2011-2014-жылдар аралыгында коргоо министри болуп турган Таалайбек Өмүралиевге кылмыш иши козголду. Ага Кылмыш-жаза кодексинин 305-беренесине ылайык "кызматтык укуктардан аша чабуу" боюнча айып тагылган. Башкы прокуратуранын маалыматына караганда, аталган иш боюнча Аскер прокуратурасы тергөө жүргүзгөн. Экс-министр менен аталган мекеменин Каржы башкармалыгынын жетекчиси мыйзамды бузуп, өлкө бюджетинен 5 миллион сомду максатсыз колдонушкан деп айыпталууда. Аталган акча каражаты Жалал-Абад облусуна аскер шаарчасын куруу үчүн мамлекет тарабынан бөлүнгөн эле. Кылмыш иши боюнча учурда тергөө жүрүп жатат.
Бектур Токтоноев
politika@super.kg