SUPER.KG’ден Күнсереп

SUPER.KG порталындагы "Күнсереп" рубрикасында күн ичинде болуп өткөн коомдук жана саясий окуяларга саресеп салынууда. Биз окурмандарды мына ошол рубрикада жарыяланган макалалардын урунттуу учурлары менен тааныштырабыз.

27-октябрь:
БАБАНОВДОН КОРККОН БИЙЛИК «БАКИЕВЧИ» ФРАКЦИЯНЫ КОАЛИЦИЯГА АЗГЫРАТ

Жогорку Кеңеште коалицияны түзүү боюнча расмий сүйлөшүүлөр башталды. Көпчүлүк жаңы альянс КСДП (38 мандат), «Республика-Ата Журт» (28 мандат) жана «Кыргызстан» (18 мандат) фракцияларынан турарын божомолдошууда. Бирок Бабанов коалиция тарагандан кийин бийликке ачык эле ультиматум коюп, өзүнүн сунушу кабыл алынса гана коалицияга кирүүнү ойлоно турганын айтты. Жакынкы тарых көрсөткөндөй, КСДП өздөрүнө Бабановдун тең ата өнөктөш болуусуна макул болбойт. Сөзсүз жаңы альянс түзүүнүн башка жолдорун издейт. Президент Алмазбек Атамбаев жана анын командасы бүгүн «Өнүгүү-Прогресс» менен «Бир болду» «бакиевчилер» деп жамандап, аларды эл душманына теңеп жатканы менен, эртең бул эки фракцияны коалицияга кошууга катуу аракет кылат. Себеби жөнөкөй эле: бийлик президенттик шайлоонун алдында «Түндүк» коалициясы бийликке келди деген сындардын алдын алышы керек. Экинчи себеби – Бабановдун саясий салмагы. Коалиция түзүүдө КСДП күчтүү электоратка ээ, жаш, акчалуу, тажрыйбалуу жана эң негизгиси өз алдынчалуу Бабановго көз каранды болуудан коркот. Ошентип Атамбаев өз сөзүндө «бакиевчил» деп эл душманы көрсөткүсү келгенине карабастан, курамында Чолпон Жакупова, Мыктыбек Абдылдаев сыяктуу принципиалдуу саясатчылары бар «Бир бол» фракциясын коалицияга азгырып аларын күтүүгө болот...

28-октябрь:
КАНАТБЕК ИСАЕВ ӨЗҮ КАЗЫШКАН АҢГА ӨЗҮ ТҮШТҮ

Бүгүн Жогорку Кеңештеги «Кыргызстан» фракциясындагы «төңкөрүштөн» кийин Канатбек Исаев лидерликтен четтетилди. Ошентип Исаев бийликтин Баш мыйзамды өзгөртүү аракетинин кезектеги курмандыгы болуп калды. Окуянын көңүл бурдуруучу өзгөчөлүгү, алгач Исаев бийликтин Баш мыйзамды өзгөртүү аракетин активдүү колдоп келип, бирок соңунда Конституцияны өзгөртүүгө керектүү «Референдум жөнүндө» мыйзам долбооруна «Кыргызстан» фракциясынын бир топ депутаттары менен чогуу каршы добуш берген. Исаев көз карашынын кескин өзгөрүшүн бийлик депутаттарды ою-боюна койбой, зордоп добуш бердирип жатканына каршы болгону менен түшүндүрдү. Депутат акыры чындыкты айтууга аргасыз болду көрүнөт, анткени Жогорку Кеңеште мына ушундай зордоп-коркутмай орун алып жатканын 2 ай мурда «бир болчу» Чолпон Жакупова да айтып чыккан эле.
Бийлик депутаттарды коркутуп, өзү каалаган нерсени жасатып жатканда депутаттардын жалгыз таянары – эл. Анткени азыр элдин таламын талашып, бийликтин туура эмес иштээрин айтып чыккан эл өкүлдөрү бийликтин колундагы жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу «эл душманы» кылып көрсөтүлүп, күч органдарынын тебелендисинде калышы мүмкүн. «Ата Мекендин» депутаттарына жасалган мамиле мунун айкын далили.
Исаевдин бул билдирүүсү Кыргыз жергесинде авторитардык бийлик орноп жатканынын дагы бир белгиси. Азыр ошол режимдин түптөлүшүнө салым кошуп жаткан аткаминерлер ойлонушу керек. Анткени азыр өздөрү өстүрүп жаткан «ажыдаарга» эртең өздөрү дагы жем болушат...

31-октябрь:
ПРЕЗИДЕНТТИК ШАЙЛООГО КАРАТА АЛГАЧКЫ ФАВОРИТТЕР: МАДУМАРОВ, МЫРЗАКМАТОВ, БАБАНОВ

Кийинки президент ким болот? SUPER.KG порталы 2017-жылы өтүүчү президенттик шайлоого карата сурамжылоо жүргүзүүдө. Суроо эки вариантта. Биринчиси: «Жакында президенттик шайлоо өтө турган болсо, кимге добуш бермексиз?» Эл ичинде «президенттикке ат салышат» же «президенттикке татыктуу» деп аттары аталып жаткан саясатчылар талапкер катары көрсөтүлгөн. 2010-жылы кабыл алынган Баш мыйзам Алмазбек Атамбаевге экинчи жолу президенттикке барууга жол бербейт. «Баш мыйзамды 2020-жылга чейин өзгөртүүгө болбойт» деп келген бийлик эми бардык мыйзам ченемдерин тебелеп өтүү менен Конституцияны өзгөртүүгө баратат. Бийликтин бүгүн бирди айтып, эртеси теңирден тескери иш кылганы кадимки көрүнүш болуп, «Атамбаев кайрадан президент болууга аракет жасабайт» деп так кесе айтуу мүмкүн болбой калды. Андыктан сурамжылоонун экинчи суроосу «Алмазбек Атамбаев кайрадан президенттик шайлоого талапкерлигин койсо, анда кимге добуш бермексиз?» деген собол менен жүргүзүлүүдө. Добуштар эки топто эсептелүүдө: Кыргыз мамлекетинде жашап, бул жактан добуш бергендер жана чет мамлекеттерде жашап жаткан мекендештердин добуштары.
Кыргыз мамлекетинен добуш берүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча бир айдын көрсөткүчүнө таянсак, фавориттер: Адахан Мадумаров, Мелис Мырзакматов жана Өмүрбек Бабанов. Булардан кийинки орунда «Ата Мекендин» лидери Өмүрбек Текебаев. Булардын ичинен Мелис Мырзакматов 2014-жылдын ноябрь айынан бери издөөдө. Эки жылдан бери Кыргыз жергесинде жоктугуна карабай Мырзакматовдун күйөрмандарынын колдоосу сууй электигин сурамжылоо көрсөтүүдө. Адахан Мадумаровго келсек, президенттик шайлоого катышарын расмий түрдө биринчи болуп жарыялаган. Бийликтин Конституцияны өзгөртүү аракетине каршы чыккан Өмүрбек Текебаевди колдоп, көпчүлүктү кубандырды, анткени бул эки лидерди кыргыз эли такыр келишпеген оппоненттер катары көрүп көнүп калган. Президенттик шайлоого катышам деп жарыялагандардын дагы бири Темир Сариев сурамжылоодо көп добушту багынта албай жатат. Өз алдынча көп добуш топтой албаса да, бул саясатчыда тараза ташын бир тарапка оодарып кетүү мүмкүнчүлүгү бар. Мисалы, Өмүрбек Текебаев менен биригип, бийликтин пландарына каршы тура алышмак. Сурамжылоодо Садыр Жапаровго Кыргыз мамлекетинде жашап жаткандарга караганда чет мамлекеттерде жашап жаткандар көбүрөөк добуш беришти. Бул адам жакында Москвадагы кыргыздарды чогултуп концерт бердирип, чай бергенин эске алсак, демек, добуштар ошол тараптан берилип жатышы мүмкүн. Чет мамлекеттерден добуш берип жаткандар келе жаткан президенттик шайлоонун реалдуу картинасын түзө албайт. Каттоо түйшүгү, жумуш, убакыттын тартыштыгы, биометрикалык маалыматтарын тапшыруу маселелеринен жана башка себептерден улам чет мамлекеттердеги жарандарыбыз шайлоолорго жетиштүү катышпай келишет. Алардын саны да жалпы шайлоочулардын аз гана пайызын түзөт...

1-ноябрь:
БИЙЛИК БАБАНОВДУ «СЫНДЫРАБЫ» ЖЕ БАБАНОВ БИЙЛИКТИБИ?

Коалициянын курамы эртең кечинде билинери тууралуу маалымат тарады. Ага чейин тесттик режим. Тагыраагы, эртеңки маанилүү мыйзам долбоорду кабыл алууда «коалицияга кирем» деген фракциялардын позициясы КСДП менен дал келеби, жокпу, ошого жараша чечилгени калды. Конституцияга өзгөртүү киргизүүнү колдоо баасын Канатбек Исаевдин фракциялык лидерликтен кол жууп калган окуясынан улам коомчулук билип отурат. Коалицияны куроо мандатын алган КСДП ушул күнгө чейин «Ата Мекен» жана «Өнүгүү-Прогресстен» башка бардык 3 фракция башчылары менен сүйлөшүү жүргүздү. Бүгүн «Республика-Ата Журт» коалицияга кирбей, оппозицияда калат деген ушактар тарай баштады. Бирок 28 мандаты бар «Республика-Ата Журтсуз», анын лидери Бабановсуз коалиция туруктуу болбошун бийликтегилер билишет жана бул айың кептер бийликтин атайын жасалган тактикасы болушу мүмкүн. Тескерисинче, Өмүрбек Бабановдо азыр кырдаалга жараша колдон чыгаргыс мүмкүнчүлүк бар. Жогорку Кеңештин V чакырылышында «Бир болдун» лидери Алтынбек Сулайманов, «Кыргызстандын» лидери Канатбек Исаев, «Өнүгүү-Прогресстин» лидери Бакыт Төрөбаев – ушул бүгүнкү үч партиянын жетекчилеринин баары «Республиканын» катарында шайланып келген депутаттар болгон. Бабанов командасын кайрадан чогултуп, көпчүлүктү түзсө, анда бул жол чыныгы жаңылануу болмок. Бабанов азыр чечкиндүү кадамдарга барбаса, эртең бийлик андан президенттик креслону алыстатууга бар күчүн жумшаарын билет...

2-ноябрь:
БАБАНОВ КУЛОВДУН 2006-ЖЫЛДАГЫ КАТАСЫН КАЙТАЛАДЫБЫ?

Өмүрбек Бабанов "Республика-Ата Журт" фракциясы коалицияга кирбей турганын айтып билдирүү жасады. Бирок фракциясы менен бирге референдум өткөрүү мыйзамын колдоп добуш берди. "Муну менен Бабанов өзүндөгү тарыхый мүмкүнчүлүктү колдон чыгардыбы?" деген суроо жаралат. Бийликтин жетегине алынбай өз алдынча кетүүгө Бабановдо толук мүмкүнчүлүк бар болчу. Бүгүнкү күндө Жогорку Кеңеште отурган 4 партиянын лидерлери Өмүрбек Бабанов, Канатбек Исаев, Бакыт Төрөбаев жана Алтынбек Сулайманов мурунку "Республикадан" чыккандар. Ал үчүн Бабанов конституциялык реформага каршы туруп, "Кыргызстан" (18 мандат), "Өнүгүү-Прогресс" (13 мандат), "Бир бол" (12 мандат) фракцияларын, башкача айтканда, мурдагы командасын бириктириши керек эле. "Республикачылардын" 71 мандаты менен Бабанов 49 мандатка ээ революциячыл партияларды (КСДП жана "Ата Мекен") оппозицияда калтыра алмак. Ошондо кырдаал кескин өзгөрүп, кыргыз саясатында жаңы доордун башатына пайдубал болмок.
Мындай мүмкүнчүлүктү Бакиевдин убагында Феликс Кулов колдон чыгарып, авторитаризмге жол ачылганы белгилүү. 2006-жылы премьер-министр Кулов Конституцияны өзгөртүүгө каршы митингдерди уюштуруп жаткан оппозицияны айыптап, бийликти колдоп чыккан. Бирок Бакиев 2006-жылдын ноябрь жана декабрь айларындагы конституциялык кризистен пайдаланып Куловду айлакерлик менен өкмөт башчылыктан кетирген. Ошентип Бакиев менен тандем түзүп өкмөт башчылыкка барган Кулов бийликке алданып көчөдө калган. Куловдун бул катасы Бакиевдин кландык-авторитардык бийлигине кенен жол ачып, бүткүл мамлекетке оор залалын тийгизди. Бабанов бүгүн бийликтин айтканына көнүп берди, бир жолу берилген тарыхты өзгөртүү мүмкүнчүлүгүн колдон чыгарды. Бул окуяда чечкиндүүлүк кылып, кырдаалды өзгөртө алса, эртең журт башы болууга даремети жетерин далилдемек. Референдумду өткөрүп алса, атамбаевдик команда президент болом деген Бабановдун башынан сылабайт. Тескерисинче, колдоочулары көп, жаш, тажрыйбалуу, өз алдынчалуу талапкерди президенттикке жеткирбөөгө бүткүл күчтү жумшашат...

www.super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 731, 04-ноябрь-10-ноябрь, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан