз саясатынын күнгөй-тескейи тууралуу ойлору менен бөлүштү.

Турдукулов Адил Ильясович

1981-жылы
– Талас облусунун Кара-Буура районунда туулган.
1999-2003-жылдары – УТРКда алып баруучу, кабарчы болуп иштеген.
2003-2005-жылдары – Депутаттыкка талапкерлердин консультанты жана башка кызматтарды аркалаган.
2005-2006-жылдары – Тышкы иштер министрлигинин маалымат бөлүмүнүн башчысы.
2006-2007-жылдары – КСДПнын Бишкек шаардык саясий кеңешинин төрагасы.
2007-2008-жылдары – Өкмөт башчынын жардамчысы.
2008-2011-жылдары – Кыргызстандын Япониядагы элчилигинде экинчи катчы.
Учурда – Сөз эркиндигин коргоо комитетин жетектейт, "Жаңы муун" кыймылынын өкүлү.
Бир уул, бир кыздын атасы.

– Адил мырза, сиз азыркы бийликти аёосуз сынга алып келесиз. Бийликтин жүргүзүп жаткан саясатына каршысызбы же бийликтеги айрым бир адамдаргабы?
– Бийликтеги адамга каршы болуу бул туруксуз нерсе. Себеби адам өзгөрүп турат. Мен бийликтин туура эмес саясатына, айрыкча, былык иштерине каршымын. Саясат менен жеке адамдык сапаттарды аралаштырбоо керек.

– Саясатка кандайча аралашып калдыңыз?
– Мен эмгек жолумду 1999-жылы теле жаатында баш­тагам. Ал кезде оппозиция­дагы, бийликтеги адамдар менен жолугуп маектешип, берүүлөрдү даярдачумун. Жогорку Кеңештин съезддерин калтырбай көрүп, кыскасы, саясий турмуштан кабардар болчумун. Теледе иштегеним ошол саясатка жасалган кадамдарымдын бири болгон. 2003-жылы теледен кетип, шаардык кеңешке депутаттыкка эң жаш талапкер катары ат салыштым. Жеңишке жеткен жокмун. Жеңилүү менин кызыгуумду жок кылмак тургай, тескерисинче күчөттү. 2005-жылдагы революцияга активдүү катышып, 2007-жылы Алмазбек Атамбаев өкмөт башчы болуп турганда ага жардамчы болдум. Кийин анын жардамы менен Япониядагы элчиликке иштеп кеттим. Келгенден кийин өзүмдүн фондумду ачып, саясий процесстерге активдүү аралашууга аракет кылып келе жатам.

– Алмазбек Атамбаев экөөңүздөрдүн эки жээкке бөлүнүп калууңуздарга эмне себеп болду?
– Ачыгын айтканда, Япониядан келгенден кийин мен Алмазбек Атамбаевге жаштык кылып таарынсам керек. Бирок азыр эч кандай таарынычым жок. Алмазбек Шаршеновичтин адамдык мыкты сапаттары бар жана анын мага берген тажрыйбасына ыраазымын. Бирок анын жүргүзгөн саясатына каршымын. Эки революцияда тең ал "бийликти бир ууч топко бербеш керек, коррупциялык схемалардан 2-3тү ачсак эле калганы кыйрап түшөт, мигранттардын өз үйлөрүнө кайтып келишине шарт түзөбүз" деп айткан болчу. Баарыбыз ишенгенбиз. Мен ошол убадаларын аткарсын деп талап кылып келе жатам. Аны мөөнөтүнөн мурда кетсин дебейм. Бирок президенттин бийликтен кетерине бир жыл калганда Конституцияны өзгөртмөкчү болуп жатканын туура эмес деп эсептейм. Учурда ал өзүнүн айланасындагы бир ууч адамдардын бийлигин сактап калуу үчүн жана саясатта жасаган туура эмес кадамдары, былык иштери үчүн жоопкерчилик тартпаштын амалын кылып өзгөртүүлөргө барып жатат.

– Бийликтин Конституцияны өзгөртүү аракетинин артында дагы эмне жатат?
Акаев да, Бакиев да бийлигин сактап калуу жана жоопкерчиликтен таюу максатында Конституцияны өзгөртүүгө барышкан. Атамбаевдин максаты ал экөөнүн максатынан айырмаланбайт. Парламенттик шайлоо учурунда Атамбаевдин КСДПны алдыга сүрөп, клондолгон партияларды парламентке өткөрүү аракетинде эле Конституцияны өзгөртүү максаты бар болгон. Ал эми Элдик парламенттин, Улуттук оппозициялык кыймылдын мүчөлөрүн, айрым жаш саясатчыларды камакка алганы Конституцияны өзгөртүүгө ким каршы чыкса камалат деп берилген белги болчу. Бирок мекенчил, тайманбаган адамдар ал эскертүүдөн коркуп калышкан жери жок. Конституцияны өзгөртпөө үчүн аракеттерди көрүп жатабыз. Каршы турабыз. Конституция өзгөргөн күндө да президент түзгөн сценарийдей болбойт. Себеби кыргыз саясатында бири-бирине эч ким ишенбейт. Айрыкча КСДПнын катарына кубулма, түлкү мүнөз адамдар чогулушкан. Алар кечээ Акаевди сатып, Бакиевдин коюнуна кирип, кийин Бакиевди сатып Атамбаевдин коюнуна киришкен. Эми Атамбаевди сатпайт деп ким кепилдик берет?! Демек, өзгөртүүлөр деле Атамбаев каалаган жемишти бербейт.

– Карапайым калкка Конституция боюнча да, башка саясий окуялар боюнча да маалымат мамлекеттик ММКлар аркылуу бир тараптуу кетип жатат. Мындайда референдумда көпчүлүк Конституцияны өзгөртүүгө каршы чыга алабы?
– Конституция 8 жолу өзгөрдү. Ал жакшылыкка алып келбегенин тажрыйбабыз көрсөттү. Бирок ошол эле тажрыйба бул жолу да бийлик мурункудай эле жолго барып өзгөртүүгө барарын, референдумду кандай болсо да өткөрөрүн көрсөтүп турат.
Элдин шайлоого болгон ишенимин да белгилей кетүү керек. Жакынкы шайлоодо эле элдер партиялардын идеялары, программаларына эмес, акча тараткандарына карап добуш беришпедиби. Бул элдин бийликке, шайлоого кол шилтеп койгону. Бирок мындай кол шилтеп коюу бийликтин ар кандай манипуляцияларга барышына жол ачат. Мындай жүрүштө референдум өтөт, Конституция өзгөрөт, себеби административдик ресурс колдонулат жана элдин кайдигерлиги да таасир этет. Антсе да бийлик өзгөртүлгөн Конституция менен алыска баралбайт. Өлкөдө кризис күч алууда, тышкы саясатта Орусия, Түркия Атамбаевге ишенбей калышты, мигранттар жиберген акчанын суммасы азаюуда. Бул сөзсүз өз таасирин берет.

– Акыркы убакта президентке жана анын жакын чөйрөсүндөгүлөргө байланыштуу чуулгандуу фактылар калкып чыкты. Бирок бийлик "баары мыйзамдуу болгон" деп кутулду. Бул боюнча оюңуз кандай?
– Оппозиция алсыз дешет. Алсыздыгынын себеби президент бардык күч органдарын тейлеп отурат. Ал оппоненттерин эптеп кылтак таап соттотуп, каматып жибере алат. Ал эми Атамбаевдин жанындагылар боюнча иштер калкып чыкканда президенттин калыс болууга даремети жеткен жок. Бул анын адилетсиз саясат жүргүзүп жатканынын көрсөткүчү.

– Кыргызстандын Япониядагы элчилигинде иштеп келгенсиз. Бүгүн Япония экономикасы боюнча алдыңкы өлкөлөрдүн бири, Кыргызстан болсо күн санап карызга батып бара жатат. Эмнени туура эмес кылып жатабыз?
– Адамдар Японияда да, Кыргыз өлкөсүндө да бирдей эле. Болгону саясий систем аларда туура калыптанган, бизде туура эмес.
Япондордо саясий лидерлер жоопкерчиликти сезе билишет. Мисалы, мурунку тышкы иштер министри анын эсебине белгисиз жактан 3 миң доллар түшүп калганы үчүн кызматын таштап кетип калган. Токионун губернатору жеген тамак-ашына ашыкча акча коротуп койгон делген үчүн отставкага кеткен. Бул эми кыргыз саясатында түшкө кирбей турган нерсе да. Өкмөт башчысын да тындырбай көзөмөлдөп, такалап турушат. Жумушка канчада келди, канчада кетти, эрте кетип калган жокпу, оппозициячыл саясатчы менен канча мүнөт жолукту, жөнөкөй саясатчы менен канча жолукту деп эле турушат. Анык ачык коом, сөз эркиндиги бар. Биздин өлкөдө адегенде экономика өнүксүн, анан сөз эркиндигин жасап алабыз дебеш керек. Сөз эркиндиги бар ачык коомдо гана өнүгүү болот, коррупция азаят.

Мирлан Өмүралиев
politika@super.kg

 Кыстарылган видео 
Адил Турдукулов: "Атамбаевдин бийлигин сактап калуу максаты бар"
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 731, 04-ноябрь-10-ноябрь, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан