Бишкектик вайнер Данияр Токтомаметов Инстаграмдагы баракчасына 1 жума мурун эле күлкүлүү видеолорду жүктөй баштаган. Айылдык жигиттин образында акцент менен орусча рэп айткан тамашакөй жигиттин видеолору интернет аркылуу тез арада жайылып, элдин колдоосуна арзып кетти. Баарынан да Даниярдын видеосун белгилүү рэп ырчы Тимати, казакстандык битмейкер Jah Khalib, шоумен Михаил Галустян, "А`Студио" тобунун солисти Кети Топурия бөлүшүп, баракчасына катталгандары анын окурмандарына да, өзүнө да күтүлбөгөн жагымдуу жаңылык болду. Ошондон кийин эле вайнердин популярдуулугу артып, Инстаграмдагы окурмандарынын саны мүнөт санап өсүп жатат. 1 күнгө жетпей ага 50 миң окурман жазылып, видеолорун дагы деле бөлүшүүдө. Жигиттин популярдуулугу ушуну менен эле токтоп калбай, чет өлкөлүк жалпыга маалымдоо каражаттарынын да ага кызыгуусу артып, репортаж даярдаганга жетишти.
Белгилей кетсек, 23 жаштагы Данияр Токтомаметов күлкүгө сугарган "Тамашоу" долбоорунан тапталып чыккан. Ал «IUK», «Brооklyn-IUK» командаларынын оюнчусу болгон. Аталган долбоордун негиздөөчүсү Эрмек Нурбаев: "Данияр командада жакшы оюн көрсөтчү. Ал башынан эле күлкүлүү видео тартып, монтаж кылганга жөндөмдүү. Биздин долбоордон чыккан бала болгондуктан ийгилигине сүйүнөсүң, сыймыктанасың. Бул атактуулукту убактылуу кылбай, андан ары өнүктүрүп, маңыздуу рэп айтышына тилектешмин. Миша Галустян "Даниярды "Пусть говорят" телеберүүсүнө чакырабыз" деген оюн билдириптир. Ал жакка бала даярданып барып кыргыз жери тууралуу жакшы ойлорду айтышы зарыл. Бизде орус тили расмий тил болгондуктан эл аны суудай билерин, өзү да так сүйлөөрүн даңазалашы керек",- деген оюн билдирди.
БЛИЦ-МАЕК
Бир күндө жылдызга айланган Данияр популярдуулугу тууралуу бизге кыскача айтып берди.
– Данияр, өзүң жөнүндө тааныштыра кетсең. Качантан бери тамашакөй видео тартуу менен алектенип келесиң?
– Мен Бишкекте төрөлгөм. Кыргызстан эл аралык университетин бүтүргөм. Интернетке видеолорумду жүктөй баштаганыма 1 жыл болду. Ал эми Инстаграмга mc_doncha деген ат менен баракча ачып, видео жүктөгөнүмө 1 жума эле болгон.
– Михаил Галустянды кумир тутат экенсиң...
– Ал баракчама катталганда бакыра албай же күлө албай, 15 мүнөттөй нес болуп отуруп калдым. Кичинекей кезимден бери аны баалап келгендиктен аябай сүйүнүп, ага ыраазычылыгымды билдирдим.
– Орусча кыйналып сүйлөгөн айылдык баланын образы бирөөнүн прототиби эмеспи?
– Жок, мен эч кимди туурабайм. Болгону мурун университетке жаңы кадам таштаганда орусча ката сүйлөчүмүн, кийин таза сүйлөп калдым.
– Атактуулук бат эле бүтүп калат деп корккон жоксуңбу?
– Андай болбош үчүн талыкпай иштешим керек. Андыктан өнөрүмдү өркүндөтүүгө аракет кылам.