Баткендин Лейлек районуна караштуу Максат айылында 2 жашар Бактыгул уулу Орозбек ойноп жаткан жеринен жоголуп кеткен. 1-ноябрь күнү күндүз жоголгон бала эртеси күнү түш ооп калган кезде айылдын четиндеги тоодон ачка жана чарчаган абалында табылган. Ал апасын издеп жөнөгөн болушу мүмкүн деген пикирлер айтылууда.
"КЫЗЫМДЫ КОШ БОЙЛУУ КЕЗИНДЕ КҮЙӨӨ БАЛАМ ТАШТАП КЕТКЕН"
Жоголуп кайра табылган 2 жашар Бактыгул уулу Орозбектин таенеси Жаннат Мырзалиевага байланышканыбызда ал окуя тууралуу буларды айтып берди:
– Өзүм айылдагы мектепте пол жуугуч болуп иштейм. Неберем Орозбек жоголгон күнү улуу уулум "сиз ишиңизди бүтүрүп алыңыз" деп үйүнө неберелеримди алып кеткен. Неберем табылганда гана мага анын жоголуп табылганын айтышты. Ага чейин мага айтпай издеп ызы-чуу түшүп жүрө беришиптир. Кызым Бактыгүл 2010-жылы турмушка чыккан. Күйөөсү экөө Бишкекте жашап жүрүшчү. Улуу уулу Адилет 2ге чыгып, Орозбек кызымдын кош бойлуу кезинде күйөө балам аларды үйгө алып келип таштап кеткен. "Апа, сиздер каралашып тургула. Шаарда батирге төлөгөнгө акчам жок. Бир аз иштейин, анан алып кетем" дегенинен макул болуп, аларды багып жүрдүм. Көрсө, ал атайын эле мени алдап кызымды таштап кетиптир. Бир аз убакыт өткөн соң кызыма ар кандай СМСтерди жаза баштады. "Боюңдан алдыр, бирөөнү багалбай жатып экинчисин кантебиз", "мен сени менен жашай албайм" деген сыяктуу. Биринчи баласы төрөлгөндө да экөө кичине урушуп жүрүшкөн. Ошондо эле кызыма "муну менен жашабай эле кой, ажыраш" десем болбой, "баламдын атасыз калышын каалабайм" деп үйдөн качып барып кайра жашап алган эле. Кызымды таштап кеткенден 6 ай өткөн соң күйөө балам башкага үйлөнүп алды. Айла жок кызым 2 баласын кучактап отуруп калган. Орозбекти өзүм төрөтүп, ошондон бери өзүм багып келе жатам. Күйөө балам кийин да кызымдын телефон номерин таап чалып, аны мазактап, "сени эч ким албайт, 2 бала менен кайда бармак элең" деп коркутуп жүрдү.
Кызым неберем жоголгондон 2 күн мурун турмушка чыккан болчу. Орозбекти алып кетем дегенде күйөөм экөөбүз бербей койгонбуз. Бөлөк адамдар батырмак беле, андан көрө көзүбүз тирүүсүндө өзүбүз бага берели дегенбиз. Неберелеримди багууда кыйынчылыктар болот, бирок мунун баары кызым үчүн да.
"ЖЭЭНДЕРИМЕ АТА ЖЕТИШПЕЙТ"
Орозбек таякеси Өмүрбек Мырзалиевдин үйүнөн жоголгон. Ал "апамдын жумушу көп болгондуктан 2-3 күн болсо да каралашып турайын деп неберелерин алып келгем" деп буларды айтып берди:
– Орозбек ошол күнү үйдө эле ойноп жүргөн, үйдө келинчегим бар болчу, мен жумушка кеткем. Аялым кошунаныкына идиш-аяк жеткирип кайра келгиче Орозбек сыртка чыгып кетиптир, аялым кайтып келгиче 10-15 мүнөт болгон экен. Анан эле таппай калдык. Биз айылдын көчөлөрүн кыдырып издеп жүрдүк, талаага кетип калат деп ойлобоптурбуз деле. Орозбекти өзүбүз издеп таппай жатканда милицияга да кабар берип, милиция кызматкерлери менен чогуу издөөнү уланттык. Түнкү саат 3төргө дейре издедик. Ал ортодо төлгөчүлөргө да бардык. Башыбызга ар кандай ойлор келди. Кудайга шүгүр, Орозбек эртеси айылдан 10 чакырым алыс жердеги Адыр-Таш аймагынан аман-эсен табылды. "Орозбек" деп кыйкырып жүрсөк ал ошол жерден башын созуп үн чыгарып жатпайбы, анан эле таап алдык. Ал чарчап, ачка болуптур. Биринчи эле ага суу бердим. Ошол замат айылдагы ФАПка алып барып медиктерге текшерттик. Бардыгы жайында экенин угуп, анан апамдын колуна алып барып бердим.
Бул 2 жээнимдин атасынан эмдигиче дайын жок. Сураштырып издештирсек ал өзбекстандык болот экен, учурда Бишкекте жашайт деп укканбыз. Башкага үйлөнүп алган дейт, эми буларды карамак беле. Апам неберелерин жакшы карайт, биз дагы өзүбүздүн балдарга кошуп бирдей көңүл бурганга аракет кылабыз. Болгону буларга ата гана жетишпейт.
"АЛ АПАСЫН ИЗДЕП ТАЛААГА КЕТИП КАЛЫШЫ МҮМКҮН"Лейлек РИИБинин Кулунду айылындагы милиция бөлүмүнүн кызматкери Жеңишбек Орозалиев төмөнкүлөргө токтолду.
– Бала жоголуп кеткендиги тууралуу бизге туугандары кабар берди. Айыл Тажикстан менен чектешкендиктен чек ара кызматкерлери да кошо издешти. 2-ноябрь күнү саат 3 жарымда баланы таптык. Ал айылдан 10-15 чакырым алыстагы тоого кетип калган экен. Биринчи күнкү издөөдө деле талаа-тоолор каралган болчу, анда машина менен гана барып издешкен. Ал бала машина жүрбөгөн жерге кетип калган. Эртеси тоолорду дүрбү менен карап жатсам кичинекей караан көрүндү, барсак жоголгон бала экен. Эси ооп отуруп калыптыр, араң эле үнү чыгат. Баш кийими жана бут кийиминин бирөөсү жолго түшүп калган окшойт, бир буту байпакчан экен.
Жоголгон баланын апасынын турмушка чыкканына 2 гана күн болуптур, ал апасын издеп талаага кетип калышы мүмкүн деп ойлоп жатабыз. Себеби апасы барган айыл менен биздин айылдын тоолору окшош болгондуктан ошого да окшоштурса керек.
Эгер чынында 2 жашар Орозбек апасын издеп жөнөгөн болсо анда бул кейиштүү көрүнүш. Себеби ага биринчи кезекте ата-энесинин мээрими керек. Баланын жоголушуна, балким, бир эмес, эки баланын убалынан коркпой таштап кеткен атасы күнөөлүүдүр. Негизи эле жарытарлык жумуштун жоктугунан улам көпчүлүк жарандарыбыз бала-чакасын туугандарына таштап, акча таап келүү үчүн чет өлкөлөрдө иштеп жүрүшөт. Ошондуктан көптөгөн балдар ата-эне мээримин көрбөй чоңоюшууда. Буга мындан аз убакыт мурун Ош облусунда таенесинин колунда жүргөн 16 жаштагы кыздын Орусияда иштеген апасын сагынып, сөйкөсүн сатып апасына бараткан жеринен кармалганы далил.
Айсалкын Качкынбекова
koom@super.kg