SUPER.KG’ден Күнсереп

SUPER.KG порталындагы "Күнсереп" рубрикасында күн ичинде болуп өткөн коомдук жана саясий окуяларга саресеп салынууда. Биз окурмандарды мына ошол рубрикада жарыяланган макалалардын урунттуу учурлары менен тааныштырабыз.

3-ноябрь:
КСДП "БАКИЕВЧИЛЕР" ДЕП ЖЕРИП КЕЛГЕН "БИР БОЛ" МЕНЕН БИРИКТИ

Күтүлгөндөй эле жаңы коалициянын курамы Конституция боюнча мыйзам Жогорку Кеңештен өткөрүлгөндөн кийин аныкталды. Жаңы альянска КСДП (38 мандат), "Кыргызстан" (18 мандат) жана "Бир бол" (12 мандат) фракциялары кирип, жетекчилигине Иса Өмүркулов шайланды. Оппозицияда "Ата Мекен", "Өнүгүү-Прогресс" жана "Республика-Ата Журт" калды. Жаңы биримдик премьер-министрди алмаштырбай турган болду. КСДП мурунку коалициянын тарашына "Ата Мекен" жана "Өнүгүү-Прогресс" фракцияларындагы акаевдик-бакиевдик кадрларды, алар менен тил табышуу мүмкүн болбой калганын шылтоо кылган эле. Иса Өмүркулов муну парламенттин кечээки жыйынында дагы кайталады. Башкаларга салыштырмалуу Акаев-Бакиев менен иштешкендердин көбү "Бир болдо". Бийликтин мындан башка аргасы калган эмес эле, революциялаш өнөктөшү "Ата Мекенден" жүз буруп, Конституцияны өзгөртүү үчүн КСДП бүгүн накта акаевчилер-бакиевчилер менен бирикти. Президент Алмазбек Атамбаев 20-октябрда Бишкекте коомдук иш-чаралардын биринде дал ушул "Бир бол" фракциясын сындап, "убагында Курманбек Бакиевди жандап жүргөндөр бүгүн "Бир бол" партиясына топтолуп алышты" деген. "Бир болдун" лидери Алтынбек Сулайманов бийликтин азгырыгына алдырды, премьерлик кызмат КСДПнын өзүндө калды. Конституцияны өзгөртүүгө ачуу сындарды айтып жатышкан Мыктыбек Абдылдаев, Чолпон Жакупова сыяктуу депутаттар лидерин бийликтин "сыйкырдуу таягынан" сактап кала алышкан жок...

4-ноябрь:
АТАМБАЕВ "МУРАСКЕР ДАЯРДАБАЙМ" ДЕГЕН ОЮНАН КАЙТТЫБЫ?

Коалицияда өкмөттүн курамы, түзүмү боюнча сүйлөшүүлөр уланып жатат. Премьер-министр алмашпайт, айрым министрликтерде орун алмашуулар күтүлүүдө. Жаңы өкмөттүн болжолдуу курамы жарыяланды. Президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Сапар Исаков биринчи вице-премьер-министр кызматына талапкер катары сунушталууда. Бул коомдогу президенттикке Сапар Исаков тапталып жатат деген божомолдордун салмагын арттырды. Сапар Исаков президент Атамбаевдин ички жана тышкы саясатты аныктоодогу оң колу. Муну мамлекет башчысы өзү деле айтып жүрөт. Муну менен бирге президент өзүнө мураскер даярдабай турганын дайыма айтып келген. Бирок бул убадага 100 пайыз ишенүүгө мүмкүн эмес. Бийликтин табияты белгилүү, бүгүнкү сөздү эртең танып кетүү же керектүү шылтоону табуу кыйынчылык жаратпайт. Парламенттин 2-ноябрдагы жыйынында депутат Мыктыбек Абдылдаев президент Атамбаев убагында бир маанилүү мыйзамды өзгөртүүдө Конституцияны өзгөртпөөгө убада бергенин эскертти. Бүгүн болсо Конституция өзгөртүлгөнү жатат. Сапар Исаковго Көчмөндөр оюндары аркылуу миллиарддарды чапчыган пиар жасалганы бекеринен эмес көрүнөт, ал президенттин мураскери болот деген сөздөр чындыкка жакындап баратат...

7-ноябрь:
"БАЛАШКА" МЕНЕН АЖОНУН АЙТЫШЫ БИЙЛИКТЕ КЫРДААЛ ЖАКШЫ ЭМЕСТИГИН АЧЫКТАДЫ

Жанар Акаев менен Алмазбек Атамбаевдин айтышуусу интернет айдыңында кызуу талкууланып жатат. Себеби бул окуя – көнүмүшкө айланган оппозиция менен бийликтин акыясы эмес, элестетип айтканда, бул окуя – КСДПнын төрүндө отурган аксакалы менен чабарман жигитинин "чабышуусу". Президент Алмазбек Атамбаев адегенде Убактылуу өкмөттөгү санаалаштарынан кол үзсө, анын фракциясы Жогорку Кеңештеги коалицияны кайра куроо менен "Ата Мекен" жана "Өнүгүү-Прогресс" сыяктуу өнөктөштөрүнөн кол жууду, эми болсо колунда турган командасында агынан жарылгандар пайда болуп, мамлекет башчы менен өзү айткандай "балашканын" айтышы бийликчил партияда кырдаал жакшы эместигинен кабар берүүдө.
Окуя мындайча башталды: 2-ноябрь күнү журналист, учурда Жогорку Кеңештин КСДП фракциясынан депутат Жанар Акаев мамлекеттик медиа каражаттары аркылуу бийликке сын айткандарды каралоону токтотууга чакырган. "Туура эмес жолго түштүң" деп акырайгандын ордуна "балким, биз туура эмес жолго түштүк" дегенди ойлонуу керек" деген эл өкүлү. Акаевчи, бакиевчи деген сөздөрдү абайлап колдонууну сунуштап, "Дал ушул адамдар өнүгүүгө, өзгөрүүгө тоскоолдук жаратып жатышабы?" деп суроо салган. Депутаттын ал сөзү кимдин дарегине айтылганы түшүнүктүү эле. 2 күндөн кийин Атамбаев журналисттер менен жолугушуу учурунда: "Биздин бир жаш балабыз "Акаев менен Бакиевдин эмне залакасы бар?" деп айтыптыр. Ал "балашка" билбейт го, анткени анын шайлоодогу каражатын биз көтөрүп бергенбиз",- деди. Жанар Акаев ошол эле күнү президентке "Падышалар жолду эч качан көрүшпөйт, Көрөйүн дейт, жандагандар көнүшпөйт. Жолду көрбөй жок болушат акыры, жолду көргөн падышалар өлүшпөйт" деген билдирүүсү менен жооп кылды.
Президент жогорудагы сөзү менен мамлекетибиздин Баш мыйзамын бузганын далилдеди. Конституциянын 63-беренесинде "президент өз ыйгарым укуктарын жүзөгө ашырган мезгилде өзүнүн саясий партияга мүчөлүгүн жана саясий партиялардын иштерине байланыштуу кандай гана болбосун аракеттерин токтотот" деп жазылган...

8-ноябрь:
ЖАН САКЧЫ ИИМди БАШКАРАТ

Коалициялык көпчүлүк парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин регламенти комитетине өкмөттүн жаңы курамын сунуштады. Министрлер кабинети жаңы 7 кадр менен толукталууда. Социалдык иштер боюнча вице-премьер-министрликке Чолпон Султанбекова ("Кыргызстан" фракциясы), билим берүү жана илим министри кызматына Гүлмира Кудайбердиева ("Кыргызстан"), эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигине Таалайгүл Исакунова ("Кыргызстан"), транспорт жана жол министрлигине Жамшит Калилов (КСДП), ички иштер министрлигине Улан Исраилов (КСДП), юстиция министрлигине Уран Ахметов (КСДП), айыл чарба, тамак-аш жана мелиорация министри кызматына Нурбек Мурашев ("Бир бол") көрсөтүлүүдө. Жалпы алганда жаңы өкмөттөн КСДП фракциясы 14, "Кыргызстан" 3, "Бир бол" 1 кресло ээлейт. Коалицияга кирүүдөгү "соодалашуу" "Кыргызстан" менен "Бир болго" бийликте болуу мүмкүнчүлүгүн деле бербегени көрүнүп турат. 18 жогорку кызматтын 14ү КСДПда калат. Мындан тышкары Башкы прокуратура, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети, Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабы, Эсептөө палатасынын башында Атамбаевдин кадрлары. Бул бүгүнкү күндө бийлик бир колго жыйналганынын далили. 2010-жылы бийликтин бир адамдын колуна топтолгонуна нааразы эл көтөрүлүп чыгып, ошол режимден кутулуу үчүн адамдар өмүрүн беришкен. Ошондогу үмүттөр, максаттар бүгүн уурдалып кетти десе болот. Аталган эки фракция коалицияга кирүүгө кантип макул болгону белгисиз. Атамбаевдин командасынын "силерге тийбейбиз" деген убадасын алыш үчүнбү? Колунда Башкы прокуратура, УКМК, ИИМ жана башка таасирдүү органдары бар бийлик каяша сүйлөгөндөргө кантип "эски иштерди" жандандырарын учурда болуп жаткан окуялар көрсөтүүдө. Конституцияны өзгөртүүгө каршы депутаттар Каныбек Иманалиев жана Канатбек Исаевге күтүүсүз прокуратуранын кызыгып калуусу мунун далили.

9-ноябрь:
ҮЙ-БҮЛӨЛҮК БИЙЛИКТИН ОРДУНА БИР ПАРТИЯНЫН БИЙЛИГИ КЕЛДИ

Бүгүн Жогорку Кеңеш өкмөттүн жаңы курамын бекитти. Сооронбай Жээнбеков баштаган Министрлер кабинетине 112 депутат "макул", 4 депутат "каршы" деп добуш беришти. Бул жолку коалициялык өкмөттү КСДПнын же Атамбаевдин өкмөтү деп атаса жарашат. Бир вице-премьер жана 3 министрден тышкары өкмөттүн курамы жалаң КСДПнын өкүлдөрүнөн куралды. Бир вице-премьер менен 3 министр "бийликти КСДП биротоло басып алды" деген айыптоолорду болтурбаш үчүн эле кошулгандай элес калтырат.
Жаңы курамдын ичинен ИИМди жетектөөгө сунушталган Улан Исраиловдун талапкерлиги көп суроо жана нааразычылыктарды жаратты. Депутат Чолпон Жакупова "эң жөнөкөй суроолорума жооп албадым" деп нааразы болсо, Өмүрбек Текебаев ИИМ башчылыгына бийликтин жеке тапшырмасын аткарууга ишенимдүү адам тандалды деп сын айтты. Эл өкүлү бийликтин тапшырмасынын эң негизгиси "Текебаевди камоо" деген пикирде. Ички иштер министри болуучу адам өкмөттүн курамы канча адамдан турарын, милиция кызматында негизги кризис эмнеде экендигин, аны жоюу, жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча пландарын айтып бере албады. Сооронбай Жээнбеков "ал башкалардай оратор эмес, кооз сүйлөй албайт, бирок берилгендик менен иштейт",- деп коргоого өттү. Алмазбек Атамбаевдин жан сакчысы болуп иштеген, кийин Атамбаевдин кадры Абдил Сегизбаевдин биринчи орун басары болуп жүргөн Исраиловдун кимге берилгендик менен иштээрин түшүнүү кыйын эмес. Кадр тандоодо тажрыйба, компетенттүүлүк эмес, бийлик башындагыларга "өз бала", "кол бала", "ишенимдүү бала" сапаттары маанилүү. Учурда бийликте тургандар мурунку бийликтегилерди дал ушул негизде сындап келишкен. Бирок бүгүнкү тажрыйба көрсөткөндөй, Ак үйдө дале ошол принцип өз өкүмүн жүргүзүүдө...
Депутат Канатбек Исаев өлкө башчысы Алмазбек Атамбаевди "мыйзамды одоно бузган" деп айыптап чыкты. Эл өкүлү өткөн аптада болуп өткөн Жанар Акаев менен Атамбаевдин кайым айтышын эске салды. Атамбаев "шайлоодо Жанар Акаевдин депутат болушуна каражатын төлөп бергенбиз",- деген болчу. Бул сөздөр өлкө башчысы парламенттик шайлоо учурунда КСДПнын үгүт иштерине кийлигишкенин далилдейт. Ал эми Баш мыйзамдын 63-беренесине ылайык, президент өз ыйгарым укуктарын жүзөгө ашырган мезгилде өзүнүн саясий партияга мүчөлүгүн токтото турат жана саясий партиялардын иштерине байланыштуу кандай гана болбосун аракеттерин токтотот. Мына ушул беренеге таяп Канатбек Исаев президентти мыйзамды одоно бузду деп билдирди. Бүгүнкү күндө КСДП Кыргыз мамлекетинин башкаруучу кызматтарын ээлеп калганына да депутат президентти айыптады. "Өлкө башчысы катары Алмазбек Атамбаев бир партияга жан тартпашы керек эле",- деди эл өкүлү. Конституцияда жол берилбеген ишти жасап жатканын депутаттар эле эмес, Алмазбек Атамбаев өзү деле ачык айтты. Мисалы, Бишкекте милиция кызматкерлерине курулган батирлерди тапшыруу аземинде президент Конституцияны өзү өзгөртүп жатканын моюндаган. Конституция боюнча тыюу салынган укукту өзүнө ыйгарып алуу – кылмыш, бийликти узурпациялоо болуп саналат. Депутаттар Чолпон Жакупова, Өмүрбек Текебаев бул тууралуу бийликке эскертип келе жатышат, бирок мындай коңгуроого бийликтин кулак салар түрү жок...

www.super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 732, 11-ноябрь-17-ноябрь, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан