Көпчүлүгүбүздө "түрк сериалдары үй кожойкелери үчүн гана кызыктуу" деген ой жашашы мүмкүн. Бирок мындай түшүнүктү "Кулпунай жыты" мелодрамасы четке какты. Сериалдын негизги аудиториясы жаштар экендигин белгилеген кино жаратуучулардын оюна кошулбай коюу кыйын.
Жанры – Мелодрама, романтикалык комедия
Режиссёру – Филиз Гүлмез Пакман
Сценарийин жазгандар – Бану Зенгин Так жана Асли Зенгин
Башкы ролдордо – Демет Өздемир, Юсуф Чим, Экин Мерт Даймаз жана башкалар
Тарткан өлкө – Түркия
Жылы – 2015
БАНАЛДУУ СЮЖЕТ, ЖОГОРКУ РЕЙТИНГ
Жай, деңиз, кулпунай жыттанган бул сериалдын сюжети бир караганда чындыгында эле баналдуу көрүнөт. Карапайым үй-бүлөдөн чыккан сулуу "күлчү кыз" менен ата-энесинин эркеси, тентеги, көз күйдүргөн бойдок жигиттин ортосундагы махабат баяны. Анткен менен аталган сериал жаштар арасында кызыгуу арттырып, 3-сериясы экранга чыкканда эле жыл ичинде жарнама берүүчүлөрдүн көңүлүн бургандыгы боюнча алдыңкы орунга чыккан.
Алгач бардык талаптар боюнча эң жогорку сапаттагы сериал деп бааланган бул эмгектин рейтинги өсүүсүн токтотту деген себеп менен режиссёр акыркы серияларын кыскартып салганы айтылып келет. Бирок буга миллиондогон кино сүйүүчүлөр нааразычылыгын билдиришкен.
КЫСКАЧА СЮЖЕТИ
Баш каармандардын бири Аслы келечекте аты алыска тараган кондитер болууну самайт. Ал өзү иштеген кондитердик дүкөндүн кардары Волкан аттуу жигитке тымызын ашык. Бирок тагдыр жолу Аслыны капыстан Бурак менен жолуктурат. Аслы кардардын тапшырмасы менен торт жеткирүү үчүн жолдо баратканда кырсыкка кабылат. Буга себепкер Бурак кечирим сурабастан оройлук көрсөтүп, экөө уруша кетишет. Тапшырыкты убагында жеткирбегени үчүн Аслы жумушунан айдалып, курбу кызы экөө жумуш издеп Бодрумга жол тартышат.
Бурак менен Аслынын кийинки жолугушуусу учакта болот. Андан кийин түнкү клубда, мейманканада, көл жээкте, айтор, кайда барышпасын "бул кайра эле сенсиңби?" деген сөздү айтууга аргасыз болушат. Ал эми Стамбулга кайтышканда экөө бир үйдө жашап жатышканын бир нече күндөн кийин гана билишет.ЭКИН МЕРТ ДАЙМАЗ (ВОЛКАН)
Экин Мерт Даймаз татына жүзү менен модель болбой коюуга мүмкүн эмес эле. Анткени Түркиянын бир канча моделдик агенттиктеринен байма-бай сунуш түшүп турган. Ага чейин актёр профессионалдык деңгээлде баскетбол менен машыгып, кийин алган жаракатынан улам башка иш менен алектенүүгө туура келген. Жыйынтыгында "Дүйнөнүн эң мыкты модели" наамына ат салышууга жетишкен. 2014-жылы өзүнүн актёрлук карьерасын "Блокнот" аттуу сериалга тартылуу менен баштап, 2015-жылы "Кулпунай жыты" сериалы менен атактуулукту багынткан. Актёр 1990-жылы 2-декабрда Нидерландыда төрөлгөн.
ЮСУФ ЧИМ (БУРАК)
1991-жылы 26-сентябрда Түркиянын Стамбул шаарында төрөлгөн. Жаштайынан эле эл алдында чоңойгон Юсуф учурда модель, ырчы, телеалпаруучу, актёр катары калың журтка таанымал. 2011-жылы "Түркиянын мыкты модели" наамына татыган. Ырчылык жаатында 2013-жылы "Бир ирет болсун" аттуу альбому жарык көргөн. Ал эми телеалпаруучу катары 2015-жылы жергиликтүү каналдардын биринде "Пирамида" аттуу шоу берүүнү алып баруу менен өзүн көрсөткөн. Юсуф Чим кайрымдуулук менен да алектенип, Даун синдрому менен ооруган балдарга көмөк көрсөтүп келет.
ДЕМЕТ ӨЗДЕМИР (АСЛЫ)
Демет Өздемир 1992-жылы 26-февралда Түркиянын Коджа эли деген жеринде төрөлгөн. Кичинесинен өнөргө жакын Демет мектепти аяктаган соң бий мектебине кадам таштайт. Кашы-көзү кара, арык чырай, сулуу бийчи кыз эл көзүнө көрүнө баштап, 2009-жылы ырчы Мустафа Сандалдын 2 клибине бийчи катары тартылат.
Кино дүйнөсүнө болсо "Мен сага сырымды айтам" аттуу сериалы менен келген. Ал эми калың журтка актриса "Кулпунай жыты" сериалы аркылуу 2015-жылы таанылган. Жеке жашоосунда "Кулпунай жыты" сериалындагы өнөктөшү Юсуф Чим менен жакын мамиледе экендигин жашырышпайт.
СЕРИАЛ ТУУРАЛУУ
Чолпон Сүйүнбаева
star@super.kg