ПОРОШЕНКО МЕНЕН АТАМБАЕВДИН АТЫНАН КИМ СҮЙЛӨШТҮ?

Украинанын президенти менен Кыргызстандын президенти телефон аркылуу сүйлөшүп, эки тараптуу кызматташтык тууралуу сөз болду. Мындай маалымат Украина президентинин расмий сайтына 2-ноябрь күнү жайгаштырылды. Маалыматта "Украина президенти Петро Порошенко менен Кыргыз Республикасынын президенти Алмазбек Атамбаев телефон аркылуу украин-кыргыз мамилесинин актуалдуу маселелерин талкуулады. Украинанын продукцияларын Кыргызстанга жеткирүүдө Орусия аймагында жаралчу маселелерди карап чыгууну талкуулашты" деп жазылат. Кыргызстандын президенттик аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Сапар Исаков аталган маалыматтын жалган экенин жана Порошенкону бирөө тамашага салган болушу мүмкүндүгүн белгиледи. Бул маалымат бир күндөн кийин Украина президентинин сайтынан алынды. Президенттин кабылдамасынын номерине туш келди эле адам чала албасы түшүнүктүү. Ошондо Алмазбек Атамбаевдин ордуна кабинетинде ким сүйлөшкөн болуп калат?...

Бектур Токтоноев
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 731, 04-ноябрь-10-ноябрь, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан