Өткөн сандарыбызда теринин түсү мезгилдерге карата 4кө бөлүнөрү тууралуу жазганбыз. Бул жолу кыш тибине кирген айымдар жөнүндө сөз кылмакчыбыз. Мындай айымдардын портрети кандай экенин билип алыңыз.
ТЕРИҢИЗДИН ТИБИН АНЫКТАҢЫЗ
КҮЗ
Чачы: сары, күрөң, алтындай болуп кубулуп турат.
Көзү: жашыл, көк, күрөң, жаңгак түстө.
Териси: терисинин түсү саргыч боз, коло түстүү болот.
КЫШ
Чачы: кара, кара-күрөң, шоколад жана кофе.
Көзү: кара, күрөң, көк, жашыл жана жаңгак түстө.
Териси: ак жуумал, кара тору.
ЖАЗ
Чачы: ачык күрөң жана алтын түстө.
Көзү: деңиздей көк жана жашыл.
Териси: сары.
ЖАЙ
Чачы: ачык күрөң жана буудай түстө.
Көзү: көгүш, жашыл жана жаңгак түстө болот.
Териси: ак сары, саргыч боз келип кызыл тартып турат.
ЧАЧТЫН ТҮСҮН ӨЗГӨРТҮҮ
Кыш тибиндеги айымдар үчүн чачтын идеалдуу түсү күрөң кара жана шоколаддын өңүндөй болушу керек. Чачтын түсүн өзгөртүү менен, сырткы келбетиңизди бузуп алышыңыз толук мүмкүн. Бирок өзгөртүүнү каалап жатсаңыз, төмөнкүлөрдү эске алыңыз:
Чачыңыз кара болсо күрөң, шоколад, кофе түстөргө боёңуз.
Ал эми ачык түскө боёгуңуз келсе, бозомук көгүштү (пепельный) тандоо керек.
Чачтын түсүн өзгөртүү гардеробуңуздагы кийимдерди жана макияжды дагы алмаштырууну талап кылат.
Узун жана кыска чачтар сиздин стилиңиз. Албетте, чачыңыз түз болушу керек. Эгер чачыңыз тармалданган болсо, классикалык стилге жарашпайт.
МАКИЯЖ Кыш тибиндегилер үчүн боёнуудагы негизги эреже: көзгө же оозго басым жасоо. Тоналдык крем эч убакта күңүрт болбошу керек. Мындай түстөр картаң жана чарчаңкы көрсөтөт. Ошондой эле териңиз тунук болгондуктан тоналдык крем менен упаны дайыма колдонуунун кажети жок.
Косметичкадагы боёнуучу каражаттар:
Тоналдык крем – агыш (кечки макияж үчүн колдонуңуз);
Упа – боз (күндүз колдонуу керек);
Эндик (румяна) – күлгүн, мокко (кофенин сорту), саргыч боз (ашыкча коюудан алыс болуңуз);
Помада – күлгүн, сыя, кара кызыл;
Тень – көгүш, бозомук, көздүн карегине окшош жана ачык түстөр;
Тушь – кара, кара-күрөң, кара-көк;
Сары жана алтын түстөрдү макияж жасоодо колдонууга болбойт.
КИЙИНҮҮ СТИЛИ
Кыш тибиндеги айымдарга классикалык стиль жарашат. Кийим тандоодо кездемелерге көңүл буруңуз.
Жука кездемелер – атлас, муар (тыгыз токулган калың жибек кездеме), фатин (тор), жибек, кружева (сайма түшүрүлгөн кездеме), парча;
Калың кездемелер – твид (жүн кездеме), лён, жүндөн согулган кездемелер.
Кофта, блузка, көйнөк – чачыңыздын же көзүңүздүн өңүнө окшош болсо жарашыктуу көрүнөт. Гүл, экзотикалык сүрөттөрү бар кофталар сизди кайдигер калтырбайт.
Шым жана юбка – эгер үстүнкү кийим сүрөттөрү менен болсо, анда юбка же шымдын түсү бир өңчөй болушу абзел.
Моюн орогуч, сумка жана бут кийим тандоодо өңүнө (ак, кара, кызыл, көк түстөргө) басым жасоо керек.
ТҮСТӨР
Кыш тибиндеги айымдарга кара, жашыл, көк, кызыл түстөр жарашат.
Ал эми алтын, кызгылт-сары, ачык күрөң түстөр сунушталбайт.
Бактыгүл Момбекова
kenesh@super.kg