Интернет – бүткүл дүйнөлүк телекоммуникация тармагы. Анын жардамы менен ар кандай форматтагы билдирүүлөрдү, маалыматты сактоону жана алмашууну ишке ашырып келебиз. Ошондой эле түрдүү кызыкчылыктар менен бириккен адамдардын виртуалдуу байланыш айдыңы. Бул максатты ишке ашыруу үчүн социалдык тармактар, тиркемелер, сайттар кызмат кылып келет. Бирок ошол интернет кайдан келет жана кантип иштейт?
ТАРЫХЫ: АКШнын Коргоо министрлиги согуш болгон учурда ишенимдүү маалымат алмашуунун бирдиктүү системин иштеп чыгууну чечип, Американын бир нече институттарына тапшырма берген. Биринчи компьютердик тармак ARPANET деп аталып, АКШнын төрт илимий мекемесин бириктирген. Бул мекемелер Коргоо министрликке алдыңкы катардагы технологияларды иштеп чыгышчу. Алгачкы билдирүү ARPANET түйүнүнө LO деген тамганы жиберүүдөн башталат. Чындыгында LOGIN деген сөздү жөнөтүү пландалган. Бирок эки тамгадан кийин түйүн менен компьютердин ортосундагы байланыш үзүлүп кеткен. 1973-жылы маалымат алмашуу тармагына Норвегия жана Улуу Британиянын ири уюмдары кошулуп, тармак эл аралык деп аталып калган. 1983-жылы ARPANET маалымат берүүдө жалпы протоколду (TCPIP) түзгөндөн кийин "Интернет" деп аталат. 1988-жылы кыскача тексттик билдирүүлөр (чат) менен сүйлөшүүгө мүмкүн болгон. 1990-жылы интернет "Дүйнөлүк желе" деп аталат. Анткени бир эле компьютерден дүйнөнүн булуң-бурчундагы маалыматтар менен таанышууга жол ачылган.
БРАУЗЕР: Кардарларга керектүү маалыматты форматына карабай берүү үчүн атайын браузерлер (интернет барактарын иликтөөчү программа) иштелип чыккан. Эң популярдуу браузерлер Google Chrome, Internet Explorer, Mozilla Firefox, Safari жана Opera.
ДОМЕН АТАЛЫШТАР: Браузерлердеги интернет баракчалардын аталышы бир нече сандан турат. Колдонуучуларга санга караганда тамга менен издөө жеңил болгондуктан домен аталыштар ойлонуп табылган. Издөө системине аталышты жазганда ал дароо эле компьютердин тилине, башкача айтканда, автоматтык түрдө сандарга алмашат да, серверге же хост-компьютерге (ар кандай көлөмдөгү папкаларды сактаган компьютер) жөнөтүлөт. Ал эми сандык аталыш IP дарек деп аталат.
ИНТЕРНЕТ КАНТИП ИШТЕЙТ?
Интернетке туташуу зымдуу жана зымсыз (спутник) болуп бөлүнөт. Дүйнөлүк интернет тармагынын каркасы – кубаттуулугу күчтүү хост-компьютерлерден турат. Алар күнү-түнү тынымсыз маалымат алмашууну камсыздайт. Хост-компьютерлер телефон, оптикалык була, кабель жана зымсыз (спутник) каналдар менен өз ара байланышта болот. Компьютерде, ноутбукта, лаптопто, планшетте жана уюлдук телефондо атайын браузерлер бар. Каалаган браузерге кирип, издеп жаткан маалыматтын дарегин жазабыз. Жазылган шилтеме провайдерге (интернет кызматын көрсөтүүчү) барат. Ал эми провайдер суралган маалыматтын дарегин серверге жөнөтөт. Сервер сакталган файлдардан изделген маалыматты алып, кайрадан провайдерге жөнөтөт. Провайдер браузерге жиберет. Ошентип браузер биз издеген маалыматты текст, видео жана фото түрүндө берет. Демек, бир же бир нече маалыматтардын компьютерде сакталып, провайдер жана браузер аркылуу берилиши интернет экен.
ИНТЕРНЕТ КЫРГЫЗСТАНДА
Кыргызстанга интернет 1995-жылдан тартып келе баштаган. Интернеттин 90 пайызын казакстандык 4 ири провайдерлер Орусиядан Кыргызстанга түз алып берет. Эскерте кетсек, казак провайдерлери сентябрь айында дүйнөлүк желе үчүн бааны 2-3 эсе кымбаттаткан. Бийликтин кийлигишүүсү менен интернет трафиктин баасы төмөндөтүлдү. Ошондой эле кыргызстандык интернет колдонуучулардын 32 пайызы жумасына 3-4 саат интернетте отурушса, 22 пайызы бир жумада 5-6 саат, 8 пайызы бир күндө 6 сааттан ашык убакытты интернет баракчаларын барактоо менен өткөрүшөт. Кээ бир маалыматтарга караганда, учурда дүйнө жүзүндөгү интернет колдонуучулардын 10 пайызы интернетке көз каранды болуп калган.
Бүгүнкү күндө жер планетасынын 3 миллиарддан ашуун жашоочулары интернет кызматын пайдаланат. Алардын 2,4 миллиарды уюлдук телефон аркылуу интернетке туташкан.
Дүйнө жүзү боюнча «Интернет ачкычы» 7 гана адамда бар. Бул сыр тамгалары бар электрондук карта. Глобалдык хакерлердин кол салуусуна дуушар болгондо АКШнын аскердик базасына билдирүү келет. Ал жерден ачкыч ишке кирип, бүткүл дүйнөлүк интернет тармагы өчүрүлөт.
Интернет пайда болгон күндөн тартып 5 жыл ичинде 50 миллион адам колдонгон. Мындай аудиторияга жетүү үчүн телефондор – 75 жыл, радио – 38 жыл, телевидение – 13 жылда, ал эми Angry Birds оюну 35 күндө популярдуу болууга жетишкен.
КЕЛЕЧЕКТЕ ИНТЕРНЕТТИ АБАДАН АЛАБЫЗБЫ?GOOGLE X компаниясынын масштабдуу долбоорлорунун бири – жер планетасын аба шарлары менен курчап, интернетке жеткиликтүү туташууну камсыз кылуу. Аба шарлары жерден 20 чакырым бийиктикте учуп, күндүн нурунан кубат алышат. Жыйынтыгында интернетти ошол шарлар аркылуу алууга болот. Ал эми 2013-жылы компания Project Loon деп аталган гиганттык шарларды абага учурган. Аба шарлары атмосферада 80 күнгө чейин калкып, интернетти берүү жөндөмдүүлүгү секундасына 25 мегабитти түзгөн.
Учурда компания SkyBender долбоорунун үстүндө иштеп жатат. Максаты – миллиметрдик диапазондогу радиотолкунду колдонуу менен жер планетасына секундасына бир нече гигабитке жеткен интернетти таркатуу. Бул долбоор АКШнын Федералдык комиссиясынан 2016-жылы эксперимент жүргүзүүгө уруксат алган. Азырынча компания зымсыз интернет менен канчанчы жылы камсыз кылары белгисиз.
Бактыгүл Момбекова
koom@super.kg