Ырчынын чоң жер тамы менен катар кабат үйдө квартирасы да бар. Азыр кыш мезгили болгондугуна байланыштуу, Динара Акулова Бишкектин «Асанбай» кичирайонундагы көп кабаттуу үйлөрдүн биринде жайгашкан ошол беш бөлмөлүү квартирасында жашоодо. Квартирага башбакканда эле ырчынын үйү европа стилинде жасалгаланганы көзгө урунду. Жарык, таза бөлмөлөрдөгү ар бир буюм өз орду менен жайгаштырылып, эмеректер менен бир өңдөгү пардалар үйдүн көркүн ачып турат.
Зал
Биз үйгө киргенде эле меймандос эжекебиздин конок үйүнөн орун алдык. Бөлмөдө Польшадан алып келинген жумшак эмеректер коюлган. Эмерекке өңдөш парда, люстра, полго төшөлгөн килем бөлмөгө кооздук берип турат. Ырчынын үйүнө келген конок түз эле ушул бөлмөдөн орун алат. Анткени, бул бөлмөдө конок менен маектешүүгө эң сонун шарт түзүлгөн. Бир аз маектешүүдөн соң өз ишибизди улантып, уктоочу бөлмөсүнө бет алдык.
Уктоочу бөлмөУктоочу бөлмөсүнө киргенде оюнчуктай болгон күчүк уктап жаткан. Биз сүрөткө тарта баштаганда, жанагы оюнчук күчүк ойгонуп кетип, чуркап барып эле Динара эжеге боюн таштаса, таң калып калыптырбыз. Көрсө, оюнчук эмес эле, эженин сүйүктүү күчүгү Ак Леди экен. «Ак Леди менен зериккенде ойнойм. Менин бардык сөзүмдү түшүнөт, урушсам таарынып калат. Маликанын күчүгүнө ашык болуп жүрүп, ушул Ак Ледини сатып алдым» дейт ырчы. Ырчынын уктоочу бөлмөсү ыңгайлуу жана өзгөчө табит менен жасалганы байкалат. Бул бөлмөдө Италиянын уктоочу эмеректер топтому: диван, кийим илген гарнитур жана тумбалар жайгашкан. Андан сырткары, келбетине кам көрүп, жасанууга зарыл болгон күзгү жана кымбат баадагы косметикалары да ушул уктоочу бөлмөдөн орун алган.
Маликанын бөлмөсү
Маликанын бөлмөсүнө башбакканда бул бөлмөнү атайын жасалгалатып, ыңгайлуу бардык шарт түзүлүп берилгени көрүнүп турду. Бөлмөдө китептер үчүн гарнитур, Туркиядан чыгарылган кийим салгыч шкаф жана эки ярустуу керебет коюлган. Ошондой эле компьютер, сабак даярдоого стол, стулдар жайгашкан. Мындан тышкары, Маликанын бош убактысында ойноочу оюнчуктары бөлмөнүн жарымынан көбүн ээлейт. Кызынын эң сүйүктүү оюнчугу – бул үй- бүлөлүү мамалак. Чоң музыкалык борбору да ушул бөлмөдө.
АшканаЭми кезек ашканага башбагууга келди. Киргенде эле ырчынын өз колунан өстүрүлгөн гүлдөр биздин көңүлүбүздү бурбай койгон жок. Гүлдөрдүн отуздан ашуун түрү бар. Бул бөлмөгө колу бошогон учурда келе калып, заматта даамдуу тамак жасап жибермей – ырчынын адаты. Бөлмөдө күрөң өңдөгү Польшанын ашкана гарнитуру, тамактануучу стол, стулдар өз орду менен коюлган. Ырчы айым эки камералуу муздаткычтын ар дайым толуп туруусун жактырат. Айрыкча сүт азыктары үзүлбөйт. Ошондой эле чай үстүндө телевизор көргөнгө эң жакшы мүмкүнчүлүк түзүлгөн. Эженин колунан жасалган тамактан ушул бөлмөдө отуруп даам сыздык.
Даярдаган Замира Рахманбердиева