Өткөн айда Ош шаарында «коңшусун бычактаган» деп шектелген жаран кармалды. Кылмышка шектүү бул кадамга жол кырсыгынан улам көз жумган ата-энеси үчүн өч алуу максатында баргандыгын айтууда.
5 ИРЕТ БЫЧАК САЙЫЛГАН
Ушул жылдын 13-октябрында саат 16:00 чамасында милиция кызматкерлерине Ош шаарындагы Урицкий көчөсүндөгү «Береке» дүкөнүнүн жанында турган жаранды мас абалындагы белгисиз жаран келип бычактап салгандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Жабырлануучу «Тез жардам» кызматы аркылуу Ош шаардык ооруканасына жеткирилип, ага өз убагында жардам көрсөтүлүп, бактыга жараша аман калган. Жабырлануучу 1965-жылы Өзгөн районунда туулган Талантбек Азимбаев экендиги аныкталган. Анын ичине 3, далысына 2 жолу бычак сайылган. Ыкчам иликтөөлөрдүн жыйынтыгында көп узабай милиция кызматкерлери тарабынан жогорудагы кылмышка шектүү катары Ош шаарынын тургуну, 1990-жылы Өзгөн районунда туулган Урмат Шералиев аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга камалган.
«АНЫН АЙЫНАН АТА-ЭНЕМДЕН АЖЫРАГАМ»
Кылмышка шектүү Урмат Шералиев тергөө учурунда мындай кадамга эмне себептен баргандыгын төмөнкүдөй түшүндүргөн:
– Мурда соттолгон эмесмин. Бойдокмун. Такай иштеген жумушум жок, күнүмдүк кара жумуштарда иштеп жанымды багып жүргөм. Үй-бүлөдө жалгыз уулмун. Ата-энем 2015-жылдын 20-декабрь күнү мен бычактаган кошунам Талантбектин Тико үлгүсүндөгү унаасында кетип баратышып Куршабдан жол кырсыгына кабылып каза табышкан. Талантбек жолдо унаасын айдап баратып КамАЗдан ашып өтөм деп каршы тилкеге чыгып, маңдайынан чыккан башка КамАЗ менен сүзүшкөн. Бирок Талантбек унаасынан секирип түшүп аман калган. Анын айынан ата-энемдин экөөнөн тең ажырап, 1 үйдөн 2 өлүк чыгардым. Бирок Талантбек татыктуу жаза алган жок. Ошол себептен мен ага өчөшүп калгам. Ата-энем өлгөндөн кийин өзүмдү таштап, ичкиликке берилип кеттим. Окуя болгондо да мас болчумун. Көчөдөн ата-энемдин өлүмүнө күнөөлүү Талантбек менен уруша кетип, ошондо өч алуу максатында, бир чети масчылык менен аны бычактап салдым.
«МУРДА ДА БЫЧАК КӨТӨРҮП КЕЛЕ БЕРЧҮ»
Ал эми жабырлануучу Талантбек Азимбаев окуя тууралуу тергөө учурунда буларды билдирген:
– Өзүмдүн 2 балам бар. Таксистмин, өз унаам менен эл ташып үй-бүлөмдү багам. Мени бычактаган Урмат менен бир жатаканада кошуна турабыз. Былтыр Урматтын ата-энеси «тойго алып барып кел» деп суранышканынан аларды Кара-Кулжага алып баратып жол кырсыгына кабылгам. Унаада үчөөбүз элек. Урматтын ата-энеси ал кырсыктын кесепетинен каза болуп калышкан. Ал окуя боюнча мен сот тарабынан өз жазамды алгам. Ошондон кийин Урмат ичип алса эле колуна бычак көтөрүп «ата-энемдин өлүмүнө сен күнөөлүүсүң! Сени минтем, тигинтем» деп коркутуп биздин үйгө келе берчү.
«ЖАБЫРЛАНУУЧУНУН АЯЛЫН ДА САБАГАН»
Окуянын күбөсү да суракка алынып, көргөнүн айтып берген:
– Ошол күнү Талантбек байке көчөдө турса Урмат чуркап келип «сен менин ата-энемди өлтүргөнсүң» деп кыйкырып, аны бычактап баштады. Талантбек байкенин аялы экөөнү ажыратмакчы болду эле, Урмат аны да ур-тепкиге алып баштаганда Талантбек байке качып кетүүгө аракет кылды, бирок Урмат артынан кууп жетип аны дагы бычактады. Анан ошол тегеректе жүргөн эркек кишилер келип экөөнү ажыратышып, Урматтын колунан бычакты алып, милиция кызматкерлерин, «Тез жардам» кызматын чакырышты.
«ЖАБЫРЛАНУУЧУНУН АБАЛЫ ЖАКШЫ»Ош ШИИБинин басма сөз кызматкери Замир Сыдыковго байланышып, окуя тууралуу уктук:
– Бул кылмыш боюнча Кылмыш жана жаза кодексинин 28-97-беренеси (киши өлтүрүүгө аракет кылуу) менен кылмыш иши козголгон. Учурда кылмышка шектүү жабырлануучудан ата-энесинин өлүмү үчүн өч алуу максатында ушул кадамга барганын билдирүүдө. 2015-жылы кылмышка шектүүнүн ата-энеси жабырлануучунун унаасында кетип баратышканда жол кырсыгына кабылышып, көз жумган экен. Ал боюнча өз убагында тергөө жүрүп, жыйынтыгында айдоочусу сот тарабынан 3 жылга жатак абакка кесилиптир. Азыркы тапта жабырлануучунун абалы жакшы.
Асхат Субанбеков
koom@super.kg