2-ноябрь күнү "Референдумду дайындоо тууралуу" мыйзам долбоору парламентте 89 депутаттын "макул", 16сынын "каршы" деген добушун алып, документке эртеси эле президент кол койду. Баш мыйзамды өзгөртүүгө багытталган бул мыйзам долбоорун кабыл алууда кимдер эрдик, кимдер коркоктук, кимдер эсептешүү менен добуш беришти?
МЫЙЗАМ ДОЛБООРУ ШАШЫЛЫШ КАРАЛДЫ
"Ата Мекен" фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев: "Президент "Референдум жөнүндөгү" мыйзамга кол коюп, ал күчүнө киргенден кийин референдумду дайындоо боюнча мыйзам долбоорун карашыбыз керек эле. Бирок биз 1 ай өтпөй туруп эле 2 окуудан өткөрүп жибердик. Мен мыйзам жазып жүргөн адам катары айтып коёюн, аталган 1 ай ошол мыйзам баарына жеткиликтүү, түшүнүктүү болуп, коомго сиңиши үчүн белгиленген. Азыр болсо ошол жараяндан өткөрбөй эле добуш берип жатабыз",- деди. 24-октябрда КСДПнын чыгуусу менен коалиция ыдыраган болчу. Алар бул кадамын "Ата Мекен" жана "Өнүгүү-Прогресс" фракциялары менен иштеше албай жаткандыгына шылтоо кылган. "Референдумду дайындоо" боюнча мыйзам долбооруна добуш берүүдө коалицияга кимдер кошулушу анык болору КСДПнын лидери Иса Өмүркулов тарабынан кыйытылып жаткан. Бирок "Республика-Ата Журттун" лидери Өмүрбек Бабанов жыйын учурунда коалицияга кирбешин, ошондой эле Конституцияны өзгөртүү боюнча каршы эместигин билдирди.
БААРЫ КАРШЫЛЫК БИЛДИРГЕН ЖАЛГЫЗ "АТА МЕКЕН" БОЛДУ
"Референдумду дайындоо" боюнча мыйзам долбоорун 3-окууда КСДП жана "Республика-Ата Журт" фракцияларынын добуш берүүгө катышкан депутаттарынын баары колдошту. КСДП толугу менен добуш берүүгө катышса, "Республика-Ата Журттан" 1 эле депутат – Курманкул Зулушев добуш берүүдө болгон жок. Ал эми "Кыргызстан" фракциясынан 15 депутат "макул", Канатбек Исаев менен Урматбек Самаев каршылыгын билдирип, Таалайкүл Исакунова добуш берүүгө катышкан жок. "Өнүгүү-Прогресс" фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев баш болгон 5 депутат "каршы" добуш берсе, Абдумажит Юсуров "макул" деп добуш берди. Калгандары добуш берүүдө болбоду. "Бир бол" фракциясынан 8 эл өкүлү "макул" болуп, Мыктыбек Абдылдаев, Чолпон Жакупова жана Улугбек Ормонов "каршы" чыгышты. "Бир болчулардан" 1 адам добуш берүүгө катышкан жок. "Ата Мекенден" добуш берүүгө катышкандардын баары "каршы" добуш берди. 3-ноябрда президент Алмазбек Атамбаев "Кыргыз Республикасынын Конституциясына өзгөртүүлөрдү киргизүү" жөнүндө мыйзам долбоору боюнча референдумду дайындоо тууралуу" мыйзамына кол койду.
СЮРПРИЗИ ЖОК КОАЛИЦИЯ ТҮЗҮЛДҮ
3-ноябрь күнү гезит басууга кетерде КСДП "Кыргызстан" жана "Бир бол" фракциялары менен 68 депутаттан турган коалиция түзгөнүн жарыялады. Иса Өмүркуловдун айтымында, премьер-министрликке Сооронбай Жээнбековдун талапкерлиги сунушталды. Ал эми парламенттик оппозицияда "Ата Мекен" (11 депутат), "Өнүгүү-Прогресс" (13) жана "Республика-Ата Журт" (28) калды.
Бектур Токтоноев
politika@super.kg