«СЕЙДЕ» ТАСМАСЫ КОРЕЯДА БАШ БАЙГЕНИ БАГЫНТТЫ

Режиссёр, "Боз салкын" тасмасында Бурманын ролу аркылуу таанылган актриса Элнура Осмоналиеванын «Сейде» кыска метраждуу тасмасы Түштүк Кореянын борбору Сеул шаарында өткөн "Asiana" эл аралык кыска метраждуу тасмалардын 14-кинофестивалында Гран-прини багынтты. Режиссёр: "Бул мен үчүн сыймык жана дем-күч. Кинофестивалга катышууга дүйнө жүзү боюнча 121 өлкөдөн 5327 эмгек сунушталып, алардын ичинен 45и гана катышууга укук алган. Мен июнь айында Токиого кинофестивалга барганымда катышууга арыз таштаган элем. Биздин эмгегибиз жеңүүчү деп табылганы, албетте, кубанычтуу. Тасманын жаралышына салым кошкон чыгармачыл топтун ар бирин бул жеңиши менен куттуктайм",- дейт өз сөзүндө.
Алдын ала айтылгандай, бул жылы чет элдик эмгектердин арасынан жеңүүчү деп табылган тасма үчүн байгеге 15 миллион корей вону (15 миң доллардын тегереги) коюлган. "Сейде" тасмасынын жеңүүчү деп табылганы кыргыз эли үчүн сыймык. Ийгилик артынан ийгиликтер жарала берсин.

star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (4)
Aima94
2016-11-14 18:30:11
Ийгилик
+2
Mavlyuda
2016-11-14 19:01:46
Теледен качан беришет экен. Бизде чет жактарга чыгып катышкан, байге алган фильмдер коп, бирок теледен эч качан корбойсун. Кыргызстанды негизинен айыл эли тузот. Айыл эли ТВ калтырбай корушот. Ушундай фильмдер берилип турса жакшы болмок
+3
Alinur.Jumagul
2016-11-19 21:40:45
Mavlyuda,Туура айтасыз!!!
0
Myrza.
2016-11-17 06:17:36
Азаматсынар
+1
№ 732, 11-ноябрь-17-ноябрь, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан