Кыргыз иллюзионисттери Радислав Сафин менен Ольга Крамер ысымдарын "Гиннестин рекорддор китебине" киргизди. Алар Индиянын Нью-Дели шаарында 1 мүнөттүн ичинде 20 кийим алмаштырып бул жетишкендикти багындырышкан. "Костюмдардын санын көбөйтүп, кыска убакытта кийип-чечүүнү максат кылганбыз. Кийимдерибиз бир гана этникалык стилде болгону биздин уникалдуулугубуз болду",- дейт Ольга Крамер.