"Ээнсиреген үй" тасмасы менен коомчулукту дүрбөлөңгө салган кыргыз режиссёру Нурбек Эген орус кинематографиясында дагы бир тасма жаратты. Анын "Барскан" ("Молот") аттуу жаңы тасмасында башкы ролдорду орусиялык белгилүү актёрлор Алексей Чадов, Оксана Акиньшина, Антон Шагин, Никита Панфилов, голландиялык мушкер Мелвин Манхуф ойношту. Тасма 2014-жылы Орусияда тартылып, быйыл майда Францияда өткөн Канн кинофестивалында көрсөтүлгөн. Бет ачары 3-ноябрда болду. Фильмде эрежесиз эр уруш боюнча Молот аттуу мушкердин тагдыры, сүйүүсү баяндалат.
Эске салсак, Нурбек Эген көп жылдан бери Москвада жашап, орусиялык телеканалдардын буйрутмасы менен тасма тартып келет.