Архив
792   793   794   795   796   797   798   799   800   801   802   803   804   805   806   807   808   809   810   811   812   813   814   815   816   817   818   819   820   821   822   823   824   825   826   827   828  
740   741   742   743   744   745   746   747   748   749   750   751   752   753   754   755   756   757   758   759   760   761   762   763   764   765   766   767   768   769   770   771   772   773   774   775   776   777   778   779   780   781   782   783   784   785   786   787   788   789   790   791  
687   688   689   690   691   692   693   694   695   696   697   698   699   700   701   702   703   704   705   706   707   708   709   710   711   712   713   714   715   716   717   718   719   720   721   722   723   724   725   726   727   728   729   730   731   732   733   734   735   736   737   738   739  
635   636   637   638   639   640   641   642   643   644   645   646   647   648   649   650   651   652   653   654   655   656   657   658   659   660   661   662   663   664   665   666   667   668   669   670   671   672   673   674   675   676   677   678   679   680   681   682   683   684   685   686  
583   584   585   586   587   588   589   590   591   592   593   594   595   596   597   598   599   600   601   602   603   604   605   606   607   608   609   610   611   612   613   614   615   616   617   618   619   620   621   622   623   624   625   626   627   628   629   630   631   632   633   634  
531   532   533   534   535   536   537   538   539   540   541   542   543   544   545   546   547   548   549   550   551   552   553   554   555   556   557   558   559   560   561   562   563   564   565   566   567   568   569   570   571   572   573   574   575   576   577   578   579   580   581   582  
479   480   481   482   483   484   485   486   487   488   489   490   491   492   493   494   495   496   497   498   499   500   501   502   503   504   505   506   507   508   509   510   511   512   513   514   515   516   517   518   519   520   521   522   523   524   525   526   527   528   529   530  
427   428   429   430   431   432   433   434   435   436   437   438   439   440   441   442   443   444   445   446   447   448   449   450   451   452   453   454   455   456   457   458   459   460   461   462   463   464   465   466   467   468   469   470   471   472   473   474   475   476   477   478  
374   375   376   377   378   379   380   381   382   383   384   385   386   387   388   389   390   391   392   393   394   395   396   397   398   399   400   401   402   403   404   405   406   407   408   409   410   411   412   413   414   415   416   417   418   419   420   421   422   423   424   425   426  
322   323   324   325   326   327   328   329   330   331   332   333   334   335   336   337   338   339   340   341   342   343   344   345   346   347   348   349   350   351   352   353   354   355   356   357   358   359   360   361   362   363   364   365   366   367   368   369   370   371   372   373  
264   265   266   267   268   269   270   271   272   273   274   275   276   277   278   279   280   281   282   283   284   285   286   287   288   289   290   291   292   293   294   295   296   297   298   299   300   301   302   303   304   305   306   307   308   309   310   311   312   313   314   315   316   317   318   319   320   321  
217   218   219   220   221   222   223   224   225   226   227   228   229   230   231   232   233   234   235   236   237   238   239   240   241   242   243   244   245   246   247   248   249   250   251   252   253   254   255   256   257   258   259   260   261   262   263  
176   180   181   182   183   184   185   186   187   188   189   190   191   192   193   194   195   196   197   198   199   200   201   202   203   204   205   206   207   208   209   210   211   212   213   214   215   216  
Популярдуу макалалар
Akbuura gazeta

КЫРГЫЗ ЖИГИТОВКАСЫ ДҮЙНӨНҮ БАГЫНТУУДА

№385 19-25-март, 2010-ж.


Жакында бизди кубандырган жагымдуу кабар тараган эле. Монте-Карлодо цирк өнөрү боюнча 34-Бүткүл дүйнөлүк фестивалда кыргыз жигиттери байгелүү 2-орунду ээлешкен. Мындай жеңиш кичинекей өлкөбүз үчүн чоң жеңиш. Андыктан биз бүгүн редакциябызга аталган жигиттердин жетекчиси, КРнын эл артисти МАНАТ ЭШИМБЕКОВДУ чакырдык.

“СҮЙҮҮМДҮ ДА ЦИРКТЕН ТАПКАМ”
Маегибизди жакында Монте-Карлодо өткөн Бүткүл дүйнөлүк фестивалда жетишкен ийгилигиңиздерден баштасак. Мындай жеңиштин мааниси канчалык?
– Цирк өнөрү боюнча 34-Бүткүл дүйнөлүк фестиваль быйыл Монаконун Монте-Карло шаарында өттү. Ага катышууну цирк менен алектенген ар бир чебер каалайт. Бирок саналуу гана топтор катыша алышат. Быйыл ага 54 өлкөдөн цирк чеберлери катышты. Калыстар тарабынан биздин чыгуубуз жогору бааланып, 2-орунду ыйгарышты. Сыйлыкты Монаконун ханзаадасы өзү тапшырды. Эми бул фестиваль, чындыгында, дүйнөлүк чоң мааниге ээ. Салыштырып айтканда, спорттогу Олимпиадалык оюндар, кино тармагындагы “Оскар” сыйлыгы же илимдеги “Нобель” сыйлыгындай деп эсептелет.
– Циркке кантип келип калдыңыз эле?
Мен мектепти аяктап жатканда кызыкчылык үчүн циркте акробат болуп алектенип жүргөм. Кийин аскерге жөнөп кеттим. Москвада кызмат өтөдүм. Бирок аскерде жүргөндө деле циркти калтырчу эмесмин. Анан кызматымды өтөп бүтүп, “Түндүк Осетиянын жигиттери” труппасынын жетекчиси Эдуард Кочинов менен таанышып калдым. Ошентип, жалаң осетиндердин катарында жигитовканын сырларын үйрөнүү мүмкүнчүлүгү туулду. Анан мекениме кайтканда өнөр жерде калмак беле, мамлекеттик циркте жигитовка менен алектене баштадым.
– А бала кезде ким болсом дечү элеңиз?
– Мен бала кезимден спортчу агамдын таасиринен улам болсо керек, спортко жакын өскөм. Спорттун дээрлик бардык түрлөрү менен машыккам. Эмнегедир Олимпиада чемпиону болуп, менин жеңишимдин урматына өлкөмдүн гимни жаңырса дечүмүн. Азыр ойлосом, ошол тилектерим кандайдыр бир даражада ишке ашыптыр.
– Жигитовка өзү кайда пайда болгон жана Кыргызстанга кантип келип калган?
– Жигитовканын мекени болуп Осетия эсептелет. Атактуу Агубей Гуцев жигитовканын негиздөөчүсү, атасы болуп саналат. Ал эми бизге союз убагында эле 60-жылдары келген. Албетте, жылкыга жакын элде кеңири кулач жайып, жайыла баштады. Бизде деле кеңири жайылышына ошол осетиндердин салымы зор.
– Европада да бул өнөрдү жигитовка деп аташабы?
– Европада “негедин казаки райдерс” деген аталыш көбүрөөк колдонулат. “Жигитс” дегендер деле жок эмес. “Казаки райдерс” деп аталып калышынын себеби Орусияда совет бийлиги жаңыдан орноп баштаганда Дон жана Кубан казактарынын Европага журт которуп, жигитовканын алар аркылуу Европага тааныла баштагандыгында.
– Жубайыңыз менен да цирктен таанышкансызбы?
– Ооба, жубайым Дилбара менен циркте таанышкам. Бирок анда мен циркте, ал филармонияда бийлечү. Ошондо Дилбара курбусу экөө цирк көргөнү барган экен. Экөөбүз кол кармашып баш кошкондон кийин ал да циркке аралашып кетти. Азыр экөөбүз бир труппада дүйнөнү кезип жүрөбүз.
– Труппаңыздын курамына көз чаптырып жатып Марс Эшимбеков деген ысымга көзүм илинди. Адашпасам, уулуңуз болсо керек? Ал кесибин өзү тандаганбы?
– Эми кандай десем? Уулум циркте төрөлүп, циркте чоңойду. Калганы айтпаса да түшүнүктүү болсо керек...
– Бардык континенттерде болгонсузбу?
– Австралия континентинде жана Япония өлкөсүндө гана боло элекпиз. Көз карандысыздыктын алгачкы жылдарында атактуу америкалык Ринглинг Брозерс циркинин чакыруусу менен АКШда 4 жыл иштеп келгенбиз. Ошондо Нью-Йорктон Боинг-747 учагы менен келип, аттарыбыз менен кошо алып кетишкен. Менин билишимче, мындай даражадагы сыйга президент да татый элек.

“БИЗ ЖЫЛКЫНЫН ЭТИН ЖЕБЕЙБИЗ”
– Манат байке, маегибизди сиздердин жумушуңузду аларсыз элестетүү кыйын болгон жылкыларга бурсак. Алар канча жаштан алынат?
– Биз жылкыларды 3-5 жаштан алып, үйрөтө баштайбыз. Ушул курагынан баштап алар калыптанып калышат.
– Ал эми “пенсияга” канча жаштан баштап чыгышат?
– Ар кандай, орто эсеп менен 18-20 жашка чейин жогорку деңгээлде иштеп беришет. Жылкылардын арасында аябай эмгекчилдери да бар. Мисалы, азыр труппамда 24 жаштагы жылкы бар.
– Жылкылардын баасы канча?
– Баасы кеминде 2 миң евродон. Анан алар сатылган атайын базарлар болбойт. Өзүбүз издеп таап, колдон сатып алабыз.
– Жылкыларды үйрөтүүдө кандай кыйынчылыктарга кабыласыздар?
– Жылкы үйрөтүүнү бала тарбиялоого эле окшотсо болот. Ар бир жылкынын өзүнө гана таандык мүнөзү болот. Мисалы, бир жылкыны үйрөтүүдө дайыма үндү бийик көтөрүп, катуу кол болуп туруу керектелет. Ал эми кээ бирлерине бир нерсени так аткарса кичине мактоонун өзү жетиштүү. Бир сөз менен айтканда, биз жылкыларыбызга абдан аяр мамиле жасайбыз. Эч кимибиз жылкынын этин жебейбиз. Ооруп калса да кадимкидей кабатырланабыз. Өлүп калса адамды көмгөндөй эле көмөбүз.
– Сиздин труппаңызда канча жылкы бар жана алар каякта багылат?
– Менин труппамда азыр 8 жылкы багылууда. Алардын баары Болгариядагы фермамда.
– А эмнеге Болгарияда? Бизде шарт жокпу?
– Биринчиден, аларды Европадан Кыргызстанга алып келүү үчүн каражат керек. Экинчиден, биз жаз мезгилинен күзгө чейин Европаны кыдырып, өнөрүбүздү тартуулайбыз. Анан кышында эс алууга чыкканда бул жакка Орусия аркылуу алып келебиз. Сууктан оорутуп алышыбыз мүмкүн. Жакшысы, арабыздан бирөө Европада калып, аларды карап турганы оң.

“ЖИГИТОВКАГА КЫЗДАР КАТЫШПАЙТ ДЕГЕН ЭРЕЖЕ ЖОК”
– Жигитовкага кыздарды катыштыруу каралганбы?
– Жигитовкага кыздар катышпайт деген эреже жок. Ага аялзатынын катышуусу көрк кошот. Элестет, ат үстүндө кооз кийинген кыздын отурганы эле көзгө кандай көрүнөт.
– Мына сиздин труппа 12 жылдан бери кыргыз жигитовкасы аркылуу кыргыздын туусун бүт дүйнөгө таанытып жүрөсүздөр. Буга мамлекет тарабынан кандайдыр бир реакция болуп жатабы?
– Буюрса, марттын аягында сезон башталып, кезектеги саякатка аттанабыз. Ага чейин бизди президент кабыл алмакчы болуп жатканын уккан жайыбыз бар. Ошону күтүп жатабыз.
– Качандыр бир мезгилде Европаны кыдыргандай эле Кыргызстанды кыдырып, калың элди чогултуп цирк тартуулашыңызга көзүңүз жетеби?
– Албетте, ага көзүм жетет. Бирок мунун баары мамлекеттик колдоодон көз каранды. Биздин жетишип жаткан ийгилигибиз мурдагы жылы балбандарыбыздын Бээжин Олимпиадасындагы жетишкендиктеринен кем калышпайт. Болгону, биз кыргыздын атын накта спорт эмес, искусство тармагында таанытып келебиз. Биздин труппа болбосо да, башка артисттер өлкөбүздү кыдырып цирк коёт деп ишенем.

ТРУППАНЫН ЖЕТИШКЕНДИКТЕРИ

  • Эл аралык фестиваль, Кытай-2003 – 2-орун;
  • Эл аралык фестиваль, Италия-2001 – 1-орун;
  • Эл аралык фестиваль, Масси-2002 (Франция) – 1-орун;
  • Эл аралык фестиваль, Авиньон-2002 (Франция) – 1-орун;
  • Эл аралык фестиваль, Польша-2008 – 2-орун;
  • Эл аралык фестиваль, Голландия-2009 – 1-орун;
  • 34-Бүткүл дүйнөлүк фестиваль, Монако-2010 – 2-орун.


Жергиликтүү кабарлардан

Цирк

КЫРГЫЗДЫН «АСМАНЫ» «КОЛО АЮУГА» ТАТЫДЫ
Өткөн аптада мамлекеттик цирктин “Асман” труппасы Ижевскте (Орусия) өткөн цирк өнөрү боюнча Эл аралык фестивалдан ийгилик менен кайтып келишти. Негизинен, жонглёрлордон турган артисттерибиз АКШ жана Канададан кийин 3-орунду ээлешип, “Коло аюу” сыйлыгына татышкан. Курамын Бакыт жана Ольга Насипбековалар, Алмаз Алжанов, Валентина Ершова, Оксана Гербекова түзгөн труппа кыргыз цирк өнөрүн дүйнөгө дагы бир ирет даңазалай алышты.

Маараке

«МУХАММЕД-УМАР» 5 ЖАШТА
12-мартта Ош шаарындагы «Мухаммед-Умар» спорт клубу 5 жылдыгын белгилеп, түлөө өткөрдү. Ага Ош облусунун губернатору, шаардын мэри, облустук, шаардык спорт клубдарынан өкүлдөр, спорт чөйрөсүнүн адамдары катышты. Келген коноктор спорт клубга жакшы каалоо-тилектерин билдиришип, спорт клубдун 5 жылдык ийгилигин чагылдырган видеоролик көрсөтүлдү. Спорт клуб 2005-жылы Ош шаарында милициянын полковниги Сүйүн Өмүрзаковдун жетекчилигинде ачылган. Спорт клуб ачылгандан бери 2 спорттун чебери, 8 спорттун чеберлигине талапкер өсүп чыккан. Айта кетсек, өлкөбүзгө таанылып калган спортчулар Кылыч Саркарбаев, Рашид Аманкулов, Нурлан Тиленчиевдер аталган уянын балапандары.


Эл аралык кабарлардан

Формула-1

СЕЗОН БАХРЕЙНДЕН БАШТАЛДЫ
14-мартта Бахрейнде Формула-1 боюнча 61-сезон старт алды. Жарышка катышкандардын ичинен бразилиялыктар Лукас ди Грасси менен Бруно Сенна, немис Нико Хюлькенберг, индиялык Карун Чандхок жана орусиялык Виталий Петров дебют жасашты. Ошондой эле 3 жылдык тыныгуудан кийин жарышка дүйнөнүн 7 жолку чемпиону Михаэль Шумахер чыкты. Жарышта марага биринчи болуп Фернандо Алонсо (Феррари) жетип келди.

Футбол

«РЕАЛ», «МИЛАН» ЖАНА «ЧЕЛСИ» БОРТ СЫРТЫНДА КАЛЫШТЫ
Гезитибиз басууга кетип жатканда УЕФАнын ЧЛсынын чейрек финалына катыша турган команданын алтоосунун аты билинди. Мыкты сегиздикке МЮ, «Арсенал» (экөө тең Англия), «Бавария» (Германия), «Лион» (Франция), «Интер» (Италия) жана ЦСКА (Орусия) кошулду. Калган 2 жолдомонун ээси «Барселона»-«Штутгарт» жана «Бордо»-«Олимпиакос» беттешинен кийин аныкталмак. Жарым чейрек финал оюндарынын башкы окуясы бул «Реал», «Милан», «Челси» өңдүү командалардын мелдештен “учуп” кеткендиги болду.

БАЙКУШ БЕКХЭМ
Италиялык «Миланда» ижарада ойноп, ЮАР-2010го катышууну максат кылган Дэвид Бекхэмдин тилегин таш капты. Ал Италия чемпиондугунда Кьевого каршы оюнда согончок тарамышын үзүп алган. Эми ал футбол ойномок турсун, кадимкидей басуу үчүн эле бир нече ай керектелет. Учурда Фабио Каппелло башчылыгындагы Англия курама командасынын машыктыруучулары Бекхэмдин баары бир ЮАРга баруусун айтышып, аны кандай милдетте алып барууну ойлонуп жаткан кези.

Базарбек Абдураимов
sport@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(1)
20.03.2010. 00:44 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
690
Катталган:
10-03-2010
Соӊку аракети:
21-09-2017 13:32
Жынысы:
Белгисиз
0
Урраааа! Жаркынай, Атай, Жигитовкачылар... аябай кубанып жатам. Ушундай эле дегем да, азаматсынар жигиттер!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул макаланы окуду:

Макалалардын саны:
21193;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2018 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Күрөӊкеев көчөсү - 180
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: